Айбат » Октябрдан тартып көгүлтүр отундун баасы арзандайт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Октябрдан тартып көгүлтүр отундун баасы арзандайт

Газпром«Кыргызгаз» ишканасынын Россиянын «Газпром» компаниясына өтүшүн айрым оппозиционерлер сындап жатышкан эле. Ал эми турмуш жүзүндө бул туура кадам болгону тастыкталууда. «Газпромдун» жетекчилиги бул багыттагы долбоорлорду жүзөгө ашыруу максатында ири каражат бөлүү менен катар газдын баасын төмөндөтүүгө киришти.

«Газпром Кыргызстан» ишканасынын кабарлашынча, 1-октябрдан тартып газдын бир куб/метри 16,35 сомдон 12,95 сомго чейин төмөндөтүлгөн баада колдонуучуларга берилмекчи. «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллердин Кыргызстанга жасаган жумушчу сапарынын натыйжасына Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жаратылыш газына сатып алуу баасын 1,4 эсеге — 1000 куб/метрине 224 доллардан 165 долларга чейин төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Төмөндөө 1000 куб/метирине 59 долларга чейин болду. Ал эми республика калкы үчүн жаратылыш газынын баасы 2014-жылдын 1-октябрынан тартып, болжол менен бир куб/метрине 12,95 сомду түзөт (азыркы баа 16,35 сом). Төмөндөө 21 же куб/метрине 3,4 сом» делет «Газпром Кыргызстандын» маалыматында. Чындыгында бул акыркы чек эмес, келечекте дагы көгүлтүр отундун наркы арзандашы ыктымал.

Ал ортодо, президент Алмазбек Атамбаев «Газпромдун» жетекчиси Алексей Миллер менен телефон аркылуу байланышып, газ маселесин талкуулады. Анда Миллер Бишкек шаарындагы жылуулук борборуна 100 млн. куб/метр өлчөмүндө газ жеткирүү чечими кабыл алынганын, газдын куб/метри 165 доллардан бааланганын кабарлаган. Демек кычыраган кыш мезгилинде Бишкек жылуулук борбору толук кандуу иштейт дегенге негиз бар. Ал эми «Кыргызгаз» «Газпромго» берилбеши керек эле» деп эл алдында патриот көрүнгүсү келген «азаматтар» эми оозун жаап тим отуруп калышабы же дагы деле «боздой» беришеби?

Айбат гезити №96




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru