Айбат » Бийлик «абысыңдары» сунуштаган жаңы концепциянын күңгэйү менен тескейи

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бийлик «абысыңдары» сунуштаган жаңы концепциянын күңгэйү менен тескейи

Равшан ЖээнбековУОК лидери Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов жана Исмаил Исаков “Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусунун жаңы концепциясын” жарыялашты. Оппозициядан мындай сунуштар түшүп турганы жакшы. Бирок алар канчалык деңгээлде жүйөөлүү? Башкы маселе ушунда жатат. Биз да оппозициянын кезектеги концепциясын иликтеп, жиликтеп көрдүк.

Жаңы концепциянын авторлорунун пикиринде, учурда беш тепкичтүү (1.Президент (негизги башкаруучу); 2. Өкмөт;

3.”Губернатор” (обулус); 4. Аким (район); 5. Айыл өкмөтү мамлекеттик башкаруу) мамлекеттик башкарууда жашап жатыптырбыз. Ошол бешөөнөн “Президент жана Губернатор” деген эки тепкичти “кесип” салып, Президенттин ыйгарым укуктарын  алып таштасак, биздин Президент  парламенттик мамлекеттердегидей болуп, саясый кризис болгондо гана кереги тие турган Президент болуп калаарын оппозиционерлер баса белгилешет. Эми мыйзам ченемдүү суроо туулат: Бул канчалык негиздүү?  Суроого жооп таап көрөлү. Негизинен концепциядагы саясый ойлор, идея жакшы. Бирок бир нече себептер эске алынган эмес. Учурдагы жарым-жартылай парламенттик башкарууну жүзөгө ашыра албай туруп, канткенде таза парламенттик бийликти алып келишери түшүнүксүз. Анткени, Кыргызстанда толук парламенттик башкарууну түзүүчү партиялар жокко эсе. Себеби бизде партиялык курулуш болгон эмес. Партиялык курулуштун процесси өтпөгөн мамлекетке таза парламенттик башкарууну киргизүү өтө кооптуу. Анын жыйынтыгы анархиялык же охлократиялык баш-аламандыкка алып барышы мүмкүн. Ошондуктан депутаттар тарабынан көтөрүлгөн “Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусунун жаңы концепциясы” өз убактысынан эрте же реалдуулуктан алыс айтылган программа десек жаңылышпайбыз.

Эми экинчи маселеге өтөлү. Концепциянын авторлору президенттин ыйгарым укуктарын чектөө талабын коюшкан. «Президент өтө эле узак – 6 жылдык мөөнөткө шайланат. Президент бийликтин бир да бутагына кирбейт. Ошол эле убакта Президент  мурункудай эле премьер-министрге өз алдынча иштегенге мүмкүнчүлүк бербей келет. Ушул себептен келечекте парламентаризмдин Европалык моделине өтүшүбүз керек. Анда Президенттин ыйгарым укуктары дээрлик кыскартылып 4 гана жылга  парламент аркылуу шайланып калат» деп жазылат концепцияда. Ушул пунктту жүзөгө ашырсак, өзүн өзү актайбы? Жо-о-к. Маселенин маңызы президенттин тигил же бул ыйгарым укугунда эмес. Анткени, азыркы Башмыйзамда президенттин бир топ ыйгарым укугу кыскарган. Бирок ага карабастан саясый жараянда ал байкалган жок. Себеби, партиялык курулуш болбой туруп, парламентке келген депутаттардын идеялык кызыкчылыктары мамлекеттик түзүлүштүн принциптерине туура келбейт. Ошол себептен президенттин таасири артып калды. Андыктан кандай гана модель болбосун, аны саясый электорат түшүнбөсө, баары текке кете турган курулай сөзгө айланат. Президенттин мөөнөтүнөн эч кандай мамлекеттин абалы көзкаранды эмес.

Оппозиция өкүлдөрү жаңы концепцияда Өкмөттүн ыйгарым укуктарына кенири токтолушуптур. Ага ылайык,  Парламент Өкмөттү шайлайт жана  ишеним жок болгондо  аны отставкага кетире алат экен. Ошондой эле мамлекеттин өнүгүүсүн Өкмөт аныктайт жана ишке ашырары концепцияда жазылган. «Биздин мамлекетибиздин экономикалык жактан алсыздыгын жана калкыбыздын анча көп эмес экендигин эске алып Өкмөт түзүмүн компактуу кылуу керек. Өкмөт Премьер-министр, анын орун басары жана 11 министерстводон турса жетиштүү болот» деген авторлор Советтик системадан калган  Өкмөттүн аппаратындагы  чарбалык негизде түзүлгөн бөлүмдөрдөн кутулуп, мамлекеттик башкарууну оптимизация жана кыскартуунун жана  административдик-территориялык реформалардын негизинде  мамлекеттик чиновниктер жеткиликтүү айлык акысы менен камсыз болорун ишенимдүү билдиришкен. Биринчиден, ансыз деле өкмөттү Жогорку Кеңеш курайт. Азыркы парламенттин курамында көпчүлүктү ээлеген фракция болбогондуктан, аргасыздан үч фракциянын катышуусунда (КСДП, “Ата мекен”, “Ар-намыс”) өкмөт куралганы маалым. Ошондуктан мындан трагедия издөөнүн кажети жок. Ал эми өкмөт курамы 11 министрликтен турганы жетиштүү болот деген сунушту парламент чечиши керек. Демек, оппозициянын бул сунушу да суу кечпейт десек аша чапкандык болбос.

Концепцияда жергиликтүү бийлик тутумуна өзгөчө көңүл бурулуптур. Авторлор жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоо жолу менен тандоону туура көрүшөт экен. “Акимдер, Мэрлер жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары ошол жерде жашаган жалпы эл тарабынан шайлануусу абдан маанилүү.  Элге чыкканда ар бир кандидат өзүнүн программасын элге тартуулайт, эгер шайланып калса элдин көбүнүн колоосуна ээ болуп эч кимден көз карандысыз иштейт” дешет авторлор. “Шайлоо жолу менен аким, мэрлерди шайлоо баш-аламандыкка алып келбейби?” деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат. Себеби, шайлоонун арты сөзсүз нааразычылык менен коштолору айтпасак деле түшүнүктүү. Жогорку Кеңештин шайлоосуна нааразы болгондор жол тосконго чейин барган шартта Кыргызстандагы 42 район, эки негизги шаар, 25 шаар жана 472 айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо нааразычылык оту тутанса эмне болорун элестете бергиле. Кыргыз коомчулугу азырынча жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоо жолу менен тандоого бышып жетиле элек. Ал үчүн убакыт талап кылынат.

Жыйынтыктап айтканда, УОКчулардын кезектеги концепциясы “зериккенде айтылган ой”, элдин назарын өзүнө бурдуруу десек аша чапкандык болбос. Мындан жаңы, реалдуу идеяны, демилгени көрө алган жокпуз. Оппозиция минтип мээни айланткандын ордуна учурдагы кырдаалдан чогуу чаран чыгуу багытында сунуш-пикирлерин жарыяласа туура болмок. Анан Жердеги эмес, космостогу нерселерди айтып, башты чаргыткан оппозицияга аброй алып келбеши калетсиз.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №96



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru