Айбат » Кадр алмашуудан сумма өзгөрөөр бекен…?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Кадр алмашуудан сумма өзгөрөөр бекен…?

Ал тургай, бир жумадан бери министрлер өздөрү орун бошотушуп, өз ыктыярлары менен арыз жазганга өтүштү. Тактап айтсак, Ички иштер министри, Маданият жана маалымат министри кетип, орундарына жаңы министрлер жактырылып отурат. Эми кечээ Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева өз ыктыяры менен кызматынан кетүү арызын жазганда, булар митинг-пикетсиз кантип эле орундарын оңой бошото калып жатышат деген пикирлер да жаралбай койгон жок. Ички иштер министрлиги талаш-тартышсыз эле Мелис Турганбаевди акырын алып келип отургузуп коюшту. Мындан Маданият жана маалымат министрин дайындоо вазыйпасы чиновниктерге жана коомчулукка өтө түйшүк жараткандай болду. Себеби, бул тармакка ишти жөндөп кете албаган Камила Таалиеванын мерчеми жалпы коомчулукка сабак болду көрүнөт, жаңы жактырылып жаткан маданият министринин келишин уу-дуулап ураан менен коштоп, кол чапкылап жиберишти. Эми дайындала турган Саламаттыкты сактоо министрлигинин айланасында бир топ каңырыштар талкууга алынууда. Ал тургай, бирин-экин талапкерлердин да аты-жөндөрү белгилүү боло калгандай.

328752

Саламаттыкты сактоо министрлигин саксактагандар

       Бизге жеткен айрым маалыматтар боюнча эмитен эле аталган министрлик кызматка жең ичинен сүйлөшүүлөр жүрүп, ага “Кыргызстанда азырынча аты-жыты жок (бир тууган кайниси Марат Тазабековдун “Акипрессинен” чыгып эле калганы болбосо-авт.) Талант Батыралиев аттуу адам барат экен, ал акыркы кездери Туркиянын бир клиникасында иштеп жатыптыр, ал менен бирге президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовдун бир тууган карындашы иштейт экен, анан ал аркылуу Ниязовго чыгыптыр” деген узун сөздөрдүн учугу уланууда… Батыралиев медицина тармагында Кыргызстанга эмгегин 80-жылдары 3-4 жыл гана арнаган, кардиология институнда Миррахимовдун кол алдында катардагы кызматкер болуп иштеген кадр. Ал жактан кеткенде ызы-чуу менен кеткен деген маалыматтар айтылат. Т.а. ошол учурда иштеген кызматкерлер аталган институттан кымбат баалуу медициналык “Polaroid” пленкасы жоголуп, сыйпалап таппай калышканын, Миррахимов өзү башында туруп комиссия түзүп, иликтеп келгенде күнөөлүү деп Батыралиев табылып, анан Мирахимов “өзүң арыз жазып кетесиң же милициянын колуна салып берем” дегенде, берки арызын жазып кеткени боюнча күбөлөр бар дешип божурагандар бар дейби? Ошол арыз жазып кеткен боюнча медицина тармагында бизнес кылып, четөлкөлөп кетет. Эми жоктон тапкансып, Кыргызстандын саламаттык сактооо системасынын абалы менен тааныш эмес, Туркиянын бир ооруканасында иштеп жатат деген кадрды алып келмекке Фарид аке бел байлап жатканы кандай? – деп өлкөдөгү айрым саясий интернет булактар жазып чыга башташты. Ал кишини Түркиянын бир атактуу клиникаларынын биринде иштеп жатат дегендери менен бул жактан атайын кат жазып, сурамжылоо кылгандар да болбой койгон жок. Сурамжылоонун жыйынтыгында Фарид акең алып келчү Батыралиев ал жакта иштебейт экен. Ал жөн гана ошол клиникада консультант кызматын кылаары анык болду. Бу киши министрликке келе электе эле минтип калп айтканды баштады, министр болуп алса, казаны кайнаар бекен деген түкшүмөл ойлор жаралбай койбойт. Кызыгы, Фарид акең бул жагына тартып тырпырап жатса, Оторбаев ар жакта Элмира Ибраимованын эжеси Айнура Ибраимованы алып келмекке кызыктар болуп жатканын эшиттик. Кокус, премьер түрткөн киши келип калса, эжесинин жегенин сиңдиси жашырып, жыргал турмуш болот өңдөнүп калды окшойт?… Анткени, сиңдиси эсептөө палатасын жайгарып турса, бул министрлик бир-эки жылда коррупцияга белчесинен батат го. Анан калса Ибраимовалар эже-сиңдинин бир иниси да тышкы иштер министрлигинде орун басар эмеспи. Элмира Ибраимова убактысында бакиевчилердин, акаевчилердин табакташы болуп жүргөн. Бакиевчил заманда бир тууган эжеси Айнура Ибраимова ФОМСдун директору болуп иштеп, анын каражатын өзү билгендей жумшап, акырында былыгы чыкпас үчүн, орун басары, кол баласы болуп жүргөн, Болот Элебесовду, ордуна койуп, өзү башка кызматка кеткен. Аны койгон күндө да, былыгы чыгып бара жатканда, өкмөттүн мүчөсү Элмира Ибраимова кызмат абалынан пайдаланып Болот Элебесовду, Максим Бакиевдин ЦАРИИ Фондусуна кызматка которуп койгон. 7- апрелдеги төңкөрүштөн кийин, Элмира Ибраимова, өзүм билемдикке салып, убактылуу өкмөттүн чечими жок эле, Болот Элебесовду ФОМСдун директорлук кызматына койгон. Бирок, ФОМСдун жамааты бир күн аны иштетпей, кууп чыгышкан. Кыргызстан ата даңкы менен келген жүүнү бош кадрларга муктаж болуп калды беле. Эгерде, жаш кадрлар «бизге орун бергиле иштейли» деп сак-сактап турганда.

 

 

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru