Айбат » Саякбай Каралаев – манасчы, жомокчу, XX кылымдын Гомери

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Саякбай Каралаев – манасчы, жомокчу, XX кылымдын Гомери

Чыңгыз Айтматолв жана Саякбай Каралаев«Манас» эпосун, дегеле элдик дастандарды айткандарды мурда жомокчу, улуу жомокчу деп ардактап күтүп, талантына жараша сый-урмат көрсөтүлгөн. Манасты Теңирге тете туткан кыргыз баласы Айкөлдүн ысымын айтуудан да тартынып, ыйбаа сезимдеги мамилени туу тутуп келген, алп манасчы  «XX кылымдын Гомери »  Саякбай Каралаевдин  өмүр чыгармачылыгы.

С.Каралаевдин  айтуусунда  500 миңден ашык сап ыр кагазга, нечен миңдеген метр магнитофон тасмага жазылып алынганы кыргыз рухунун зор маданий казынасынын уюткусу болуп калды.

С.Каралаев «Манасты» Фин-ляндияда, Москвада кыргыз элинин оозеки тагдырын отузга жакын ыргак, кыраат үндө аткаруу менен «жалгыз актердун театры» деген дүйнөлүк түшүнүктү даана тастыктаган. Манасчынын өнөрүнө маашырланган чет өлкөлүк кайсы бир жазуучу Ч.Айтматовго: «Бул адам мени таңдантты. Кыргыздардын оозеки китепканасы бар экендигине ынандым» дегени эбак аңыз кепке айланган.

Саякбай КаралаевСаякбай Каралаев Тоң районунун Семиз-Бел айылында 1894-жылдын 7-сентябрында туулган. 1917-жылы Кызыл гвардиячылар отрядына өз ыктыяры менен кошулуп, Кызыл Армия менен бирдикте Сибирде, Алма-Атада, Бухарада Советтик бийликти коргогон. 1921-1931-жж. Каракол районундагы Маман жана Ырдык айылдык кеңешинин башкармасы болуп иштеген. 1930-жылы С.Каралаевди Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын тил жана адабият ИИИсине иштөө үчүн чакырышкан. Анын айтуусу боюнча “Манас” эпосун жазып алышкан. 1936-жылы аны Кыргыз Мамлекеттик филармониясына «Манас» айтуучу катарында кабыл алышкан.

Саякбай КаралаевМанасчылык таланты анын балалык кезинде чоң апасы Дакиштин таасири астында ойгонгон. 1918-жылдан С.Каралаев «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү өз алдынча айта баштаган. 1924-жылы ал белгилүү манасчы Чоюке Өмүров менен жолугуп, бир нече жылдар ичинде андан «Манас» эпосун айтууну үйрөнгөн. С.Каралаев өзүнүн эскерүүлөрүндө белгилүү манасчы Акылбек жөнүндө дагы өзүнүн устаты катары эскерген. 1930-жылдан көрүнүктүү манасчы болуп эсептелген.

1935-жылдан Каралаевдин толук варианты боюнча «Манас» эпосун жазуу иши башталып, 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, кийин «Семетей», «Сейтек» жазылып алынган. Мурда белгисиз болгон Кенендин, Алымсарыктын жана Кулансарыктын окуялары эпостун уландысы болгон. «Манас» эпосунун бул вариантынын жалпы көлөмү 500553 ыр саптарын түзгөн. Дүйнө элдеринин эпостору менен салыштырганда көлөмү боюнча Гомердин «Илиада» жана «Одиссеясынан» 20 эсе, «Шахнамеден» 5 эсе, «Махабхаратадан» 2 эсе чоң.

С.Каралаев «Манас» эпосун бир нече айлар бою үзгүлтүксүз аткара алган. Аны XX кылымдын Гомери деп аташкан.

С.Каралаевдин айтуусунда «Эр Төштүк» эпосу жазылып алынып, 1938-жылы кыргыз тилинде, ал эми 1958-жылы орус тилинде өзүнчө китеп болуп чыккан. Ал тарабынан жомок, поэма, аңгеме түрүндөгү бир катар оригиналдуу чыгармалар жаралган жана өзүнчө басылып чыккан.

1938-жылдан СССР Жазуучулар союзунунун мүчөсү.

1939-жылдан Кыргыз ССРинин Эл артисти.

Үч жолу «Эмгек Кызыл Туу» ордендери, «Ардак белгиси» медалы, Ардак грамоталар менен сыйланган.

 

Саякбай Каралаев

«Манас» айтуу талантты

С.Каралаев да «Манаска» дилгир болуп жүргөн кезинде башка манасчылардай эле «кереметтүү түш көрүү» салтынан четте калбаптыр. Ал мындайча: «1916-жылы Орто-Токой тараптан келе жатып, мурдагы көрүп жүргөн чоң кара таштын ордуна ак боз үй тигилип калганына таңыркап турса, кандайдыр бир ачуу кыйкырык чыгат да эси ооп жыгылат. Саякбай ошол абалында үйгө кирип, Каныкей сунган аяктан даам ооз тийип, сырттан Бакайга жолугат. Ал: «Казатка бараттык эле, Манас сага бер деген күлазыкты берейин» деп, оозун ачтырып бир нерсе берип, өзү Бакай экенин айтып, Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргакты бирден сыпаттап тааныштырат. Мына ушул аян берген «кереметтүү түш» жаш жигитке демөөр берип, биротоло чыгармачылыкка дем байлайт. Буга чейин эле өз алдынча кыйналып буулугуп жүргөнүн байкаган тууганы Саадабай Саякбайды Кочкорго ээрчитип барып, эл алдына айттырып жолун ачат. Бара-бара «Манаска» баш-оту менен кирип кетишине устаты Чоюкени ээрчип жүрүп (1924-ж.) эпостун текстин толук өздөштүрүшү да себеп болот. 1930-жылы жетилген манасчы катары коомчулукка таанылат. 30-жылдары эл арасынан оозеки чыгармалардын үлгүлөрүн чогултуу маселеси көтөрүлгөндө ошонун шарапаты менен профессор К.Карасаев 1931жылы табат. (С.Каралаев жөнүндө Сары-Камыштык Кайдуу деген адам ага төмөнкүдөй кабарлайт: «Ошол кишинин аты Саякбай Карала уулу. Ал илгерки Чоюкеден үйрөнгөн. Өзү далайды башынан өткөргөн жигит. …Ошол Саякбай «Тайторуну чапкан жерин» укмуштуу айтат («Семетейден» А.Ж.). Тегеле эч бир манасчы Саякбайдай айта алган эмес. «…Саякбай «Чоң казаттан» («Манас» А.Ж.) да бир топ жакшы айтат. Эмики калган манасчы эле көл башында ошол». Бул ошо кезде эле бир топ даражага көтөрүлүп калган талантка берилген акыйкат баа, кагазга катталган алгачкы (эл өкүлү тарабынан айтылган) сын пикир болгон. Демек, С. Каралаев өзүнө чейинки чоң манасчылардын салтын түз жана кыйыр түрдө болсо да өздөштүрүп, өркүндөтүп бизге жеткирген зор талант. Анын варианты шарттуу түрдө үчилтик («Манас», «Семетей», «Сейтек») аталганы менен Манас баатырдын акыркы тукумдары Кенен, Алымсарык, Кулансарыктар жөнүндө да айтымдары бар. Ушул вариант аркылуу «Манасты» эпикалык жанрдын бардык эволюциялык жолун басып өткөн классикалык формадагы «тарыхый-баатырдык эпопея» деп билебиз.

 

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде

• Эркин таңында: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1929. – 34 б.

• Төштүк: Эпос.– Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1938. – 386 б.

• Каныкейдин жомогу. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 108 б.

• Каныкейдин Тайторуну чапканы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 154 б.

• Бүркүттөр: Мектеп балдары үчүн. – Ф. Кыргызмамбас, 1952. – 60 б.

• Канаттуу куштар. – Ф.: Кыргыз-
окуупедмамбас, 1955. – 128 б.

• Унутулгус күндөр: Жети-Суудагы граждандык согуштан эстеликтер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955.–136 б.

• Эр Төштүк. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 356 б.

• Делдеш баатыр: Жомок. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 88 б.

• Канаттуу куштар. – Ф.: Кыргыз-
окуупедмамбас, 1955. – 128 б.

• Томор мерген: Ыр менен жазылган жомок. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 75 б.

• Эстен кетпейт: Проза жана ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 109 б.

• Эр Төштүк: Баатырдык поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958 – 385 б.

• Азапты көп көргөн Кубат. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 76 б.

• Манас: Биринчи бөлүк I китеп, (С.Каралаев, С.Орозбекова, М.Мусулманкулов, ж.б. варианты боюнча). – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 302 б.

• I том. 1958. – 301 б.

• II том. 1959. – 317 б.

• Семетей: “Манас” эпосунун экинчи бөлүгү. 3 китеп. (С.Каралаев, Тоголок Молдо, Ш.Рысмендеевдин варианты боюнча). – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 323 б.

• Молдо баатыр: Поэма. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 110 б.

• Бакытай балбан: Эл жомогунан. – Ф.:Кыргызмамбас, 1961. – 85 б.

• Карамолдо: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 80 б.

• Тайтору: “Манас” эпосунан үзүндү. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. – 120 б.

• Бүркүт жөнүндө аңгеме. – Ф.: Кыргызстан, 1964. – 44 б.

• Тулпарлар. – Ф.: Мектеп, 1965. – 59 б.

• Баатырлар, айымдар. – Ф.: Мектеп, 1967. – 106 б.

• Унутулгус күндөр: Эстеликтер. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 184 б.

• Эр Төштүк. – Ф.: Мектеп, 1969. – 331 б.

• Баатырлар, айымдар. – Ф.: Мектеп, 1969. – 104 б.

• Семетейдин балалык чагы. – Ф.: Мектеп, 1970. – 67 б.

• Тулпарлар: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1978. – 58 б.

• Тулпарлар: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1982. – 60 б.

• Каныкейдин Тайторуну чапканы: «Манас» эпосунан. – Ф.: Мектеп, 1986. –76 б.

• Манас: Эпос. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 264 б.

• Семетей: Эпос. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 286 б.

• Баатырлар: Эпостон үзүндүлөр. – Ф.: Мектеп, 1988. – 56 б.

• Манас: Эпос. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 264 б.

• Семетей: Эпос. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 286 б.

• Тайтору: Семетей эпосунан, 4- басылышы. – Б. Шам, 1995. – 40 б.

• Тулпарлар: Ырлар. 4-басылышы. – Б.: Шам, 1995. – 60 б.

Орус тилинде

• Эр Тоштук. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 210 с.

• Золотой звонок. – М.: Детгиз, 1959. – 94 с.

 

Канат Кебеков

Айбат гезити №95



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru