Айбат » Жети-Өгүз районунда таза суу маселеси чоң көйгөйгө айланды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жети-Өгүз районунда таза суу маселеси чоң көйгөйгө айланды

сууЖети-Өгүз районунда 40 айыл бар болсо, анын көпчүлүк тургундары таза суу ичишпейт. Алсак, Дархан, Актерек айылдары азыркы күнгө чейин сууну арыктан ташып ичишет. Ошол себептен айыл тургундарынын арасында сарык оорусуна чалдыккандар көбөйүп кеткен. Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук мамадминистрация башчысынын орун басары Гүлсүн Чыныбаева билдирет, деп маалымдады аймактык кабарчы Замир Асаналиев.

Орун басардын айтымында, союз убагында ишке киргизилген суу чыпкалоочу, тундуруучу жайлар керектен чыгып, кароосуз калган.

Дархан айылында 20 миңге жакын калк жашайт. Ал айылдагы суу тутумун калыбына келтирүү үчүн көптөгөн каражат керек. Дегеле, райондогу таза суу маселесин чечүүгө 200 миллион сом талап кылынат. Андай акча райондо жок кайдан болот, дейт акимдин орун басары.

Булак : Баракелде




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru