Айбат » “Айкөл Ала-Тоо” бирикмеси Бек Борбиевдин К.Бакиевдин юбилейине барып ырдаганын сойкулукка теңеди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Айкөл Ала-Тоо” бирикмеси Бек Борбиевдин К.Бакиевдин юбилейине барып ырдаганын сойкулукка теңеди

Айкөл Ала-Тоо“Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси ырчы Бек Борбиевдин Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин юбилейине барып ырдаганын сойкулук менен бирдей баалайт жана анын Кыргызстандын элинин алдында кечирим суроосун өтүнөт.  

“Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси 2010-жылдын 7-апрелинде жапа чеккен жарандардын башын бириктирип турат. Алар өздөрүнүн ачык катында ырчынын интернет-билдирүүсүндө анын Белорусиядагы К. Бакиевдин 65-жылдык юбилейине катышып, ырдаганы, же ырдабаганы так айтылбагандыгын белгилейт.

“Балким, сиздин чындыкты айтууга чечкиндүүлүгүңүз жетишпей калгандыр. Биз сиздин так жооп беришиңизди өтүнөбүз. Анткени бул 2010-жылдын апрелинде кландык режимге каршы чыккандар үчүн өтө маанилүү. Биз сиздин Бакиевдин убагында өзүңүздү кежир, чыргоо баладай алып жүргөнүңүздү жакшы билебиз – эмне кааласаңыз жасачусуңуз жана бажы системасында эң жакшы кызматтарды ээледиңиз. Эгерде сиз ошол убакта аларга ырдасаңыз, алар азыркы тапта акыйкат жазаларын алышканда, биз сизди түшүнмөкпүз. Бирок, сиздин азыркы тапта, алар өлкөдөн качып кетип, уурдалган акчаларга той өткөрүп жатканда барып ырдаганыңыз, биз тараптан анын саясатын колдогондук катары бааланат” деп жазылат катта.

“Айкөл Ала-Тоо” искусствону баалай тургандыктарын белгилешет, бирок Бек Борбиевдин бул кадамы ага көлөкө түшүрдү дешет. “Сиз өзүңүздүн кадамыңыз менен искусствону сойкулук менен теңдештирип койдуңуз. Же ырды каалаган жерде, кайсыл жерде акча төлөсө барып ырдай бергендик жеңил ойлуу айымдардын жүрүм-турумуна окшош эмеспи? Кантип Кыргыз Республикасынын баатырларын өлтүргөн адамдын тоюна барып ырдаганга дитиңиз барды? Азыркы тапта сизде бар сыйлыктарыңызды алып таштоо маселеси бул маданият министрлигин компетенциясындагы иш. Биз сиздин эл алдында кечирим сурооңузду өтүнөбүз, анткени сиздин кадам каза болгондордун элесин булгап жатат” деп эсептешет алар.

Белгилей кетсек, буга чейин ММКда ырчы Бек Борбиевдин КР мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин юбилейине барып ырдап келгендиги тууралуу маалымат пайда болгон. Андан кийин кыргыз тилдүү басылмалардын бири бул сындарга карата ырчынын жообун жарыялаган. Анда “Кайсыл жерде ырдайм- бул менин жеке чечимим болот” деп жазылган.

Бек Борбиев “Саясат менен сахнаны аралаштырып жаткандар үчүн мен дагы бир жолу кайталайм. Ал Бакиев болобу, Акаев болобу, же ар түркүн кылмышкер толгон түрмөбү, концертимди коер-койбосум жеке менин чечимим. Мен эч качан Бажынын башчысы болгон эмесмин. Мен аркалаган эң жогорку кызмат бул бөлүмдүн башчысы. Мен башынан эле элди ким атса, жооп бериши керек деп айтып келатам. Ал эми жазып жана кыйкырып чыгып аткан журналисттер менен укук коргоочулар андан көрө 7-апрель окуясын иликтешсин. Буйрук бергендер деп башкаларды камап, снайперлер кармалды деп эптеп элди алдап сотту бүтүрүштү. Көптөгөн түшүнүксүз көмүскө сырлар калды. Бул силерди кызыктырбайбы?” дейт ал.

Ошондой эле ырчы өзүнүн сыйлыктарына, наамына байланып калбастыгын билдирген. “Эгерде керек болсо, анда наамды алып салышсын. Мен наамга байланган адам эмесмин. Мен үчүн элдин алакан чапканынан өйдө наам жок. Бакыт болсо – менин ырымды башка катардагы адамдардын ырдап атканы. Менин наамымды алып салгысы келгендер менин өзүмө эле келсе, өзүм алып бермекмин” дейт ырчы. “Мен ар дайым өзүмдүн чыгармачылыгым менен өзүм иштеп келгем. Бул менин жеке дүйнөм. Эгерде менин саясый көз карашым сиздердики менен дал келбесе, анда кечирип коюңуз” деп жыйынтыктайт Бек Борбиев.

Айбат гезити №96




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru