Айбат » Каныкейдин Манастын мамлекетин сактап калышы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Каныкейдин Манастын мамлекетин сактап калышы

Айкөлүнөн айрылып, кан жуткан ханыша

Кыргызга  ата болгон Ажо Манастан, айкөлүнөн айрылып, кара кийип, Каныкей кан жутуп турган кезде, өлгөндүн үстүнө көмгөн дегендей, Жакыптын калмак зайыбы Бакдөөлөттөн туулган  Көбөш баштаган «алты арам» Каныкейдин да, калктын да чекесине чыккан чыйкан болот. Каныкей: «Ай караңгы болгондо, түн ушундай экен го, айкөлдүн көзү өткөндө, күн ушундай экен го» – деп бекеринен сай сөөгү сыздап, үшкүрүнүп турган жок. «Чырпык өзүн тал ойлойт, чымчык өзүн куш ойлойт» делет элде. Бул жерде Каныкейдин жанын күйгүзгөн нерсе, агасы Манастын аркасы менен киши катарына кошулуп келген, арымы кыска, абийири пас Көбөштүн, өзүн Манаска тең келген баатыр катары сезип, эл эгеси менмин деп эсептегенинде («Манастай өзүм турганда, өлгөндү кантип ойлоймун»). Көбөштүн кыргызга өзүн хан жарыялап, менменсинген бул жоругу бир жагынан комедия болсо, экинчи жагынан Каныкейдин башына каардуу муш болуп тийип, трагедиялуу натыйжага алып келет.

Манас

 

КаныкейЖуучулар жана Каныкейдин канжары

Манастын көзү өткөн соң, бул эки жамандын ашынып чыгаарын, өзүнө кылгылыкты кыларын Каныкей билген, бирок кара кийип кан жутуп отурганда катын кылып алам деп эсирери канышанын үч уктаса түшүнө кирген эмес. «Агасынын катынын, иниси жерге таштайбы, жесири калса агадан, жеңесин кайни алуучу» деп, Көбөш салтты бетке кармамыш болуп, өзүнө жуучу жибергенде,  Каныкейдин күйбөгөн жери күл болот.

Манастын арбагын жана өзүнүн аялдык ар намысын бийик койгон Каныкей Абыке, Көбөштүн мындай ниет-мүдөөлөрүн чечкиндүү түрдө четке кагат. Жуучу болуп келген Баймат менен Кыргыл чалдын «айткан сөзгө көнөсүң, айткан сөзгө көнбөсөң, чынын айтып коёюн, кан Көбөштөн өлөсүң» деген сөзүнө Каныкей: «уурдап алчу катын жок, урушпай чапчуу баатыр жок, баркыма жетпейт,тийбеймин, баатыр да болсо сүйбөймүн, чамам келсе, тийбеймин, чаркым келсе сүйбөймүн! Уялсаңчы эки акмак, арачыга келгенден» деп жуучуларды канжар менен кууп чыгат.

 

Манастын ордосунун кыйратылышы

Манастын  жарынын көөдөнүн намыс тепкен жалтанбастыгына жана «хандын» эркине баш ийбеген багынбас нравасына кылыч менен найзаны каршы коюудан башка Көбөштүн айласы калбайт. Экөөнүн ортосунда кандуу кагылыш болуп өтөт. Манастын ордосу таланат жана талкаланат.

«Алты арамдын» чабуулунан кийин мамлекеттин ордосунун кандай кейипте калгандыгы «Манаста» мындайча сүрөттөлөт:

Талынын баарын сулатып,

Тамынын баарын уратып.

Таш калааны талкалап,

Такыр чаап алыптыр.

Ар кайсы жерде оркоюп,

Ордонун орду калыптар,

Каныкейдин ак сарай,

Каалгасы темир, сом калай,

Төрт күл дөбө солуптур.

Буланы булап алыптыр,

Бузуку минтип салыптыр,

Как эткенден карга жок

Курулай талаа калыптыр:

Мынакей, тумшугунун алдынан башканы көрбөгөн «өздөн чыккан жаттын, өзөктөн чыккан өрттүн» сокур амбициясынын трагедиялуу натыйжасы. Ак мөңгүлүү Ала-Тоого, ак калпак кыргызга көз артып турган алыскы – жакынкы жоолордун көзүнчө өз мамлекетин, өз эгемендүүлүгүн өз колу менен талкалаган «Манастагы» «кыргыз» деген аты бар кош аяктуулардын жоругуна не дейсиз?!

 

“Өздөн чыккан жаттын , өзөктөн чыккан өрттүн” символу

Бул окуя улуу эпосубуздун бизге насыяттап калтырган сабагы, эскертүүсү деп ойлойбуз. «Абыке, Көбөш алты арам» – бул «Манастын» символу.  Абыке, Көбөш алты арам-граждандык, атуулдук жетилбегендиктин символу, өз улутунун келечеги, түпкү стратегиялык кызыкчылыктары, башка элдердин катарындагы аброю, ар намысы, коопсуздугу жөнүндө иши жоктуктун символу, күнүмдүктүн, кара жемсөө өзүмчүлдүктүн символу, акылсыз авантюранын символу, «өздөн чыккан жаттын, өзөктөн чыккан өрттүн» символу. Эгер улут ичинде Абыке, Көбөш алты арамдын күчү үстөм абалга ээ болуп кетсе, журттун калаасы бузулар, ордосу ойрондолор, ата конуштан бакыт, ырыс качар. Ушуну айтып турат бизге «Манас». Бизге калтырган Манастын эскертүүсү ушул. Биз бүгүн ушуну эске түйүп коюшубуз керек. Себеби 21-кылымдагы эгемендүү Ата журтубузда да «Абыке-көбөш алты арам» фактору активдүү аракетте туруп жатат. Улуттун эки душманы болот: ички жана тышкы. Тышкы душмандан да, ички душман коркунучтуу. «Манас» эпосунда кыргыз мамлекети тышкы жоодон бир жолу (Алоокенин чапкыны), ички жоодон эки жолу (1. Абыке-Көбөш. 2. Канчоро-Кыяз) кыйрагандыгын көрөбүз.

 

Каныкейдин жанын сактаган тирөөч

Каныкейдин акылман туюмунда  артында калган ботосу барда Манас тирүү. Туягы бар, демек, Манас өлгөн жок.   Семетейдин тирүүлүгү – Манастын тирүүлүгү. Каныкей ушул ойду эш тутту, ушул туюмдан канимет, шүгүрчүлүк алды. Анын туңгуюкка кулап бараткан жанын ушул ой тирөөч болуп сактап калды. Ушул ой аң сезиминин түпкүрүнөн чырак болуп күйүп, канышанын жанын аман алып калды.

 

 ”Качырлардын   арасында тулпар  карып…”

Бирок да ой жүгүртүү образы, жан дүйнө түзүлүшү бөлөк, руху бийик намыскөй Каныкейдин «бытовизмдин» сазына тыгылган Көбөш көрпенденин чөйрөсүнө ылайыкташып күн көрүүсү мүмкүн  эмес эле. «Качырлардын арасында тулпар карып, каргалардын арасында шумкар карып» дегендей, «алты арамдын» арасында Каныкей эч убакта өзүн адам катары сезе алмак эмес. Кара кийип, кансыраган жесир Семетей жалгызын алып Букарга качууну чечет.

 

Жалын менен шумкардын кармашы

Терең ойлонуп, Каныкей менен кан Көбөштүн ортосундагы конфликтиге дагы бир жолу кайрылып, жалпылай айтсак, бул конфликт адам коомунун турмушун алмустактан бери карай коштоп келе жаткан демейки, түбөлүктүү карама-каршылыктын кезектеги көрүнүшү катары кабыл алынат. Бул – адамдык руханий  бийиктик менен кишилик пастыктын ортосундагы карама-каршылык. Социалдык турмуштагы мындай антиномия дүйнө калктарынын адабияттарында асмандан учкан шумкар менен жерде боортоктоп сойлогон жыландын ортосундагы кагылыш-кармаш түрүндө аллегориялык формада чагылдырылып келе жатат. «Манастагы» Каныкей менен Көбөштүн ортосундагы конфликт адам моралынын диалектикасындагы ошо баягы эки полюстун дайымкы күрөшүнүн дагы бир вариативдик кубулушу эмей эмне? Парадокс ушунда, социалдык тарыхта бирде шумкар ийгиликке жетишсе, бирде жылан жеңишти салтанаттап, бул эки антипод ит жыгылыш болуп келет. «Манастагы» кармашта бул жолу шумкардын канаты кайрылып отурат.

 

Куугунтуктагы Каныкей же бала Семетей-бүт кыргыз  элинин  үмүтү

Балтыр бешик Семетейди бооруна көтөрүп, буттарында кийген өтүгү жок, жөө-жалаңдап Букарга качып бараткан жолдо «басайын десе ал кетип, балтырдан  кара кан кетип, жиликтин башы зыркырап, таманы ташка былчырап», ачка, ымыркайын эмизейин десе, эмчегинен сүт чыкпай, азап чеккен Каныкейдей трагедиялуу жан бул дүйнөдө бар болду бекен!

Ушундай шартта Каныкей эненин бүткүл үмүтү, бардык ой-тилеги, бардык санаасы кулуну Семетейди аман сактоо идеясынын тегерегинде жетим көпөлөк чыракты айлангандай айланып турат. Букарга  качып бараткан Каныкей үчүн боорундагы көтөргөн баласы – өзүнүн гана үмүтү эмес, «алты арамдын» үстөмдүгүнүн алдында калган бүт кыргыз элинин үмүтү, кыйраган Манас мамлекетинин үлпүлдөп жанган чырагы эле.

 

Букарга бараткан жолдогу улуу жолугушуу

Бакайдын, Каныкейдин, Чыйырдынын Букарга качып бараткан жолдогу жолугушуусун биз         УЛУУ ЖОЛУГУШУУдеп атаар элек. Чындыгында эле бул улуу патриоттордун жана даанышмандардын УЛУУ ЖОЛУГУШУУСУ болгон. Эмне үчүн?

Карыя ушул бала үчүн өлбөй тирүү жашаарын, ушул баланы 12 жыл саргарып күтөөрүн көз жаш аралаш какшап айтып, Таласта күйөөрү, күтөөрү, күрөшкө чыгаар адамы, Манастын тузун актаар абакеси бар экенин Каныкейге туйгузуп отурат. Каныкей болсо, «өзөнгө кырчын тал бүтөөрүнө» ишенич кылып, Бакайдын күткөн үмүтүн актоого чечкиндүү экенин туйгузуп, карыяга кайрат тартуулап жатат. Айкөл Манас атасынын тууруна кондуруу үчүн балапан Семейтейдин канатын жетилтүү- Каныкей менен Бакайдын арзыган арман-тилеги.

Мына ошентип, жолдо жолуккандагы Каныкей менен Бакайдын ортосундагы диалог жөнөкөй сүйлөшүү эмес, улуу мазмунга толгон УЛУУ БААРЛАШУУ, сырдашуу жана Ата журт тагдыры, анын келечеги тууралуу стратегиялык УЛУУ АКЫЛДАШУУ десек эч жаңылбас элек. Терең карап, айтылган сөздөрдүн ары жактагы маанисине кадалана үңүлсөк, Букардын жолунда Бакай менен Каныкейдин ушинтип акылдашканынан, Семетей аркылуу «өзөктөн чыккан өрттүн, өздөн чыккан жаттардын» Таластагы зордукчул бийлигин кулатуунун, Манастын ордосун кайра калыбына келтирип, арстандын туусун кайрадан орнотуунун, кыргыз мамлекетин, эл-журттун көз карандысыздыгын сактап  калуунун  улуу планы түзүлгөндүгүн, ушул максатта мындан аркы иш-аракеттердин стратегиясы аныкталгандыгын көрбөй коюшка мүмкүн эмес. Бул диалог – улуу мүдөө үчүн эки элдик кеменгердин ортосунда тымызын түзүлгөн УЛУУ КЕЛИШИМ. Бул диалог улуттун тагдыры жөнүндөгү  УЛУУ САНАА. Бул жерде куугунтуктагы Каныкейдин Букарда жүрүшүнүн жана Букардан кайтуусунун философиясы жана Бакайдын Таластагы УЛУУ КҮТҮҮСҮНҮН сыры, маңызы берилип отурат. Мына ушинтип, дагы айталы, Семетей эмчектеги «ыңаалаган» ымыркайдан улуттун улуу үмүтүнө айланат.

 

”Касиеттүү кыргызды кайрылып көрөр күн болсо”

Киндик кесип, кир жууган жеринде, балалыгы өткөн Букарда, падыша атасынын  камкордугунда жашап жүрсө да, Каныкейдин өзүн бактылуу сезе албагандыгына, тескерисинче, ичи күйүп өрт болуп, эки көзү төрт болуп, кыргыз жакты карап, саргарып санаага батканына айран калбай коё албайсың. «Касиеттүү кыргызды, кайрылып көрөр күн болсо, баштагыдай болтурса, Таласка кудай кондурса», деп дайыма ак эткенден так этет. Он эки жыл болуп калса да, күйүтү пастабай, күнү бүгүнкүдөй аза күтүп, өмүрлүк жарысыз өзүн тирүү өлүктөй сезгенин, «Талас», “Ала –Тоо” дегенде көөдөнүнөн көк түтүн бургуп турганын көрүп туруп, Каныкейдин «Манас» деген «айыкпас оору» менен түбөлүк ооруп калгандыгына жана ак калпак кыргыздын түбөлүк «мажнунуна» айланып кеткенине дагы бир жолу ынанабыз.

(Уландысы кийинки санда)

Советбек БайгазиевСоветбек Байгазиев,
Манас коомдук академиясынын академиги, Эл аралык “Руханият” сыйлыгынын лауреаты.

Айбат гезити №96




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru