Айбат » Украинада жакпаган депутаттарды таштандыга ыргытышат. Бизге да ошол керекпи?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Видео, Дүйнө кабары, Негизги, Саясат » Украинада жакпаган депутаттарды таштандыга ыргытышат. Бизге да ошол керекпи?

Виталий ЖуравскийУкраинада кезектеги дүйнө коомчулугун кызыктырган окуя болуп өттү. Бул жолу Украинанын Жогорку Радасынын имаратынын жанынан депутат Виталий Журавскийди чогулган эл колдон-буттан алышып таштанды салынчу темир жащикке ыргытып салышты. Ыргытып эле салып тим калышпай, ал жащикти ары сүйрөп, бери сүйрөшүп, депутаттын эси-көөнүнөн кеткистей кылып коюшканын видеотасма тастыктап турат. Учурда Журавский өзүн моралдык, психологиялык жана саламаттыгы жактан өтө начар сезип атканын маалымдаган. Бирок, кызыгы аны таштанды салынчу темир жащикке ыргыткандары үчүн эч кандай арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылбай тургандыгын билдирген. Мындан улам анын кандайдыр бир өзү жасап алган калпыс кадамы бар окшойт деген пикирлер да жаралбай койбойт.

Виталий ЖуравскийМына ошондой калпыс кадамдарды Украина эли «таштандыга ыргытуу» ыкмасы менен жойгонго аракет кылып жатышыптыр. Албетте, анын канчалык деңгээлде натыйжалуу боло тургандыгы чоң табышмак. Ал эми биздин Жогорку Кеңештин депутаттары бул жагынан алганда алдаканча бактылуу депутаттар экен деген ойго келесиң. Партиялык тизме аркылуу эптеп-септеп парламент партасына отуруп алып, жыл бою «лам» этип ооз ачпагандары да, элдин эсин эки кылып, ар дайым ызы-чуудан башы чыкпагандары да олчойгон айлык алып, олуттуу басып-туруп жүрүшөт. Каалаганча уктап, каалаган убагында жумушуна келишет. «Кой» деген кожо, «ай» деген ажолору жок. Көпчүлүгү бизнесмендер. Депутат болуп эсептелип элдин атынан келишкени менен жеке бизнестерин гүлдөтүү менен алек. Депутаттык мандат аларга көбүнесе бизнесин алга жылдыруу үчүн гана керек. Анан дагы мамлекеттин эсебинен кымбат баалуу машинелерде чалкалап, эл кыдырымыш этип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сыйын көрүп турушса болду.

Виталий ЖуравскийКайсы депутат кандай маселе көтөрүп чыкпасын, анын артынан сөзсүз өзүнүн кызыкчылыгынын «кулагы» тикчийип чыга келет. Балким биздин депутаттарга да Украинанын депутаттарына жасагандай мамиле керек болуп жүрбөсүн деген ой туулат. Таштанды салына турган темир жащикке бир жатып чыгышса, балким карапайым элдин турмушу кандай болуп жатканын азыраак болсо да түшүнүп калышаар. Болбосо кымбат баалуу машине, элиталык типтеги үйлөр, сауна, ресторан, кычыраган кабинет деген нерселер депутаттарды элден жана элдин карапайым турмушунан бир топ эле алыстатып коет окшойт.

Айбат гезити №96




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru