Айбат » Өзбекстанда 1-октябрдан тарта газга, борбордук жылуулук берүүгө жана ысык суу менен камсыздоого баалардын тарифи көтөрүлөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » Өзбекстанда 1-октябрдан тарта газга, борбордук жылуулук берүүгө жана ысык суу менен камсыздоого баалардын тарифи көтөрүлөт

ГазӨзбекстанда үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта жаратылыш газына болгон баа 9,9 пайызга кымбаттайт. “Өзбекнефтегаз” компаниясынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча жаңы баа боюнча жаратылыш газынын 10 кубометрине 1-октябрдан тарта эсептегичтер бар болсо 1816,20 сумдан (0,62 доллар) төлөнө баштайт. Ага чейинки баа 1652,40 сумдан (0,55 доллар) болуп келген.

Ал эми эсептегич жок (счетчик) болсо, газдын 10 кубометрине 2857,65 сумдан (0,95 доллар) 3140,85 сумга чейин (1 доллар) төлөөгө туура келет. Жылуулук үчүн колдонулган газдын 10 кубометрине болгон баа 1323,25 сумдан (0,44 доллар) 1456,60 сумга (0,48 доллар) чейин жогорулайт.

Эске сала кетсек, жаратылыш газына болгон баанын буга чейинки көтөрүлүүсү ушул эле жылдын апрель айында болгон. Ошондой эле 2014-жылдын 1-октябрынан тарта Ташкентте борбордук жылуулукка жана ысык суу менен камсыздоо кызматтарына тарифтер көтөрүлөт. “Таштеплоэнерго” ишканасынын билдирүүсү боюнча Ташкенттин калкы үчүн борбордук жылуулукка 1-октябрдан тарта батирлердин бир чарчы метри үчүн 787,95 сумдан 844,67 (0,28 доллар) сумга чейин жогорулайт. Баанын көтөрүлүүсү пайыз боюнча эсептегенде 7,2 пайызды түзөт.

Ысык сууга болгон жаңы баага ылайык борбор шаардын жашоочулары эми октябрь айынан тарта эсептегич жок болсо, киши башына 10570,54 сумдан (3,5 доллар) төлөшөт. Ага чейинки баа 9860,67 сум (3,28 доллар) болгон. Мунун да пайыздык өсүшү 7,2.

Буга чейинки муздак жана ысык сууга болгон баанын тарифи ушул жылдын апрель айында болгон жана 6,4 пайызды түзгөн. Ведомстволордун берген маалыматы боюнча ысык сууга болгон баанын көтөрүлүшү энергияны өндүрүүгө кеткен материалдардын баасынын кымбатташы менен түшүндүрүлөт.

Мына ушундайча коңшулаш Өзбекстанда жаратылыш газына, жылуулукка жана ысык сууга болгон баалар көтөрүлүп жаткан учурда Кыргызстанда 1-октябрдан тарта жаратылыш газына болгон баа 21 пайызга арзандай тургандыгы маалымдалды.

Айбат гезити №96




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru