Айбат » Шайлообек Дүйшеев: “Бириктиргич кудурети менен күчтүү”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Шайлообек Дүйшеев: “Бириктиргич кудурети менен күчтүү”

Садык Шер Нияз“Курманжан датка” фильми бүгүнкү өзгөргөн доордун фильми. Канча кылымдардан бери карай ар бир уруу кокту-коктуга бөлүнүп, кокту-коктуга туусун сайып, кокту-колоттун саясатын жүргүзүп, бири-бири менен ынтымакка, ыркка келе албай, мунун кесепетинен мамлекетин түзө албай келаткан, мамлекет түзсө анысын туш-тараптан тытып-жеп, талап-тоноп келаткан кыргыз урпактары үчүн чоң сабак боло турган фильм. Буга чейинки маданият үчүн жасап келген иштери, өзгөчө ушул тасмасы менен аты мурдагыдан да мактаныч менен даңазалана турган белгилүү маданият ишмери, кинонун автору Садык Шернияз “Курманжан датка” көркөм тасмасы аркылуу ой–туюму күчтүү, улуттук кыртышы бекем, эпикалык масштабда ой калчай алган, эми мындан ары көркөм дүйнөнүн кең ааламын көздөй ишенимдүү кадам шилтей берсе боло турганын далилдеген, эпикалык масштабдагы чоң художник катары таанылды десек болот.

“Курманжан даткадагы” айрым тарыхый фактылардын ойлогондон башкача берилиши кээ бирөөлөрдүн талаш-тартышын туудурушу ыктымал. Бирок улуттук кызыкчылыктан туруп караганда ал өзүн өзү эки эсе актай алгандыгы менен маанилүү. Маселен Алымбек датканын Алымкул (кыргыз) колдуу болбой, Кокон хандыгынын колу менен башы алынганы ушуну каңкуулайт. Бул эң туура болгон.

Балким башка режиссер башка сценарий менен тартмак. Бул боюнча да талашса болор. Жаш болсо да кинонун сценарийин жазган Бакыт Турдубаевдин эмгегин бөтөнчө белгилеп кетсек болот.

Акырында тасманын Башкы проюдсери, канча жылдардан бери “Курманжан датка” деп элдин арасында да, сессия да какшап келаткан эл депутаты Жылдыз Жолдошеванын кеңешчилик эмгегин да баса белгилеп кетүү керек.

Кыскасы “Курманжан датка” фильмин дүйнөгө алып чыккан чыгармачыл топ улуттук кино өнөрү үчүн эле эмес, кыргыз эли үчүн өтө чоң иш жасады. Тасманын кудурети–бүгүнкү доордо калкынын саны боюнча бизден да көп элдердин Жер шарынан Мекен табалбай кырылып-сүрүлүп, өз элинин урпактарына Ата-Энеден да кымбат Жер калтыра албай жүрөгү сыздап жүргөн чагында, биздин ата-бабаларыбыз мураска калтырып кеткен бейиштей жерибизде Элдин, Жердин баркын сезбей келаткан кыргыздын Ата Мекен деген кандай болоруна, Мамлекет деген кандай болоруна, Улут деген кандай болоруна көзүн чоң ача турган күчүндө. Азыр ушундан улуу нерсе барбы?

Садык Шернияз иним, Жылдыз карындашым, Бакыт иним, силерге чоң ыракмат!

Айбат гезити №95




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru