Айбат » Депутаттар Абдрахманов менен Жээнбеков Кыргызстанда башаламандык жаратышы мүмкүн

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Депутаттар Абдрахманов менен Жээнбеков Кыргызстанда башаламандык жаратышы мүмкүн

Жээнбеков, Абдрахманов“Вести” сайтынын маалыматына ылайык, азырынча алар америкалык сенатор Маккейн менен боло турган жолугушууну күтүп турушат. Буга чейин ММК беттеринде УОК лидери Равшан Жээнбеков менен анын мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы атайын жана ыйгарым элчиси Муктар Жумалиевден АКШнын президенттигине мурдагы талапкер, учурдагы сенатор Джон Маккейн менен жолугушуу уюштуруп берүүсүн сурангандыгы айтылган. Муну 22-сентябрда Равшан Жээнбеков өзү дагы бышыктап берди.

– Биз демократиялык багытта иш алып барган саясатчылар жана демократияны көздөгөн мамлекеттер менен пикир алмашууну каалайбыз. Биздин бийлик авторитардык режимдеги мамлекеттер менен достошууну каалап атат. Биз Кыргызстанды өнүктүрүүнүн стратегиясын даярдадык жана аны бардык демократиялык институттардын алдында көрсөтүп, ачылышын жасагыбыз келет. 2009-жылы америкалык сенатор менен аналогиялык жолугушуу болгон. Анда биз Конституциянын долбоорун көрсөткөнбүз. Кыргызстан тараптан ага Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов, Болот Шер, Кубатбек Байболов, Өмүрбек Абдрахманов жана мен катышкам. Эгерде биздин катка жооп келсе, анда биз АКШга учабыз, өзүбүздүн каражаттын эсебинен, – дейт ал.

ММК булактарындагы маалыматтар боюнча Равшан Жээнбеков 2013-жылдын декабрында Киевдеги Евромайданда сөз сүйлөп, ал жактан Джон Маккейн менен жолуккан. Бул республикалык партиядан АКШ президенттигине экс-талапкер өзүнүн антироссиялык позициясы менен белгилүү. Ал конфликттерди жөнгө салуунун тынчтык жолун эмес, аскердик жолун колдонууну туура көрөт.

Өз кезегинде УОКтун мындай кадамдары кыргыз саясатчылары тарабынан түрдүү сынга кабылды.

– Алар өздөрүн оппозициянын атынан расмий түрдө хан көтөрүп алышты. Эми алар өздөрүн яценюк, саакашвили, сириялык “оппозиционерлер” катары көрсөтүп атышкандай. Тактап айтканда алар эми өздөрүн кыргыз оппозициянын атынан сүйлөгөнгө толук укугубуз бар деп эсептеп жатышат жана сириялык оппозиционерлердин аналогиясы боюнча эми аларды курал менен камсыз кылып, акцияларды өткөрүүгө акча бериши керек, – дейт “Кыймыл -93” деп аталган оппозициялык кыймылдын лидерлеринин бири Максат Мамытканов.

Ал ошондой эле Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахманов Кыргызстандын саясый абалы үчүн пайдасыз толкундарды жаратуу тобокелчилигине барып жатат деп эсептейт.

– Алар өздөрүнүн кадамдары менен башаламандык жасоолору мүмкүн. Анан аларды бул жерде көчөлөрдө сабап, артынан аңдып жазалай баштаганда, алар Кыргызстанда расмий оппозицияны жок кылып атат дешип: “Бизге курал бергиле, бизге саясый жактан “крыша” болгула, биз болсо сириядайбы, украинадайбы, же грузиядайбы, кандай керектүү сценарий болсо дагы өзүбүз жасайбыз” деп кыйкырып башташат. Анын ою боюнча, өздөрүн оппозиция деп атап аткандардын конкреттүү тартылган саясый портреттери бар – саясатта америкалык векторду колдоо багытындагы долбоорлор жана Кыргызстандын ички саясый курсуна да кийлигишүү.

– Аларда бардыгы жөнөкөй – ким америкалыктарды колдоп жатса, ал оппозиция. Ким бардык америкалык аракеттерди колдобосо, анда ал оппозиция эмес. Ачыгын айтканда аларда америкалыктарга да, россиялыктарга да, башкаларга да сунуш кыла турган эч кандай жакшы нерселери жок. Аларга апрелде да мындай жардамды эч ким берген эмес, анткени аларда өздөрүнөн башка көрсөтө турган эч нерселери жок. Алар талкуулагысы келип аткан программалар менен идеялар өтө начар даярдалган жана саясатта конкреттүү максаты жок экендигин көрсөтөт. Ал эми кандай гана инвестор, же демөөрчү, же донор болбосун ал адегенде конкреттүү жана ишенимдүү планды уккусу келет. Буларда андай жок. Болгону америкалыктарга таянуу аракети гана бар, деп сөзүн жыйынтыктайт Максат Мамытканов.

Айбат гезити №97




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru