Айбат » Бакыт Бакетаев: “Эгер уюшкан кылмыштуу топтордон да мүчөлөр депутат болуп келе бергенге мүмкүн болсо, анда соодабыз бүткөн экен да”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бакыт Бакетаев: “Эгер уюшкан кылмыштуу топтордон да мүчөлөр депутат болуп келе бергенге мүмкүн болсо, анда соодабыз бүткөн экен да”

Бакыт Бакетаев- Бакыт мырза, бүгүн ЖК отурумунда депутаттар оор жана өтө оор кылмыш кылып соттолгондор, уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси барлар жана жогорку билими жоктор саясый кызматтарда жетекчилик кыла албайт деген өзгөртүүнү экинчи окууда кабыл албай коюшту. Муну кандайча түшүнсөк болот?

– Өтө таң калычтуу болуп калды. Мен да ошону түшүнө албай башым катып отурат. Алардын мындай чечимин түз түшүнсөк, анда эми уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да Жогорку Кеңешке депутат болуп келе алабы? Мен буга ишене албай турам. Себеби ЖК депутаттарынын арасында патриоттор бар эле, юристтер бар эле. Кыскасы кызык эле чечимге келип алышты.

- Буга чейин депутаттардын арасында уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси барлар бар экен, жогорку билими жоктор бар экен деген сыяктуу имиш кептер чыгып келген. Балким мына ушулардын чындыгы бар болуп атабы?

- Муну эл ошентип эле түз түшүнөт. Башкача кандай түшүнмөк эле? Бирок, мен антип арасында ошондой категориядагылары бар деп айта албайм. Жөн гана депутаттардын бул кадамы таң калычтуу болуп атат. Эгер Жогорку Кеңешке уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү депутат болуп келе ала турган болсо, анда соодабыз бүткөн экен да? Же булар ошондой категориядагыларды Жогорку Кеңешке, өкмөткө алып келип алып анан тарбиялайлы деп атышабы? Кыскасы түшүнүксүз кадам болуп калды.

Айбат гезити №97



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru