Айбат » Кебетеси адамга окшош, бирок жүнү сапсайган неме экен

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Кебетеси адамга окшош, бирок жүнү сапсайган неме экен

Чоң атабыз Тагай мерген 70-жылдардын акырында, 85 жашында дүйнөдөн кайтты. Тагай атабыз Нарындын башы Жаңы-Жер-Улан деген адам барбаган калың карагай-чер токойлуу, коркунучтуу капчыгайга каттоочу экен…

Жүндүү адамМергенчилер ал токойдун чеке-белинен эле аюу, жолборс атып алып, тереңдеп киргенден жүрөксүшчү  тура.  Даап  барышпаптыр.  Бир  жайда  өзүнө ишенген жаш мерген Тагай ошол капчыгайды өрдөп ууга чыгат. Уунун  кызыгынан  кеч  калып,  түнөөгө  аргасыз  болот.  Атын таң ашыра байлап коюп, отту  чоң жагып, кайберен этинен шишкебек бышырып жеп отурса, бир маалда аты тыбырчылап, тайганы кыңшылап бут алдына сойлоп кирет.  Жүрөгү  бир жамандыкты сезген мерген мылтыгын октоп даярдап, туш-тушун аярлап караса эч нерсе көрүнбөйт, дабыш деле угулбайт. Анын  үстүнө  оттун жанында олтурган адамга караңгыда эч нерсе көрүнбөйт эмеспи.  Ошентип   отту   алоолонто  жагат да,  эттен  кесип жеп  олтура  берет.  Көп  өтпөй  оттун жарыгында  энтеңдеген  киши  сыяктуу  сөлөкөт  пайда  болот да, ал дабыш  билгизбей  басып келип  оттон алысыраак  жерге  адамча  чөк  түшүп отура калат.  Үн-сөзү жок.  Бир колу менен мурдун  калкалап  алган.  Кебетеси адамга окшош, бирок жүнү сапсайган неме экен.  Мерген же үн чыгарарын,  же атып жиберерин билбей  бир топко карап отурат.  Акыры эмнеси болсо да Кудайдан көрдүм  же өлдүм деп отто чала бышкан  эттен  бирчоң  кесимди  бычактын  учуна сайып тигинин алдына ыргытат. Ал бир колу менен  шып  ала  коюп  оозуна  салгандай болду. Дагы бир кесим ыргытты эле, аны да лып илди.  Ошентип  тиктешип отура беришти. Кимибиз биринчи кол салаар экенбиз деп эки көзү тигинин кыймылында .  Ал да көзүн албайт.  Таң сүрө ал акырын артка кетенчиктеп жыла баштады да, шып туруп чуркап кетти.”Таң атканын коркконумдан байкабапмын” – дейт мерген. Эртеси жарыкта бул желмогузбу, жин-шайтанбы деп тигинин түндө отурган жерин карасам, ыргыткан эки кесим эт жатат, жебептир. Атты отко коюп, уктап калып, кайра ууга чыктым. Мергенчиликтин кызуусу менен, күндүн батканын аңдабай калып, кечинде баягы үңкүргө келдим. Отунду тоодой үйүп, от жактым. Атты отко коюп, итти байлап, өзүм жатчу жерге чириген дүмүрдү киши сыяктуу узата жаткырып, тумагымды кийгизип, көрпөчөмдү үстүнө жаап койдум да, өзүм үстүңкү таштын жараңкасынан орун жасап, дөңгөчтү кароолго алып отурдум.Түн ортосунда атым кошкуруп, итим кыңшылай баштаганда даяр турдум. Оттун жарыгында баягы сөлөкөт аяр жылып келе жатат. Бир маалда катуу чыңырган бойдон келип дөңгөчтү басып жыгылды. Мылтыктын машасын кандай басканымды билбейм. Эсимди жыйсам таң атыптыр. Атым титиреп турат, итим жок. Ордуман калтырап түшүп келдим. Дөңгөчтүн үстүндө баягы жүндүү сөлөкөт кыймылсыз жатат. Союл менен оолактан туруп оодарсам жүндүү, эки көзү бар, тумшугу түлкүнүкүндөй уятуу, колу-буту кишиникине окшош, тырмактары жез экен. Тырмактарын, тумшугун кесип алып, өлүгүн ошол жерге таштап, айылга келип түлөө өткөрдүк. Эртеси ошол укмушту көргөнү бир топ адамдар менен барсак, үңкүрдүн жанында дөңгөчтөн башка эч нерсе жок. Бир топ издер калыптыр. Аксакалдар “жез тумшуктун” дагы тукумдары бар, өлүктү ошолор алып кетишкен тура, эми ал жакка барбагыла, өч алышат” – деп тыюу салышкан. Ошондон улам Тагай чоң атам ал жакка ууга чыкканды токтотконун айтып калаар эле.

Ысыката району

Айбат гезити №96




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru