Айбат » Айтикеев-Келдибеков жолугушуусу Германияда өтөбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Айтикеев-Келдибеков жолугушуусу Германияда өтөбү?

Адилет Айтикеев«Ата мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев: «Жалган жалаа жапканын үчүн кеминде үч жылга темир торго отургузам» дегенди укканда Венгриядан баш паанек сурады делген «Искра» гезитинин башкы редактору Адилет Айтикеев мындай маалыматты төгүндөп, Аскар Акаевден интервью алганы Москвага келгенин жарыялады. Ошондон бери дымып калды. Барган жеринен чуу чыгарган Айтикеев тынчыбай калсын. Жеке булагыбыздын кабарлашынча, Адилет Москвадан ары Германияга жол тартып, ал жактан кожоюну Акматбек Келдибековго жолугууну пландап жатыптыр. Жолугушууда «Искраны» каржылоо маселесин талкуулашат экен. Аталган басылманы Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовдон тышкары А.Келдибековдун көрөр көзү Аида Токтоматова каржылап келгени журналист журтчулугуна дайын. Эгер Келдибеков демөөрчүлүгүн улантам десе Айтикеев мекенине кайтып келет, болбосо Венгриядан жай тапты дей бергиле!

Айбат гезити №96



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru