Айбат » Депутаттардын жүзү ачылды – соттолгондор, уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси барлар жана жогорку билими жоктор саясый кызматтарда жетекчилик кыла албайт деген мыйзам долбоорун колдошкон жок

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Депутаттардын жүзү ачылды – соттолгондор, уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси барлар жана жогорку билими жоктор саясый кызматтарда жетекчилик кыла албайт деген мыйзам долбоорун колдошкон жок

депутат пистолетЭлдин атынан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаттары дагы бир жолу өздөрүнүн чыныгы жүздөрүн эл алдында ачыктап коюшту. 25-сентябрда парламент отурумунда оор жана өтө оор кылмыш кылып соттолгондор, уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси барлар жана жогорку билими жоктор саясый кызматтарда жетекчилик кыла албайт деген өзгөртүүнү экинчи окууда кабыл албай коюшту. Бул өзгөртүүгө ылайык жогоруда белгиленген категорияга кирген жарандар президенттик кызматка, Жогорку Кеңештин депутаттыгына, жергиликтүү кеңештерге депутат болууга, шаар мэри, айыл өкмөтү жана район акими болуп шайланууга укуктары жок болмок. Тилекке каршы мындай мыйзам долбоорун депутаттар четке кагышты. Мындан улам коомчулукта түпөйүл суроо жаралды – “Биз Жогорку Кеңешке депутат кылып кимдерди шайладык эле?”. Чындыгында эле биз кимдерди шайладык эле? Мындай мыйзам долбоорунан коркуп жатышкан эл өкүлдөрүнүн арты таза эмеспи? Эгерде андай болсо, анда биз уюшкан кылмыштуулук, коррупция менен кантип күрөшөбүз? Булар менен күрөшүү үчүн биз адегенде саясый кызматтарда жетекчи боло турган жарандарды тазалап алышыбыз керек эмес беле? Эгерде жетекчилик кызматтарда аталган категориядагы жарандар отурса, анда кылмыштуулук да, коррупция да жоголмок турсун, күчөбөйт деп ким кепилдик бере алат? Эске сала кетсек, бул мыйзам долбоорун депутаттар Кенжебек Бокоев, Исмаил Исаков, Дастан Бекешов жана Эркингүл Иманкожоевалар сунушташкан. Азыр бул депутаттар кесиптештеринин жасаган кадамына таң калып гана турушса керек.

Айбат гезити №97



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru