Айбат » Марс Сариев: “УОКтун коңшу өлкөлөрдүн башчыларына кайрылуусу – провокация

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Марс Сариев: “УОКтун коңшу өлкөлөрдүн башчыларына кайрылуусу – провокация

Сариев Марс- Марс мырза, күз мезгилинин алгачкы айы да ортолоп калды. Бул жылы күзгү сезондо саясый кырдаал кандай болушу мүмкүн?

– Ачыгын айтканда кырдаал өтө жакшы эмес. Себеби суу тартыштыгынан электр энергиясы да тартыш болгону турат. Ал эми негизинен карапайым эл ушул электр энергиясы менен оокат кылышат. Бул азыр курч болуп турат. Бензиндин баасы да көтөрүлдү. Бирок, кырдаалдын кандай өңүттө улана тургандыгы бийликтин аракетинен көз каранды. Эгерде бийлик кандайдыр бир жолун таап бул көйгөйлөрдү чече алса, кырдаал тынч болот. Андыктан азыр бир тараптуу жакшы, же жаман деп айтууга болбойт.

- Кече жакында эле Улуттук оппозициялык кыймыл президент Алмазбек Атамбаевдин 31-август Эгемендик күнүндө сүйлөгөн сөзүнөн кынтык издешип, коңшулаш Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин президенттерине кайрылуу жазышты. Анда «Биздин президент силерди сындап атат, биз муну кескин айыптайбыз» деген маани жатат. Муну кандайча түшүнсө болот?

– Бул провокация. Оппозициянын ою эле ушундай кайрылуу жасап коңшу өлкөлөрдүн намысына тийсек, Атамбаевдин кадыр-баркын ал мамлекеттерде түшүрсөк деген аракет. Президенттин өзүбүздүн жерде сүйлөгөн сөзү бул ички кухня. Аны өзүбүз гана чечишибиз керек. Аны сыртка чыгарып, өздөрүнө упай топтоо аракети деструктивдүү кадам. Андай кадамдар өлкөбүзгө зыян гана алып келет.

Дамир ЭМЕНГУЛОВ

Айбат гезити №96



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru