Айбат » Кол өнөрчүлүк: ала кийиз, аламач, ат жабу.

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Кол өнөрчүлүк: ала кийиз, аламач, ат жабу.

Ала кийиз“АЛА КИЙИЗ” (карала кийиз) «Кыргыз кийизге туулга» (макал). «Ала кийиз, төшөк  жок, Жерге жатты кайран эл» (Ысак). Түр-оюм түшүрүлүп, уютулуп жасалган кийиз  буюм. Алардын толук жердиги жүн болгондуктан элибизде кийиз буюмдары арбын.  Бул адими буюм катары бааланат да, узак убакыт урунууга шартташкан. Ала кийиз (карала кийиз) деген ат илгери кара жана ак койдун жүнүнөн эле түр  түшүрүүнү түшүндүргөн. Уяң жүндүн баары эле боекко жакшы кириши мүмкүн эмес.  Кылчыктуу, жарым кылчыктуу жүндү да боёкко абдан кандыра салып, муздак суу менен жакшылап жууп алышыбыз керек. Бирок, ал мындай караганда бир аз  бозомук тартып калышы да зарыл. Уздардын айтымында бир койдун жүнүнө (болжол менен алганда бир чоң чака  суу, 200 грамм боёк туура келет). Эгер жүн малыш койдуку болсо, ага 300, 350 грамм  боёкту сарптоо максатка ылайыкташат. Орточо ала кийизге он кг. кара жүн керек.  Анын түрүнө бир жарым кг. жүн чыгымдалат. Оюм жашыл, кызыл, ак, сары өңдөргө тармакталып келет. Мында «уй мүйүз оюмун» чарчыланта берүүгө да болот. Ала кийизге түшүүчү көркөм оюмдардын ички дүйнөсүн өңү-түсү ачат. Мында  буюмдун четтиги кара кийизден жалаң берилип, айрым чеберлер аны да «ала мончоктотот». Ала кийиздеги «ала мончоктотуу» — бул шырдак оюмундагы «араа  тиш», «бычак учу», «ит куйрук», «бадам» сыяктуу негизги оюмдарды  айырмалоочудай мааниге ээ көрүнүш. Анан кийиздик оюмду бере турган четтеги  төрт бурчу ак-карадан «ала мончоктолот» да, кадимки кийиз оюмдары берилет. Эгер  кара фонго оюм кызыл жүндөн тарамдалса, анда ал ак жүн аркылуу «жээктелет…»  Мында ар бир кийиз оюму бири-биринен айырмалануу үчүн ошол «ала мончокту»  (оюмдарды бөлүп туруучу көркөм белги) жүргүзүү тийиш. Кийиз ак, кара, кызыл өңдөрдөн турса, уютуу учурунда алар биринин супсундары бирине өтүп, кандайдыр  кара күрөңдөнүп, кара малаланып, же кызгылттанып, боёктору кереметтенип,  жаратылыштын бир нооматына келип турган таланттуу сүрөтчүлөрдүн сыйкырдуу  чыгармаларындай сезимге өтө эле жагымдуу таасир келтирип турат. Буюмдун четин кара жүндөн тарап туруп, эки элидей сарыдан четин «жээк»  берип, жашыл менен кызылдан түшкөн «бадам оюмунун» араларын сары өң аркылуу  берүүбүз керек. Мына ушул үч өңдү ич чара айырмалата берүү менен «табак оюму», «бармак башы оюму» сыяктуу кооздуктарды текшилеп төптөштүрө берүүгө да  укмуштай машыгышкан уздар бар. Минтип, кызыл-жашыл өңдү кийизчиликте  колдонуу азыркы учурда жапырт салтка айланууда. Андыктан бул эки колоритти  күчтүү өңгө мала сарыны данакер катары пайдалануубуз керек.

Ооба, ала кийиз үчүн күрөң, мала сары, көгүш, кара өңдөр мүнөздүү болот. Анда  көбүнчө «кочкор мүйүз оюмунун» төбөсүнөн «карга тырмак» чыккан оюм  элементтери жаралат да, буюмдун ортолугу кадимкидей табакча сымалданып  кетүүсү керек. Мунун ичинде «шырдак оюмдарынын» элементтери көбүнчө «мүйүз  оюмдары» аркылуу мүнөздүү келет. Андыктан ак өңдү ала кийизде арбын  пайдалануу буюмдун бетин «алачакмактатып» (чакчайтып) таштайт. Оюм уюлданып, чагаракталып, үзүл-кесилсиз берилүүсү тийиш. Ала кийиздин кооздугу — оюмду майда-майда берилүүсү менен бардык өңдөр ич  ара жуурулуша аралашып, ортодон бир өңдүн чыгуусу менен ойдогудай бааланат. Ал  ак да, кызыл да, күрөң да, көк да, жашыл да эмес, ортодон бир өң чыгаруубуз зарыл.  Башкача айтканда көп боёктордон сүрөтчүлөрдүн пейзажын элестете алышы керек. Эгер көркөм буюмга ак, жашыл, кызыл, сары өңдөр болсо, анда көк-жашыл менен  ак-кызыл менен жупташат. Мунун четине «чагырмактан», «ит куйруктан» ак-кызылдан «аламыч» түшөт да, буюм ортосунда төрт табакча үзүл – кезилсиз берилет.  Фону кызыл өңдүн ичинде «кош мүйүздүн» үстүнөн «кайкалак» (мүйүздүн башка  түрү) түшөт. Ал «карга тырмак» менен да айырмаланат. Минтип айтып жаткан  себебибиз мыкты оймочулар жөнөкөй оюмдарды түрлөнтүп жиберүүгө өтө кылдат  келишет. Так баяндаганда, «кош мүйүз оюму» «карга тырмак оюму» менен биригип,  табакчаны түзсө, экинчисинде, тик берилген «ит тырмак оюму», «кош мүйүз оюму» аркылуу биригет. Ушинтип, буюмдун ортолук табакчалары ирээти менен пайда боло  берет. Ал эми төрт бурч берилген бул табакчалардын эки четтеринде үч бурч  (тумарча) «жарым табакча оюмун» элестетет да, ал жашыл ак түстө беттелсе, жарашыктуу көрүнөт.  Мында уздар шырдак менен ала кийиз оюмдарынын негизги  элементтерин бири-бирине алмак-салмак колдоно берет) Жалпы жасалга  буюмдарынын ичинен көпчүлүктүн көңүлүн тегиз тартып туруучу эмоциялык ачыктыкты, тактыкты, мыйзам ченемдүүлүктү өзүнө сиңирип турат. Абалы буюмга тандалган кара жүндү тазалап алат. Аны сабап, чийге чабактап,  бышыра электе эле жууйт. Мында кийиз былбырап калат. Оюм түшкөн ылдыраган  кийизди кара кийиздин үстүнө жаткызып алат. Эми жаткызылган оюмдун аралары,  ички кысыктары ар түрдүү жүндөр менен толтурулат. Ачык айтканда, оюмду ичинен  оюм жаралат. Койдун бөтөнчө, кара койдун күзгү жүнү мыкты болот, уяң жүн  бышырганда анча кирбейт. Анткени менен боёкту ырас кабыл алат.  Чеберлердин чечмелөөлөрүндө майда оюмдар түшсө, ал «кыз оюм» деп аталат.  Эгер кийиз бетине кезек оюмдар болсо, «чоң оюм» дейт. Буюмдардагы негизги  оюмдардын (ала кийизде оюмду «түр» деп айтса да болот) араларын , ачык жана так  көрсөтүү үчүн живопистик маанай берүүдө уздарда кооздукту тааный билүү касиети бар. Буюмдун четтик оюму кезек берилиши мүмкүн. Мисалы, «бадам оюмдун» четине  «бычак учу» (араа тиш) түшөт. Аянттуу буюмда төрт табакча орун алат. Ал «жалпы  оюм» аркылуу берилет да, негизги оюм өтө майда көрүнөт. Ар бир табакча төрт бөлүктөн турат. Анын ар биринде үч-төрттөн оюм элементи кездешет. Ал  табакчаларда «бугу мүйүз оюму» да орун алат. Демек, көркөм оюмдарды мындай  берүү биз үчүн илгерки энесайлык кыргыздардын буюм үлгүлөрүн элестетет. Биз анын кызыл-көк өңдөрдү беттеп, көркөм оюм берген көлөмдүрөөк буюмда  өңдү ача, ич ара жупташууларын табууда уздар кол боёкту кое туруп, күрөң менен ак  жүндүн өзүнүн нукура бөтөнчөлүгүн уздуктукта колдоно билишет. Айткандай,  буюмдун жердигинин нукура болушу көркөм кол өнөрчүлүктүн элдик салтына коошуп турат. Демек, буюмдун өңүн жердиктин өзүнөн издөөгө болот. Кара койдун, боз койдун, кызыл койдун, күрөң койдун, көк койдун кыркылган өз жүнү эле боёктук милдетти аткарат..Натыйжада, буюмга түшкөн көркөм оюм-көчөттөрдүн өңү өтө эле  ачык, ала чакмактанбай, коңур, басмырт баамдалып, таланттуу сүрөтчүнүн көп  боёкторду ич ара сиңирип, сыйкырдуу кыл калеминен жаралган жаратылыштын  бир кооз көрүнүшүн элестетип кетет.

«АЛАМАЧ» — шырдактын ортолук оюму (борбордук оюму) менен жээк оюмун  (четтик оюмун) бөлүп туруучу түр. Ал көбүнчө ак-карадан, кара-сарыдан берилет.  Аны «ала мончок» деп да атайт. Ал «араа тиш оюмдан», «тумарча оюмдан», «ийрек  оюмдан», «ит куйрук оюмдан», «бадам оюмунан», «бычак учу оюмдан» ж.б.  оюмдардан түшүрүлөт. Аламач — буюмдун четине да, ортосуна да коюлат. Айрыкча,  ак жана кара өң буюмдун түзүн аттын кашкасындай ачып, жалпы эле кийиздин  ажарын өзүнө оодарып турат. Ошондуктан, мунун четине көбүнчө «тумарча оюму», ортосуна «бадамча оюму» түшүрүлөт. Кийиз оюмдары үчүн кара-ак өңдөгү «аламыч» түбөлүктүүдөй туюлат да, ар  кандай өңдөгү ортолук жана четтик оюмдарды бөлүп турат. Көк-кызыл оюмдарга  жүргүзүлгөн чаар «ыскыттар» (милтелер) сайманын «суусундай» дааналап көрсөтөт.  Анын «аламычы» «кош мүйүздөн», «бадамдан» болот. Уздар «Жээк (четтик) оюмун» көбүнчө өзүнүн «жарым кыялынан» да түшүрө алышат. Акыйкатта, мыкты уздар элдик үлгүлөрдүн жалпы кооздугуна доо кетирбей  туруп, өзүнчө «чыйыр салып», чыгармачылыкта буруп, «табак оюмдун»  композициясын куруп кетет. Мында «кочкор мүйүздөрдүн» башына «карга тырмак» чыгарып, экөөнөн бир табакчаны түзүү, же эки «кочкор мүйүз», эки «карга  тырмактан» бир табакча жаратуу аркылуу четтерине «араа тиштен», «аламыч»  курчоо менен түр шырдак кармоо уздарда мыкты өнүккөн. Буюм четиндеги карама-каршы «жүрөк оюму» «жагалмай канат оюму» менен  бириксе, «жээк оюму» болуп көрүнөт. Ага сарыдан «милте» басып, ак-карадан «араа  тиш», «аламыч» түшкөндө «милтеси» мала кызылдан келиши шарттуу сезилип, бул буюмдун өңүн даана ачат. Анын «ортолук оюму» толук төрт табакчаны түзүп төрт жеринен «карга тырмак оюму» чыгат. Негизги күрөң кызыл менен ач жашыл өң бирин-бири жутушпай, алардын жүздөрүн сарыдан бастырган «милте» ачат. Борбордук оюмдун бурчтарын жарым табакчалар бүтөйт. Мында   «аламычтардын» арбын түшүшү буюмдун дубалга килем ордуна тартылышына да  ойдогудай шартташат. Же шырдактын «четтик оюмун» «жарым кыялдантып»,  «жагалмай канаттантып» буюмдун жалпы танабын кочкул кызыл менен көк өң өзүнө оодарып, сары-карадан берилген «аламыч» куп жарашат. Шырдактын  «ортолук оюмунун» четине да ушундай «ит куйрук оюму» түшүп, борбордук  табакчалардын араларына жарым табакчалар орун алышы керек. Мында да негизги  көк-кызыл өң биринчи кара-сарыдан турган «аламыч» экинчи түрдө көрүнөт.

АТ ЖАБУУ (тикек) — Ат жасалгаларынын мерчемдүү бөлүгү. Ээрдин алдынан,  тердиктин үстүнөн аттын соорусуна чейин жабылуучу көркөм буюм. Сынга толуучу  аруу буюм ат жабуу өрмөкчүлүк (терме, кажары, беш кеште) менен катар  саймачылык менен асемделет. Демек, эндей таарга жана кездемеге сайма  көчөттөрүн көчүрүү үчүн уздар ботонун, койдун жүнүн ипичке ийрип, аны оңго жана  солго чыйратышкан. Ат жабууну кадимки жүн жиптер менен саймалаган. Четтериндеги түймө чачыктары шуруланып, төкмө жана топ чачыкталган түрүн  «тикек» (дикек) дейт. Мында буюмдун жердиги, сары таарыдан турат да, ага кызыл,  көк өң менен сайма көчөттөрүн түшүрүшөт. Ал сайылган кештелер балыш- жаздыктарга берилген: «тогуз төбө», «байчечек», «кайкалак», «допу талаа»  көчөттөрүнө окшошуп жана үндөшүп турат. Тикектин жердиги кездемеден да тандалат. Анда ага көбүнчө «илме дос» (илме- илме, илип саюу) мүнөздүү келет. Ат жабуу кийизден да болот. Демек, ар түрдүү жердикке мына ушундай сайма  көчөттөрдү алмак-салмак түшүрүү Түштүк Кыргызстанда бөтөнчө өнүгөт. Тактап  айтканда, мында буюмдун жердиги үчүн чеберлер төөнүн, койдун жүнүн даярдашат.  Кийинчерээк кебезди да ийрип чыйратышкан. Өрмөктү курууда бир өңчөй өңдөгү жиптер гана күзүктөлүп, эриш жип (өрмөктүн үстүңкү-астыңкы жиптери) ичке  ийрилген. Ага аркак (эриш жиптердин ортосунан өтүүчү шоона жип) өткөрүп, эч  кандай көркөм көчөтсүз, эндей согулат. Адатта, жүндүн түсүнө карата анын өңү саргыч, ак, кызгылт, кээде кара да болушу ыктымал. Демек, ушул таарга уздар «илме  дос», «илме сайма» өңдүү сайма ыкмалары аркылуу көркөмдүктү беришет. Саймачылар буюмдун четине «төкмө чачык», «тор чачык» берет. «Жээк» катары  кажары таарынын ыкмасында ак менен карадан «кош кайкалак көчөтүн» (багжагай)  эки элидей эндүүлүктө келтирет. Анын четинде өрмөкчүлүк жана саймачылык  аркылуу четтик көчөт көчүрүүгө да болот. Анын эки тарабына «чычкан изин»  түшүрөт. «Багжагайдан» кийин буюмдун жердигине сайма көчөттөрү сайыла  баштайт. Анда көркөм көчөттөр «жарым кайкалактын» элементтеринен турат да,  бөз жердикке түшкөн, көк, сары, кара, кызыл өңдөрдү көк (ток көк) өзүнө оодарып,  буюм түшкөн четтик көчөттөгү «чычкан изи» (суу) өзүнчө «ала мончоктоло» берилет  да, анын четтерине теке мүйүздөнгөн көркөм элемент-көчөттөрү болот. Ортолук  көчөт эки чоң тегерекчеден, тактап айтканда, табакчадан турат. Андан бутактанып  экиден төрт кичине көчөт бөлүнүп чыгат. Табакчалардын ичи-сырты жарым  кайкалак жана жылдызчаларга жыш толтурулган. Жалпы көз карашта алганда,  мында өңдөрдүн ич ара айкалышын жана сайманын ыкмасын биринчи орунга  коёбуз. Элүүнчү жылдары улуулардын нускоолору менен чеберлер бул буюмга жапырт  узданууга аттанышат. Сайманын мындай үлгүлөрү салттуулукта кармоонун  көөнөрбөс нускаларын далилдеген. Бул сайманын эски ыкмаларын дал өзүндөй  сактоо менен көркөм көчөттөрүбүз элдик нукта, андагы уздардын уздук  кызыкчылыктары да элдик мүнөздө болот. Ат жабуунун четине «чымын канат» түрүн калтырып, ал өрмөктө ак-карадан  терилгендиктен бир аз ала чакмактана берилет. Мунун четтик көчөттөрү өтө эндүү  болот. Аттын соорусунун эки жагына жаба этектеле түшүрүлгөндөй бештен он  окшош көркөм көчөттөр кабыргаланып, тоту куштун канаты сыяктантып, «жарым  кайкалак көчөтүнүн» элементтерин арбын пайдалануу керек. Анын чачылары  чыйрак чыйратылган кара шоонадан төкмөлөнө берилип, атка жабылганда  кооздуктун өзүнчө ажарына келет. Терме таар ат жабуу адими буюмдардын катарына кирет. Ат жабуунун формасы, жасалышы жана пайдаланышы боюнча бир нече түрлөрү бар. Ал «кара терме»,  «кажары терме», «беш кеште», «пиязы таар» түрүндө да болот. Эгер сайма көчөттөрү түшүп, чети түймө-чачыкталса, аны «тикек» дейт. Мисалы кажары терме түшкөн ат  жабууга үлгү катары «тай туяк» деген көчөттү түшүрүүдө термечи өрмөк күзүгүнө жыйырма алты тал жипти жүгүртүп алат. Ал он үчтөн бөлүнүп, асты-үстүнө чыгат.  Ал жиптер кызыл менен көктөн болсо, абалы бир көк жипти өйдө терип, анын  бирөөсүн алдына калтырат. Биринчисинде, үч көк жипти үстүнө чыгарып, бирөөсүн  алдына калтырат. Экинчисинде, үч көк жипти үстүнө чыгарып, бирөөсүн алдына  келтирет. Үчүнчүсүндө, төрт көк жипти өйдө терип, төрт кызыл жипти алдына  таштайт. Эми беш көк, жети көк, тогуз көк жиптен кийин алты кызыл жипти  калтырат. Дагы он көк жип үстүнө чыгат. Кызыл жиптен беш талы алдына түшөт.  Мындан кийин төрт көк жип, эки кызыл жип үстүнө, дагы төрт көк, анан беш кызыл   жип үстүнкү «кеште үчүн» түшөт. Эми үчтөн кызыл-көк үстүнө, дагы төрт көк менен  беш кызыл жип, бир көк жип, беш кызыл жип, жети кара жип, бир көк жип, беш  кызыл жип, тогуз кара жип чыгат. Кажары көчөтү биротоло түшкөндөн кийин анын  четинин «секиртмеси» («чычкан изи», «ала мончок», «бычак учу») үчүн үч ак, үч кара  жипти күзүктөп кетет.

Айбат гезити №96



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru