Айбат » Дүйнөдөгү эң жаман 10 абак

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Дүйнөдөгү эң жаман 10 абак

011. Диярбакыр абагы

Турциянын түштүк чыгышында жайгашкан Диябакыр абагы 1980-жылдары курулган.  Ошондон тартып  бул абак Турциянын эң оор кылымышкерлерин кабыл алган.  Бул абак  физикалык кыйнноо менен гана  эмес , дагы психикалык жактан кыйноо менен да таанымал болуп саналат.

Абак эки секцияга бөлүнөт.  1 “Е”  744 эркинен ажыратылгандар отурат.  2 “D” 688 эркинен ажыратылгандар отурат.  Азыркы тапта эки секция тең  толук.

 

022. Сабанета  абагы

Сабанета  Венесуэле да жайгашкан жана булда эң жаман абактардын катарына кирет.  Түштүк Американдагы эң  жаман, мыкаачы абак болуп саналат. Ошондуктан, бул жерге эркинен ажырап келген адамдар тез аранын ичинде качып чыгууга аракет кылышат.  Бул абактын ичинде отургандарга такыр көңүл бурулбайт жана 10дон ашык оору менен оорушат. Мындан тышкары абактын ичинде  отурган адамдардын  бири-бирине  көп кол салууларда болуп турат экен.

 

033 ADX Florence абагы

ADX Florence абагы —  АКШнын эң коркунуч жараткан кылмышкерлердин жери болуп саналат. Бул абак  Колорадо  штатынын Флоренс шаарында жайгашкан. ADX Florence абагы азыркы учурда 439 эркинен ажыратылган адамдар отурат,  дагы бул абак өлкө боюнча бекем коргонусу менен сыймыктана алат.  “Горный Алькатрас” расмиий эмес аталыштагы абак 1994-жылдан бери иштеп келет.

 

044. Тадмор абагы

Тадмор абагы, Сириянын  Тадмар шаары Дамаскадан 200 чакырым алыстыкта  жайгашкан. Алгач башында бул абак аскер кылмышкерлерин кармоого дайындалган, 1980-жылдардан баштап бардык эркинен ажыраган адамдарды кабыл ала баштаган.  1980-жылдардан баштап Сириянын президенти   Хафез  аль-Асад  ал абакта отурган баардык кылмышкерлерди атып салуу боюнча буйрук берген.  Ал учурда абакта 2400дөн ашык кылмышкер отурушкан.  2001-жылы абакты жаап салган, ал эми 2011-жылдан баштап кайра өз ишин баштаган.

 

5. Карандиру абагы

Карандиру абагы Бразилиянын Сан-Паула шаарында жайгашкан.  1920-жылы бул абак ачылып  1956-жылга чейин кылмышкерлерди кабыл алган эмес. Ал эми, 2002-жылы бул абакты жаап салышкан.  1992-жылы Карандиру абагында  кылмышкерлер тарабынан чоң  масштаптагы көтөрүлүш чыгып  111 кылмышкер өлгөн. Абактын жабылышы СПИД эпидемиясы себеп болгон. Ал учурда 8 миңдей  кылмышкер абакта өз мөөнөтүн өткөрүп жатышкан экен.

 

066. Лагерь 22 абагы

Лагерь 22 абагы түштүк ү кореяда жайгашкан. Лагердин  мамлекеттик расмий  аталышы Кван-ли-со № 22. Бул абакта отургандардын көбү өмүр бою эркинен ажыратылгандар. Азыркы учурда бул абакта 5 миңден ашык эркинен ажыратылган кылмышкерлер отурушат.

 

077. Бангкванг абагы

Бангквангдын борбордук абагы Тайланттын Нонтхабури провинциясында жайгашкан. Бангкванг абагы Бангоктон 11 чакырым алыстыкта.  Бул абактын кароолчулардын катуу көзмөлү менен дүйнөдөгү жаман абактардын бири болуп саналат. Бангкванг абагында бир нече чет элдик жарандарда өз мөөнөтүн өткөрүп келишет. Мындан тышкары өлүм жазасын алган кылмышкерлерди да жиберип турушат экен.

 

8. Эль Родео абагы

Эль Родео абагы  Венесуэленин  Гуатире шаарында жайгашкан. Азыркы тапта бул абакта 50 миңдей кылмышкерлер өз жазасын алып жатышат.  2001-жылы  Эль Родео абагында өз эркинен ажыратылган адамдардан турган эки топтун ортосунда катуу кагылышуу болуп, бул кагылышуу  мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн жардамы аркылуу жөнгө салынган. Боштондука чыкандардын көбү  Эль Родео абагына келүүдөн коркушат

 

Rwanda. Jail9. Гитарама абагы

Руандеде Гитарама  борбордук абагы жайгашып, эң жаман абак катары дүйнөгө таанылып келет.  Бул абакта отурган кылмышкерлердин көбү “ бул жер бетиндеге тозок абак” деп айтышат экен. Анткени, бул абактын жашоо шарты абдан начар келет.  Алгач башында 1990-жылы Гитарама абагы 400 кишилик болуп салынса, азыркы тапта  түшүнүксүз себептерден 7 миңден ашык кылмышкерлер өз мөөнөтүн өткөрүп келишет.

 

1010.  Рикерс арал абагы

Нью-Йоркдогу  Рикерс арал абагы  американын эң мыкачы келген кылмышкерлерди  камака алат. Бул абак  Квинс и Бронокс  районунун ортосундагы аралчада жайгашкан. Охраниктердин катуу жана мыкачы тартиби менен дүйнөгө таанылып келет.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №95



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru