Айбат » Мавлян Аскарбековдун демөөрчүсү Равшан Жээнбеков, Равшан Жээнбековдун демөөрчүсү Батышпы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Мавлян Аскарбековдун демөөрчүсү Равшан Жээнбеков, Равшан Жээнбековдун демөөрчүсү Батышпы?

долларыӨлкөбүздө курултай, митинг, пикет өткөрүү сыяктуу көрүнүштөр бизнестин бир түрүнө айланып калды. Кол жоорутуп, бел оорутуп кыйналгысы келбегендердин баары эле курултай өткөрө коет элем деп, эзелтен келаткан бул сөздүн да баркын кетирип бүтүштү. Акыркы мезгилдерде бийликке кыр көрсөтүп, сын айтып жүргөндөрдүн бардыгы эле кандайдыр бир партиянын, же кыймылдын лидери. Арасында «жөнөкөйү» жок.

Мына ушундай «лидерлердин» бири, «Эркин эл» деп аталган партиянын төрагасы да, жападан жалгыз мүчөсү да өзү болгон Мавлян Аскарбеков аттуу Турсунбек Акундун оозу менен айтканда «аферист» 27-сентябрда Талас облусунда курултай өткөрөт элем деп чуркап жүргөнү тууралуу “Белый парус” сайтты жазып чыкты. Буга чейин жасаган «аферисттик» аракеттеринен тапкан акча каражаттары түгөнүп бараткан ал башын катырып отуруп акыры Таласта курултай өткөрө коюуну чечкен экен. Мындай идеясы болгону менен чөнтөгү бош Мавлян мырза «кичи-кичилеп» көрүнгөн саясатчы менен бизнесмендердин кабылдамасында болуп кайтыптыр. Алардын арасынан Кыргызстандын 342 мамлекеттик объектисин ит бекер баада менчиктештирүүгө «узатып», чөнтөгүн кампайтып алган Равшан Жээнбеков гана макулдугун берип, колуна 60 миң доллар карматып узатканы маалым болду. Ал деле менчиктештирүүдөн тапкан акчаларын жөнү жок ар кимдин колуна кармата бербеси аштан бышык деңизчи, андыктан ал батыштагы Кыргызстанды дестабилдүүлүк менен камсыз кылып туруу багытында иш алып барып жатышкан саясый күчтөрдөн андан да чоңураак суммада акча алганы айтылууда.

Ошентип «эми акча колдо» деп алакан ушалаган Мавлян Аскарбеков канткенде 60 миң долларды коротпостон курултай өткөрө койсом деген «баш оору» менен ооруп атканын жанындагылары бизге кулак кагыш кылып отурат. Ишенимдүү булактардан алган маалыматыбызга таянсак Аскарбеков өзү учурда ижарага алган батиринде жашайт экен. Андыктан жеке менчик үйгө ээ болсом дегенде эки көзү төрт болуп жүргөн ал, 60 миң долларды алып барып квартира алып коюшу кеп эмес деп жанындагылардын ичтери тырчыганы байкалат. Ал эми Таласта өткөрө турган курултайларын эптеп батыштан алган акчаларын актоо үчүн гана орусча айтканда «показуха» кылып өткөрүп коюуну чечишиптир. Кызыталак ээй, акча табуунун, болгондо ири суммада акча табуунун жолу бул жакта жаткан турбайбы дешип, эми Кыргызстандагы жумушсуздардын баары бирден партияга төрага болуп, Мавлян мырзага конкурент болуп калышпаса эле болду?

Айбат гезити №97




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru