Айбат » Токмокто өз атасын өлтүрүп, таштандылардын арасына көөмп салган 20 жаштагы уулу кармалды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Токмокто өз атасын өлтүрүп, таштандылардын арасына көөмп салган 20 жаштагы уулу кармалды

наручникиТокмок ШИИБнин нөөмөт бөлүмүнө 8-июнь күнү болжол менен саат 20:00дөр чамасында белгисиз дамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге акчам тергөө тобу дароо чыгышкан. Бул тууралуу кечээ, 13-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө шаардын мал базарынан алыс эмес жерде, кургатуу каналынын жанындагы таштандылардын арасынан жерге казылып көмүлгөн азиат улутундагы белгисиз кишинин чирип бараткан сөөгү табылган. Төшүндө бычак менен сайылган жаракаттын изи болгон.

Каза болгонунун себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган. Аталган факт боюнча Токмок ШИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Өлтүрүлгөн адамдын өздүгү такталып, ал Токмок шаарынын 44 жаштагы тургуну Р.З. аттуу жаран экендиги белгилүү болду.

Көп өтпөй ИИМдин кылмыш издөө башкы башкармалыгынын, Чүй ОИИБнин жана Токмок ШИИБнин кызматкерлери шектелген адамды кармашты. Ыкчам иш жүргүзгөн кызматкерлер кармалган адам кылмыш ишин жасагандыгы тууралуу жетиштүү далилдерди чогултушту. Тергөөнүнү жүрүшүндө Токмок жаарынын тургуну 1993-жылы туулган Р.С. кармалды. Ал өлтүрүлгөн адамдын уулу болуп чыкты.

Алдын ала маалыматтра боюнча, кылмыш иши май айынын орто ченинде болгон. 10-майга караган түнү атасы мас абалында үйүнө кеч кайткан. Бул учурда үйүндө улуу баласы болгон. Аялы эки кичинекей баласы менен туугандарыныкына кеткен болот. Өлгөн киши көп ичип, үйүнө тынчтык бербей, аялын да сабап жүргөн.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, уулу атасынан кутулууну мурда эле ойлоп жана андан арылуунун планын ойлоп жүргөн. Ошол түнү атасы уктап калганда, уулу анын көкүрөк тушуна бир нече жолу бычак сайган. Кылмыштын изин жашыруу үчүн, кылмышкер сөөктү көөмп салууну чечкен. Түн ичинде араба менен сүйрөп барып, бир аз казылган жерге көөмп салган. Үстүн таштандыларга толтуруп, коробкалар менен жаап койгон. Үйүндөгү бардык издер жуулуп, үстүндөгү жабылган төшөнчүлөр короого ыргытылган.

Өлгөн адамдын аялы өзүнүн күйөөсү жоголуп кеткендиги тууралуу арыз менен милицияга кайрылган, бирок милициялардын болжолу боюнча аялы күйөөсүнүн өлтүрүлгөнүн мурда эле билген жана аны арыз жазуу менен жашыргысы келген. Өлгөн кишини жакын туугандары издешип, бир айдан соң сөөгүн бир тууган иниси таап, милицияга билдирген.

Азыркы тапта шек менен кармалган адам убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.

Бардык зарыл болгон ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак : Баракелде



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru