Айбат » Садыр Жапаров банкрот кылган «Жыргалаңдан» өкмөт 100-150 миң тонна көмүр өндүрмөкчү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Садыр Жапаров банкрот кылган «Жыргалаңдан» өкмөт 100-150 миң тонна көмүр өндүрмөкчү

Жыргалаң2012-жылдын 3-октябрында «Кумтөрдү» шылтоолоп бийликти күч менен басып алуу планы ойрондолгон соң депутаттык мандатынан ажырап, абакка отуруп чыккан Садыр Жапаров мындай «барбарос планын» былтыр 7-октябрда да жүзөгө ашыра албай ичинен түтөп жүрү. Ага ишенип чыккан жаштарды коргомок түгүл, өз жанын ала качып учурда эски кожоюну Курманбек Бакиев жашаган Минскиде күн кечирүүдө. Ал эми ал убагында итбекер сатып алган «Жыргалаң» шахтасына өкмөт жан киргизүүгө шымалана киришти.

Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаев жергиликтүү агенттиктердин бирине курган маегинде жергиликтүү тургундар «Жыргалаң» шахтасын иштетүүнү талап кылып жатканын кабарлаган. Мындан улам, бир жылдан бери иштебей турган кен ишке киргизилерин 1-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев күз-кышка карата даярдыкка арналган жыйында билдирди. Анын айтымында, өкмөт 10-октябрдан тартып «Жыргалаңды» ишке киргизүүнү пландоодо. «Өкмөт өкүлдөрү «Жыргалаң» шахтасында болуп кайтышты. Ал жерден 100-150 миң тонна көмүр өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар» деген Т.Сарпашев аталган шахта көмүрдү кышкы сезондо арзан баада сатууга шарт түзөрүн кошумчалады.

Айбат гезити №97




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru