Айбат » Карамолдо Орозов – Кыргыздын алп комузчусу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Карамолдо Орозов – Кыргыздын алп комузчусу

Карамолдо Орозов2

Карамолдо ОрозовКомузчулардан таптакыр башкача. Башкачалыгы-ар бир күүсү өзүнчө бир тең эч бир комузчу жетпейт, тең келбейт. Күүлөрүндө кыргыз элинин өткөндөгү турмушу, кайгысы, күйүтү, кубанычы, меймандостугу жана башка жактары баяндалган. Биз поэзиядагы турмушка терең кирүү жагынан Токтогулга жете албай жаткан сыяктуу эле, композиторлор дагы азыркы турмушка музыкасы менен терең кирүү жагынан али Карамолдого жетише элек.

Карамолдо Орозов 1883 жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Корумду деген кыштакта туулган. Интернеттеги маалымат булактары боюнча Карамолдо Орозовдун туулган күнү 17 ноябрь.

Карамолдонун өзүнүн ата-энесинин койгон аты Токтомамбет болгон. Атасы ошол кездеги өтө түшүнүктүү прогрессчил адам болгондуктан, Токтомамбетти айылдык медресеге киргизип окутат, анда бала беш жылдай билим алып арабча жазганды үйрөнөт. Кат тааныгандыктан, арабча окуп, жаза билгендиктен ага айылдаштары Карамолдо деп жасалма ат коюп алышкан. Өмүрүнүн акырына чейин ушул ат менен таанымал болгон.

Комузду черткенди атасы Ороздон үйрөнгөн. Карамолдонун кесипкөй комузчу болуп өнүгүшүнө ошол кезде Ысык-Көлдө, Нарында аты чыгып жүргөн Чынгышбай, Бурулча, Байгабыл, Абак, Боккөтөн, Майлыбай, Кудайберген деген музыканттар менен жолугушуп, алардын комузчулук өнөрүнөн таалим алышы өбөлгө болгон. Карамолдо Орозов Октябрь революциясына чейинки турмушунда мыкты комузчулардын мелдешүүсүнө эки жолу катышкандыгы тууралуу маалымат бар. Анын биринчиси Байгабыл деген комузчу менен, экинчиси Муратаалы Күрөңкөев менен беттешүүдө өткөн. Карамолдонун жеңиши менен бүткөн бул эки музыкалык ат салышуу жаш комузчунун чыгармачылык өсүшү үчүн эң маанилүү жана чечүүчү ролду ойногон. Анысынан да жеңиштен кийин ага Муратаалы залкардын берген жолдомо сөзү менен бирге батасы чоң таалим, таасир эткен.

Карамолдо Орозов жаш кезинде эле чебер комузчу болуп таанылган. 1928-жылы кыргыз эл музыкасын нотага түшүрүү үчүн Касым Тыныстанов баш болгон Эл агартуу комиссариаттын кызматкерлери тарабынан А. Затаевич чакыртылып келгенде Карамолдо Ысык-Көлдөн атайын алынып келинген. Затаевич Карамолдонун аткаруусундагы 29 комуз күүсүн жазган.

Аткаруучулук стиль жагына келгенде, Карамолдо башка, өзүндөй залкар комузчулардан таасын айырмаланып турган, деп Затаевич белгилеген. “Дайыма жана бардык жерде токтоолукту, сабырдуулукту өзгөртүүсүз сактайт, кээде гана анын аткаруусунда ичте катылып жаткан чоң темперамент жана арбаң-тарбаң кол шилтөөнүн илеби сезилип турат, алар анын эң мыкты техникасы кандай гана ойноо кыйынчылыктары болбосун оңой эле жеңүүгө мүмкүндүк берет” – деп жазган фольклор таануучу А.Затаевич.

Карамолдо комуздун регистрдик жана тембрдик каражаттарын кеңдик, эффектүүлүк менен колдонгондуктан чакан камералык аспаптан, өзүнүн көркөмдүк– техникалык мүмкүнчүлүгүнүн чегинде универсалдык динамикалык аспаптын деңгээлине чейин көтөрүлгөн. Анткени, комуз чертүүнүн аткаруучулук мүмкүнчүлүктөрү даана кеңейген. Орозовдун аспабы тембринин кооздугу жагынан теңдеши жок, добушунун жаңырышы жагынан айрыкча дааналыгы менен айырмаланган. Ал өзүнүн комузунда зор жигердүүлүк менен “Сынган бугу”, “Ибарат”, “Терме Камбаркан” ж.б. классикалык залкар күүлөрдү ойноп тасмага жаздырган. Улуу комузчунун замандаштары ал абдан таза, так жана тышкы дене кыймыл каражаттарын колдонбой терең ой токтотуучулук менен чертчү деп эскеришет.

Карамолдонун эстөө жана угуу сезимталдыгы күчтүү болгон. Ал жөнүндө Кыргыз филармониянын музыканты, Кыргыз Республикасынын эл артисти Ж.Кыпчаков мындай деп эскерет: “1958 жылы кыргыз эл ырчылары менен аспапчыларын тасмага жазуу үчүн Москвадан адистер келди. Карамолдонун күүлөрүн жазып жатканда иш күн аяктап калды, бирок жазылып бүткөндө дубль деген кошумча көчүрмө жасап коюш керек экен. Ишти эртеси уланталы деп чечишти, бирок эртеңки күнү Карамолдо мурунку тональностон чыгып кетет го деп чочулашты. Бир күндөн кийин Москвадан келген адистер комузчунун мурункудагыдай тональносто таптак ойноп бергенине ушунчалык таң калышты”.

Эмгек жолдору

К.Орозов 1931 жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрында комузчулук өнөрүн улантып аткаруучу катары да, күү чыгаруучу автор катары да эмгектенди.

1935 жылы – Кыргыз АССРинин эл артисти деген мамлекеттик ардак наамга татыктуу болгон.

1936 жылы – филармония ачылганда Кыргыз эл аспаптар оркестринин комузчу солисти болуп иштеди.

Москвада өткөн эки жолку (1939 жана 1958 жылдары) Кыргыз искусствосунун жана адабиятынын декадаларына катышкан.

1939 жылы – Москвада өткөн Бүткүл союздук элдик аспаптардын аткаруучулардын сынагында экинчи сыйлыкка ээ болгон.

1939 жылы – элдик музыка боюнча биринчилерден болуп СССР композиторлор союзуна мүчө болуп кирген.

1940–1941 жылдары – Москвада СССР композиторлор союзунун алдындагы обончулардын курсунда стажировкадан өткөн.

Кыргыз искусствосунун (1939), Москвада өткөн он күндүктөрүнө, 1942-44-ж. Орто Азия республикасынын жана Казакстандын Фрунзеде, Ташкенде өткөн музыкалык декадасына катышкан.

Согуш мезгилинде жана согуштан кийин Карамолдо кесиптештери менен гастролдорго барып колхоз-совхоздорго, айыл–шаарларда концерттерге чыгып турган.

1958-жылы көзү өткөнгө чейин Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргызстан мамлекеттик музыкалык окуу жайынын комуз бөлүмүндө сабак берип, кийин белгилүү музыкант болушкан Чалагыз Исабаев, Бейшеке Жандаров, Чоро Кожомжаров, Тукан Молдогазиевдерге устат болгон.

Кыргызстан композиторлор уюмунда сакталып турган өздүк ишинде жазылып тургандай, 23 комуз күүсүнүн автору болгон. 1977 жылы чыккан Б.Алагушов менен Т.Медетовдун “Карамолдонун күүлөрү” деген китебинде 23 күүсү ноталары жана түшүндүрмөлөрү менен жарыяланган.

Улуу комузчунун репертуары өзүнүн аткаруусунда өз учурунда Москванын жана Кыргызстандын радиофондусуна жазылган.

Карамолдонун көп күүлөрү бир нече симфониялык жана опералык чыгармаларга, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эл аспаптар оркестринин репертуарына негиз болуп кирди. Асанкан Жумакматов “Ибарат”, “Сынган бугу”, “Көкөй кести” сыяктуу күүлөрүн эл аспаптар оркестри үчүн иштеп чыкты.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Эмгек Кызыл Туу, эки “Ардак Белгиси” ордени жана медалдар менен сыйланган.

1961-ж. 25-февралында Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтому боюнча Кыргыз мамлекеттик  Т. Сатылганов атындагы Эмгек Кызыл Туу ордендүү Кыргыз мамлекеттик Филармониясынын Эл аспаптар оркестрине жана Нарын шаарындагы музыкалык мектепке , Корумду айылындагы орто мектепке, көчөгө ысымы берилген. Музыка изилдөөчү Б.Алагушов мектепке Карамолдонун музейин ачкан, «Карамолдо» (1962ж) «Карамолдонун күүлөрү» (1977ж) аттуу китептерди жазган.

 

КАРАМОЛДО ЗАМАНДАШТАРЫНЫН ЭСКЕРҮҮЛӨРҮНДӨ

Эл артисти, алп жомокчу жана манасчы Саякбай Каралаев:

- Молдокемдин жашы улуу болсо да, жаныбыз бирге эле. Молдокемдин комузунун үнү да башка шайырлардын аспаптарына таптакыр окшошпогон кош добуштуу, өткөрө коңур, өзгөчө мукамдуу эле. Анткени, ал аспабынын кылдарын басканда беш манжасынан беш бөлөк, не бир кубулжуган добуш чыкчу. Мен алтымыштын ашсам да, Молдокемдей комуздун тилин билип, күүнүн кереметин тапкан шайырды жолуктура албадым

 

Эл акыны Байдылда Сарногоев:

Бөжүгөн бөксө тоодо, кара жолдо,

Бөжүгөн өрдө, белде, талаа, жондо,

Суу куюп чыны койсо соорусуна,

Чайпалып-чачылбаган ара жолго…

Жоргого салыштырсак Молдокемди,

Эмесе ошол жорго – Карамолдо!

Колдору колбу же бир кереметпи?

Болбосо кайдан чыгат керемет күү?!

Үч кылды үч булбулдай тааныштырып,

Уюткан уккан элди, тегеректи…

Болбосо боз торгойбу ободогу.

Бою эргип, кош канатын элеп өтчү?!

Байыртан жылдар жылып, болуп кылым,

Баркталган комузчусу комузчунун.

Баа берип, бардыгын тең таразалап,

Айтсак биз акыйкаттап, толук-чынын,

Алп экен ар кимиси өз алдынча,

Аа, бирок Карамолдо болуш кыйын!»

 

Музыка иликтөөчү Александр Викторович Затаевич:

- Мен өзүм Карамолдонун кенен репертуарындагы «Койчулардын коңур күүсүн» эң бир мыкты номер деп эсептээр элем. Күүдө карапайым айыл тематикасынын сулуулугу, гармония менен үндөштүгү, баарынан да таң калычтуусу – формасынын компакттуулугу, оригиналдуу аякташы эң сонун. Мына ушул күүсү менен гана Орозовдун жөнөкөй ысымы Советтер Союзунун элдеринин музыкалык жылнаамасына киргени менен сыймыктана алмакчы, – деген.

 

Эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев:

- Чыгармаларымдын ичинен айрыкча «Акындар» аттуу портретим өзүмө өтө кымбат жана өзгөчө баалуу деп эсептейм. Портретимде Молдокемдин токтоо кулк-мүнөзүн, терең ойчулдугун, тунуктугун, адамгерчиликтүү асыл сапатын, бүткүл турпатын турмушунда кандай болсо дал өзүндөй, көрүүчүлөр көргөндө эле анын улуу комузчу экенин дароо туйгандай, сезгендей устаттыкта берүүгө умтулдум. Молдокемди өз учурунда этюд кылып да тарткам. Молдокем комузду черткенде капкагын какпай, күүлөрүнүн кайрыктарын бири-бирине аралаштырбай таза, так кайрып, кулактын курчун кандырып, жүрөгүңдү албыртып чертчү. Эми ойлосом, Молдокем бу дүйнөгө бир гана келип кеткен, экинчи кайталангыс, жаралгыс айкөл талант, асыл адам турбайбы?

 

Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов:

- Карамолдо Орозов шекилдүү тубаса генийлер өзүнчө бир эки замандын кошулуп турган чегинде албырттап күйүп турган түбөлүк от сыяктанат. Мен муну менен эмнени айтмакчымын? Биздин маданият канчалык өнүгүп, профессионалдык деңгээлге канчалык чыкпасын, Карамолдо сыяктуу элдик композитор – бул бир түгөнгүс улуттук маданият, эң оболу улуттук музыка үчүн түгөнбөгөн кенч, булак болуп кала бермекчи, – деген баасын берген.

 

Карамолдонун  күүлөрүнүн тизмеси:

• “Айда ботой”

• “Ал сабак” (1917)

• “Анжиян калкы”

• “Арман күү”

• “Атчандар шыңгырамасы”

• “Бешик күү”

• “Декада”

• “Дүнүйө”

• “Ибарат” (1905-1909)

• “Жаа толгоо” (1909-1911)

• “Жаңы доор” (1945-1949)

• “Жаш кербез” (1914-1915)

• “Жетекчибиз Ленин” (1921-1924)

• “Жөө калды”

• “Жумалык ботой”

• “Кайра чап” / “Кайра качпа” (1912-1922)

• “Каныкейдин арманы”

• “Кара өзгөй”

• “Карылык”

• “Келиндердин кер толгоо”

• “Койчулардын коңур күү”

• “Колхоз багы” (1939-1942)

• “Колхоз камбарканы” (1930-1931)

• “Колхоз куралы”

• “Коммунизм таңы” (1949-1953)

• “Көкөй кести” (1915-1916)

• “Кубаныч”

• “Кызыл чок” (1918-1919)

• “Мас күйөө”

• “Насыйкат” / “Кеңеш же Насыйкат” (1901-1903)

• “Ой, селки”

• “Сал моюн” / “Сал моюнга” (1929)

• “Сыздат”

• “Сынгын бугу” (1916-1917)

• “Такмаза” (1903-1905)

• “Терим күү” / “Терим күүсү” (1942-1945)

• “Терме камбаркан”

• “Үч коо”

• “Чар жайыт ботой” / “Чар жайыт” (1924-1927)

• “Чоң камбаркан” (1901)

• “Чоң кербез” (1911-1914)

• “Шайыр камбаркан”

• “Эл тилеги тынчтык” / “Эл жыргалы тынчтык”

 

Канат Кебеков

Айбат гезити №94



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru