Айбат » Нурлан Орозбаев: “Бүгүнкү күндөгү оппозициямын дегендерге электораттын беш пайызы да ишенбейт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Нурлан Орозбаев: “Бүгүнкү күндөгү оппозициямын дегендерге электораттын беш пайызы да ишенбейт”

Нурлан Орозбаев- Нурлан мырза, «ак төөнүн карды жарылган» күз да кирип келди. Күздө саясый кырдаал күчөйт деген кеп-сөздөр айтылууда. Сиздин жеке баамдооңузда, быйылкы саясый сезон кандай нукта өнүгөт?

– Баарына белгилүү болгондой, саясый кырдаал шайлоолор жакындаганда ар кандай мүнөздө өзгөрүп турат. Анткени, Кыргызстанда парламент бийлик башкарууда негизги орунду ээлейт. Андыктан келе жаткан парламенттик шайлоонун мааниси абдан чоң. Ошол себептен, ар кыл күчтөрдүн тирешүүсү жана түрдүү багыттагы аракеттери байкалышы мүмкүн. Ошондой эле өлкөдөгү инфляциянын өсүшү бир топ экономикалык көйгөй жаратып, отун-энергетикалык кризиске кептелген өкмөттүн иши эл арасында сынга алынып жатат. Ушул нерселерди эсепке албаганда, күздө саясый чыңалуу деле болбойт. Себеби, ар кандай маселелерди чечүүдө мамлекеттик бийликке атаандаш саясый күчтөр же лидерлер да жокко эсе. Бүгүнкү күндөгү оппозициямын дегендерге электораттын беш пайызы да ишенбейт. Ал эми Кыргызстандын Бажы Союзуна кирүү алдындагы аракеттери түрдүү ой-жорумдарды пайда кылып, мамлекеттин саясый туруктулугуна таасирин тийгизет.

- Кризистин айынан өкмөттүн отставкага айдалып кетүү коркунучу канчалык?

– Өкмөтүн отставкага кетүүсү менен өлкөдөгү кризисти жөндөөгө мүмкүн эмес. Андыктан айрым жагдайларды түзөтүү менен кескин реформага баруу керек. Ушул кезге чейин өкмөттүн алмашуусу менен бир да маселе чечилген эмес. Ошондуктан өкмөттү отставкага айдоо менен абалды оңдой албайт.

- Кыргыз оппозициясы жакында Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан президенттерине кайрылуу жасашты. Анда алар президент А.Атамбаевдин 31-августтагы сүйлөгөн сөзү үчүн кошуна мамлекеттин жетекчилеринен кечирим сурашыптыр. Бул чыккынчылыкка жатпайбы?

– Негизинен чагымчылдыкка жакын. Ал эми мен муну саясый маданияттын эң төмөн чеги дейт элем. Анткени, Кыргызстандагы ички саясый маселелерге эч бир башка өлкө кийлигише албайт. Оппозиция бул нерсени элдин талкуусуна алып чыгуусу керек эле. Алар анте алган эмес. Себеби элдин ишеними оппозицияга жокко эсе. Бул иш оппозициялык күчтөрдүн аргасыз кадамы болуп калды.

- Эмки жылы өтүүчү парламенттик шайлоого даярдык азыртадан башталды. Шайлоо даярдыгы кырдаалга кедергисин тийгизбейби?

–  Албетте кырдаалга таасирин тийгизет. Бирок андан кандайдыр бир кооптонуу жаратпаш керек. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Андыктан шайлоо алдындагы өлкөдөгү саясый стабилдүүлүк жана эл арасындагы тынчтык парламентке келүүчү партиялык күчтөрдүн саясый маданиятынан көз каранды.

Айбат гезити №96



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru