Айбат » Алтынды саткан «эргулдун» көксөөсү качан канат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Алтынды саткан «эргулдун» көксөөсү качан канат?

Дастан СарыгуловАскар Акаевдин убагында «Кыргызалтын» ишканасын башкарып, ошол кездеги режимдин башкы идеологу саналган Дастан Сарыгулов аттуу агабыз бар. Дастан агабыз карыганда жөн карыбай, саясатка активдүү киришкени. Ал 6-сентябрда борбордогу «Достук» мейманканасында «Кумтөр» маселесин талкуулаган жыйын өткөрүптүр. «Курултайга» экс-спикер Мукар Чолпонбаев жана анын «соратницасы» Ыргалай Бекмуратова, укук коргоочу Акин Токталиев сындуу «лөктөр» катышып, «Кумтөр» элдики болуш керек!» деп айтыла берип ашмалтайын чыккан ураан-чакырыктарын ташташыптыр. Башкасы го башка, бирок убагында «Кумтөр» канадалыктарга кетип жатканда «лам» деп ооз ачпаган Сарыгуловдун түштөн кийин күйүмүш эткени аргасыздан алакан жайдырат.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №95




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru