Айбат » А.Жапаров гектарлаган жерди пулдаганда!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » А.Жапаров гектарлаган жерди пулдаганда!

Акылбек Жапаров

Кыргызда «Көсөөнүн акылы түштөн кийин» деген макал бар эмеспи. Бул макал экс-1-вице-премьер Акылбек Жапаровдун бейнесине куп жарашып калгансыйт. Дегенибиз, ал кызматтан түшкөндөн бери акылдуусунуп, көрүнгөн басылмага интервью берип, гезит «жылдызына» айланып кетти. Өгүнү эркин басылмалардын бирине курган маегинде: «Мен бирөөгө пара берген да, алган да эмесмин» деп агынан жарылыптыр. Эми ага Кудай тараза болсун. Ал эми биз ал кишиге байланыштуу бир окуяны айта кетпесек болбос.

Акылбек Үсөнбекович Курманбек Бакиевдин заманында – 2005-2010-жылдар аралыгында мартабалуу кызматтарды, анын ичинде 1-вице-премьерлик креслодо чалкалап отурганы маалым. «Май кармаган бармагын жалайт» дегендей, Акылбек мырза кызматынын арты менен капчыгын кампайтканды да унутта калтырбаптыр. Мисалы, 2007-2008-жылдар аралыгында борбор калаанын жака белиндеги Көк-Жар айылынан айыл чарба багытындагы 28,1 гектар жерди сатып алган. «Баасы канча экен?» дебейсизби. Күлкүңүз келет. Бир сотых жерди болгону 100 долларга баалаган. Сөз жок, гектарлаган жерди өзүнө эмес, ишенимдүү кишилерине каттаткан. Ал эми 2009-жылы ал кездеги башбакан Игорь Чудиновдун колу менен бул жерди «Калктуу пункттар» категориясына киргиздирип, кийинчерээк бир сотых жерди 5000 доллардан пулдаган. Ошондо анын канча кирешеге туйтунганын эринбей эсептей бергиле! Ушунун өзү А.Жапаровдун «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганын» айгинелебейби? Мындай шартта ага кылмыш иши козголушу керек эмеспи? Мындай жерди дүңүнөн пулдаган «кызыл кулактар» акыры жазасын алышы керек го?

Акылбек Жапаров маалымат каражаттары аркылуу элге акыл үйрөтүп, эмки парламенттик шайлоонун камын көрө баштады. Анын жападан жалгыз гана максаты бар, ал – эмки парламенттик жарышта депутаттык мандат алуу. Андан соң өкмөттөгү майлуу устукандардын бирин «мүлжүү». «Көнгөн адат калабы…» демекчи, анда да жерди гектарлап менчиктештирери калетсиз.

«Кут» партиясынын төрагасы Акылбек Жапаров өткөндө интервью берип: «Мен убагында «Кумтөр» боюнча комиссияда иштегем. Менин аракетим менен «Кумтөрдүн» 17 акциясын кайтарып алганбыз. Кийин мени комиссиянын курамына кошпой коюшуптур» дегендей «беш өрдөгүн учуруптур». Калпты ченебей ышкыртпайбы деп биздин бул жактан уялганыбызды айтпагыла! Андан дагы бетин кызартпай туруп: «Мен эч кимге пара берген да, алган да эмесмин» дептир. Андан тышкары финансы министри кезинде ар бир мекемеге бөлүнгөн акчанын 10 пайызын өз чөнтөгүнө солоп калары тууралуу көп эле айтылган. Мындай ыр саптарыда эл арасында айтылып  жатпайбы замандаш.

Ийри муйру кашы бар,

Акылбек деген киши бар.

Акылы жок тили бар,

Акылбек деген «мини» бар.

Ой келди тантып токтобой,

Оозунан аккан кири бар.

Эл оозуна алынган,

«Он пайыз» деген «чини» бар.

Ошондон улам «мистер 10» деген лакап атка да конгон. Ошондо жогоруда айтканыбыздай көп кабаттуу мейманкана жана оюн-зоок комплекситерин ошол 10 пайыз өңдүү «аракеттери» менен курса керек.  Бардыгына Кудай тараза дебегенде не демекбиз. «Кумтөрдүн» 17 акциясын кайтаргам деп төш каккандын ордуна, 28 гектар жерди мамлекетке кайтарып берсе эрдик кылмак. . Ошон үчүн, А.Жапаровго окшогон «жер пуруштарды» теске салуу абзел…

Айбат гезити №96




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru