Айбат » А.Батукаев Новосибирскидеги кыргыздарга салам дубайын жөнөтүп, аларды жылына 1 млн доллар берип туруусун милдеттендириптир

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » А.Батукаев Новосибирскидеги кыргыздарга салам дубайын жөнөтүп, аларды жылына 1 млн доллар берип туруусун милдеттендириптир

Корккон, кооптонгон нерсе акыры келди, деп жазат «Де-факто» гезити 14-июндагы санында.
Гезитте белгиленгендей, эгерде буга чейин бир катар депутаттар Азиз Батукаевдин Орусияда иштеп жүрүшкөн кыргыз мигранттарын кысымга алып, көргүлүктү көрсөтө баштагандыгын айтышса, муну гезит редакциясына Новосибирскиден телефон чалган кыргыз ишкери тастыктап отурат.
«Аты-жөнүн ачык айткандан кооптонгон мекендешибиздин айтымында, А.Батукаев Новосибирскидеги кыргыздарга салам дубайын жөнөтүп, ал жактагы ишкерлик кылган мекендештердин баары биригип жылына 1 млн доллар салык иретинде берип туруусун милдеттендириптир. Бергиси келбей каршылык көрсөткөндөр менен катуу сүйлөшөөрүн эскертиптир. «Эми көрөр күнүбүз кандай болот, кыйналып-кысталып, азап-тозоктор менен тапкан акчабызды Батукаевге берип олтура беребизби? Кыргыз бийлиги аны бошотуп жатканда эмнени ойлонду эле?», – дейт мекендешибиз», – дейт гезит.
Эми Орусиядагы кыргыз мекендештердин көрөр күнү кандай болот, деп кошумчалайт гезит.

Булак : De-факто




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru