Айбат » Оппозициянын “жолбун иттери” ар кайсыл социалдык түйүндөрдө “үрүп” атышат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Оппозициянын “жолбун иттери” ар кайсыл социалдык түйүндөрдө “үрүп” атышат

ТролльКыргыз элинде “Сынчынын сыңар өтүгү майрык” деген кеп бар. Анын сыңары бийликти сындап “иштебей атат” деп аткандардын бардыгы акыркы учурларда конкреттүү кемчиликтерди таба алышпай, адамдык абийирден төмөнкү деңгээлге түшүп калышты.

Ачыгын айтканда, андай саясатчылар мамлекетибиздин гүлдөп, өнүгүп кетишин деле чын дилдеринен каалап турушкан жок. Башкача айтканда “Кыргызстанга эмне болсо да мага чын жүрөгүмдөн баары бир” деген саясатчылар экендигин өздөрүнүн кадамдары менен тастыктап көрсөтүштү. Ар кандай башаламандыктарды жасаганга аракет кылышты. Эми анын баарын бирден кайталап санап отуруштун кажети жок. Анан аргалары кеткен алар өздөрүнүн акырынан “жем жеген” интернет-“дүжүрлөрүнө” учурда Ысык-Көл кылаасында өтүп аткан “Көчмөндөр оюндарын” сынга алуу буйругун беришиптир.

Кантип тийишерин билбеген “дүжүрлөр” социалдык түйүндөр аркылуу президент Алмазбек Атамбаевдин “Көчмөндөр оюндарынын” ачылышында сүйлөгөн сөзүнө, ал гана эмес кийип турган костюмуна чейин асылып чыгышты. Айтор оппозиция “фас” дегенде бул жазмакерлер кадимки балтек итттердей “аф-афалап” турушу керек болгону көрүнүп эле турат. Маселен, имиш кептерден кулагы, аны жазуудан колу бошобогон бир жазмакер “Президент спортчулардын арты менен өзүн пиар кылып атат, ага эмнеге кол чаап атышат?” деп ичи тартыла түшкөнүн баяндаптыр. Биринчиден, бул ачык эле көралбастык, болгондо да кыргыз элинде, кыргыз жеринде өтүп аткан дүйнөлүк деңгээлдеги оюн-зооктун жогорку деңгээлде өтүп атканын көралбастык.

Алардын ою боюнча Кыргызстан мындай иш-чараны өз деңгээлинде өткөрө албай уят болуп калышы керек эле. Күткөндөрү ушул болчу. Бул деген ачык эле кыргыз элине, мамлекетине душмандык каалоо экендигин айтып коелу. Ичтен чыккан ийри жыландар ушулар. Алар айтып жаткандай президент спортчулардын арты менен өзүн пиар кылып жаткан жери жок. Тескерисинче, башка мамлекеттерге өзүнүн кадырын салып атып, дүйнөдө биринчи жолу өтүп турган “Көчмөндөр оюндарын” Кыргызстанда өткөрүп атат. Анын арты менен элибиздин унутулуп бараткан, баркталбай калган улуттук оюндары кайрадан жанданып, дүйнө коомчулугуна таанылууда.

Экинчиден, бул оюн-зоок Кыргызстандын атын кеңири таанытып, туризмдин өнүгүшүнө зор салым кошуп атат. Ал эми кийип жүргөн костюмуна асылып калган жазмакерге эмне дейт элек? Чытырап тээп чыккан курсактан көрө, “элим” деп согуп турган жүрөк артык экендигин билип алсаңыз жакшы болмок.

Демек, оппозициянын “дүжүрлөрү” жолбун иттердей болуп, ар кайсыл социалдык түйүндөн үрүп чыга бербей, мамлекетибизди оңдоо үчүн салымыңыздарды кошуңуздар дейт элек.

Айбат гезити №95



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru