Айбат » Акыйкатчы Бакыт Аманбаев гейлерди коргогону бүтүп, эми өз кызын зордуктагандарды да коргоп калганбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Акыйкатчы Бакыт Аманбаев гейлерди коргогону бүтүп, эми өз кызын зордуктагандарды да коргоп калганбы?

Бакыт АманбаевОмбудсмендик кызматка келери менен эле ээрге кыйшык отуруп алган Бакыт Аманбаев өзүнүн жасаган кадамдары менен коомчулукту таң калтырып келет. Эске сала кетсек, өткөн жылы Саруу айылына барып, андагы окуяларга бир жактуу маалыматтарды айтып элдин эсин эки кылгысы келген. Андан соң гейлердин укугун коргоп чыгып, кыргыз элинин ата-бабасында жок жорукту баштаган. Такыр айласы кеткенде Жогорку Кеңештин трибунасына чыгып, “Менин айлыгым аз, болгону 25 эле миң сом” деп айта коюп, депутаттардын тепкисин жеген. Айтор, элди таң калтыруу менен эле алектенип келет. Анын кезектеги “жаңылыгы” да жалпы коомчулукту бир четинен таң калтырып, бир четинен жийиркентип отурат.  Эске сала кетсек, ушул жылдын апрель айында элдин кыжырын кайнаткан окуя болуп өткөн. 1984-жылы туулган У. Сакатаев аттуу жаран “жинди сууга” кекиртегине чейин тоюп алып, үйүнө келери менен адегенде аялын өкүртө сабап, кубалап жиберип, андан соң өзүнүн 3 жашар кызын зордуктап, колун, кабыргаларын сындырып, бычак менен наристе кыздын бетин тилип, айтор адам баласы жасабай турган жырткычтыкты жасаган. Бул кылмыш ишин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту карап, адам түспөлүндөгү У. Сакетаевди 24 жылга эркинен ажыраткан. Мына ушул үрөйдү учурган кылмыш жасаган Сакетаевди коргоого алып чыккан КР Акыйкатчысынын кадамын кандайча түшүнүүгө болот? Жогорку Соттун берген маалыматы боюнча Бактыбек Аманбаев аталган кылмыш иши боюнча сот процессинде соттолуучунун адвокаты менен биргеликте аны коргоого аракет кылып, сот ишине аралашкан. Мындан улам суроо туулат. Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Аманбаевди кыргыз элинин менталитетине туура келбеген гейлерди, мыйзамды тебелеп-тепсеп, жол тоскон, бийлик өкүлдөрүн барымтага алып, өрттөйбүз дешкендерди, анан өз канынан жаралган кызын зордуктаган айбандарды коргосун деп Омбудсмен кылып шайлашты беле? Деги бул өзү кыргыз элине жакшылык каалаган адамбы? Же, кайсыл жактан акчанын учу көрүнсө эле телпеңдеп чуркай береби?

Айбат гезити №96



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru