Айбат » Иттин да арбагы болот

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Иттин да арбагы болот

Кыз жана иттин арбактарыДемейде биз көзү өткөн адамдардын арбагы болот деп коебуз. Ал эми жаныбарлардын да өлгөндөн кийин арбагы болобу. Башкасын билбейбиз, иттер өлгөн соң ошол өзү жашаган аймакта арбагы жашай тургандыгын кинологдор далилдешти. Алардын көпчүлүгү тирүү кезинде кожоюнунун колунан тамакка караганда таякты көбүрөөк жеген иттер болушат. Көрсө, денеси жерге көмүлгөн менен астральдык телосу каардуу кожоюндан өч ала берет экен. Ал эми АКШнын Оук-стрит аймагындагы окуя таң каларлык. Көп кабаттуу үйгө бир бойдок жигит квартирант болуп кирген болчу. Көп сүйлөбөгөн жоош бул жигит биоэнерготерапевт экен жана Джерри аттуу итке тажрыйба жүргүзүптүр. Кошуналарынын айтуусуна караганда алар дайыма бир иттин кыңшылаганын угушкан. Бир жолу эртең менен Джеррини подьезде мойнуна муунткандай байланган жип менен көрүшкөн. Сыягы, ээси аны ушинтип өлтүргүсү келген окшойт. Бирок, иттин каерге көмүлгөндүгүн эч ким көрбөйт. Ал эми тиги квартирант да башка жакка көчүп кеткен. Бир нече убакыттан кийин ошол каргашалуу биринчи кабаттагы үйдүн терезесинин астында башка кара ит пайда болот. Ал дайыма бирөөнү аңдыгансып отурчу. Бул кара иттин алгачкы курмандыгына ушул чөйрөдө жашаган жаш жигит айланды. Денесинин эч жерине залал келбеген менен анын өңү-түсүнөн катуу корккондугу белгилүү эле. Бирок ал жигит өлгөндөн эки күн өткөн соң көкүрөгүнөн иттин катуу тиштегени байкалып турду. Алэми Далаластан келген наркоман кызга каргашалуу бул бөлмө жөнүндө канчалык айтылгандыгына карабастан квартирант болуп кирип алып, ал да жарык дүйнө менен кош айтышты. Оболу Джерринин арбагы кыздын көзүнө кокусунан көрүнгөн. Ошондо ал жумуштан кеч кайтып, аялдамада өзү жалгыз турган эле. Иттин көзү аябай чоң көрүнүп, жашылданып жанып көрүнөт. Ушул караан жаш кызды көпкө артынан акмалап жүрөт. Бирок күндөрдүн биринде кокусунан кандай пайда болсо, ошондой эле байкалбастан жоголуп кетет. Ал эми бир нече күндөн кийин үйдүн сыртынан дабыш чыгып, корккон кыз сыртты эшиктин көзөнөгүнөн караса килейген бир ит туруптур. Арадан бир күн өтпөй эле байкуш кыз көз жумат. Ал өлөрдөн мурда кошуна аялга артынан бир кара ит акмалап калгандыгын, ошондон улам башы чыдатпай ооруп, депрессияга кабылгандыгын айткан экен. Бул иттин арбагы менен арбашкан көрүнүш эле. Ушул шумдуктуу окуяларга карабастан бул бөлмөгө дагы жаңы квартирант болуп жаш жубайлар киришет. Бир ирет уктаар алдында жаш жигиттин эсине бала кезинде кичинекей күчүктү кармап, өлөрчө сабаганы эске түшөт. Эмнегедир бул окуяны төкпөй-чачпай келинчегине айта баштайт. Түн ортосунда чочуп ойгонуп, сыртта чоң ит жүргөндүгүн айтат. Бирок келинчегинин көзүнө эч нерсе көрүнбөйт. Арадан үч күн өтпөй, бул жаш жигит автокырсыкка кабылат. Баса, жаны чыкканча өзүн машинанын астына кандайдыр бир чоң кара ит түртүп жибергендигин врачтарга айтып калууга үлгүрөт. Көрсө, жогорудагы үч бейкүнөө адамдын өлүмүнө баягы Джерри деген муунтулуп өлтүрүлгөн иттин арбагы себепкер экен. Демек, итти да кыйнабаш керек турбайбы.

Айбат гезити №96




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru