Айбат » Тажикстан да коңшулаш Өзбекстандан көңүлү калганын жашыра албай калды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » Тажикстан да коңшулаш Өзбекстандан көңүлү калганын жашыра албай калды

Эмомали жана КаримовТажикстандын экс-премьер-министри Акил Акилов жергиликтүү маалымат булактарынын бирине коңшулаш Өзбекстан мамлекетине карата ымандай сырын жашырбай төгүп берди. Адегенде мына ошол ымандай сырдан кыскача мисал келтире кетели: “Тажикстандын бириккен энергетикалык системадан чыгуусу, жолдорду тозуу, жаратылыш газынан баш тартуулар – бул биздин коңшубуз Өзбекстан тандап алган жол. Тилекке каршы биздин коңшубуз башка жолду тандап алды. Ал жол жаратмандык жол эмес. Тажикстандын бириккен энергетикалык системадан чыгуусу, жолдорду тозуу, жаратылыш газынан баш тартуу жана башка кадамдар республиканын экономикасына негативдүү таасирин тийгизди. Бул эки өлкөнүн кызыкчылыгындагы иш эмес. Бирок, башынан ачарчылыкты жана жакырчылыкты өткөзгөн биздин мамлекет өзүнүн куткаруучусун таап жана өнүгүү жолун тандай алды” дейт Акил Акилов. Ал Тажикстандын альтернативалуу жолду куруп, аны менен өзүнүн өнүгүү жолун таба алгандыгын баса белгилейт. Эске сала кетсек, буга чейин Тажикстан жана Өзбекстан энергетикалык маселелерде тыгыз кызматташып келген. Эч кандай көйгөй жаралган эмес эле. Бирок, Тажикстандын энергетикалык бирдиктүү системадан чыгып кетүүсүнүн себеби эми гана белгилүү болуп отурат. Кыязы өзбек коңшулар Кыргызстанга жасаган мамилесин аларга да жасап келгендей. Демек, улам бир коңшусунун ишениминен чыгып бара жаткан Өзбекстандын келечеги анчейин жакшы болушу күмөн. Кандай гана эгемен мамлекет болбосун ал биринчи кезекте коңшулары менен тыгыз жана ишенимдүү иштеше билиши керек эмеспи? Бул жагынан Өзбекстан алда канча ишеним жоготуп баратканы байкалат.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №96




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru