Айбат » Ш.Атаханов кызматтан гениалдуу бизнес үчүн кетти беле?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Ш.Атаханов кызматтан гениалдуу бизнес үчүн кетти беле?

Ш.АтахановАйтылуу «Замандаш» ассоциациясы кечээ жакында ажого ачык кат жазды, дейт «Де-факто» гезити 14-июндагы санында.

Гезит билдиргендей, анда эмгек мигранттарынын социалдык жана пенсиялык камсыздоо боюнча өкмөттүн атайын программасы тууралуу айтылат. Өкмөт токуган ал токтом боюнча эми эмгек мигранттардын пенсиялык камсыздоо ишин Кыргызстандын жана Орусиянын жеке менчик компаниялары ишке ашырат экен. Бул ачыктан ачык эле алдоо, эмгек мигранттарын сызга отургузуу. Бул жеке менчик компаниялардын гениалдуу идеясы экенин орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. Жеке менчик пенсиялык фонд кыргызстандык мигранттардын эсебинен алдыңкы 5 жыл ичинде кирешесин 3 млрд рублдан 30 млрд рублга чыгарып, эң ири пенсиялык фондго айланарын жазышат.

«Биздин укканыбызга караганда бул бизнес идеяны ишке ашырууга Кыргызстан тараптан экс-вице-премьер Ш.Атаханов аракетти катуу көрсө, Москва жактан экс-жердешибиз Б.Силаев кызыкдар экен», – дейт гезит.

Булак : De-факто



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru