Айбат » Талас эли Мавлян Аскарбековдун курултай өткөрүүсүнө каршы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Талас эли Мавлян Аскарбековдун курултай өткөрүүсүнө каршы

Аскарбеков МавлянТалас облусунун жарандык активисттери:

“Талас жергесин саясый оюндардын полигону кылбагыла”

Акыркы мезгилдерде элге кылган эч кандай жарытылуу эмгеги жок туруп эле, дымагы таш жарган тыңчыкмалар жаштардын арасынан да өсүп чыгууда. Мына ушундайлардын анабашында “Жаңы муун” деген кыймылды түзө калган Мавлян Аскарбеков аттуу эрен турат. Анын буга чейинки кыска мөөнөттөгү эле ишмердүүлүгүндө толтура ызы-чуулар бар экендигин ММК булактарын калтырбай окугандар жакшы билишет. Чет элдик бизнесменди ири суммадагы акча каражатына “уктатып” качып кеткени эле эмне деген сөзгө арзыйт? Эки сөзүнүн бир сөзү эле “Саясатта жүргөндөрдүн бардыгы эскирди, бийликке жаңы муун келиши керек” деген сөз. Бирок, анын курулай популизмден бөлөк өлкөнү өнүктүрүү тууралуу эч кандай планы деле жок экендигин тастыктап көргөзүп келет. Мына ушул эрен эми 27-сентябрда Талас жергесинде курултай өткөрө коет элем деп чамынып жүргөнү маалымат булактарында жарыяланган. Буга байланыштуу бүгүн Бишкек шаарындагы маалымат агенттиктеринин биринде Талас облусунун жарандык активисттеринен турган топ келип маалымат жыйынын өткөрүштү. “Биз бүгүн борбор шаарыбызга Талас жергесин саясый оюндардын полигону кылбаш үчүн атайын келдик. Мавлян Аскарбеков 27-сентябрда Таласта курултай өткөрөм деп атат. Ал эми Таластын эли азыр жаз-жай бою эмгектенип алган түшүмүн жыйнап, анын үзүрүн көрүү алдында турат. Төө буурчактарды жыйнап, аны сатууну күтүп турабыз. Эгерде Мавлян Аскарбеков уюштуруп аткан курултай кандайдыр бир ызы-чууну салууга багытталып жатса, анда бизге төө буурчакты алуу үчүн сырттан эч ким келбей коет. Бул таластыктардын мээнетин текке кетирүү болуп саналат” дейт атайын Таластан келген жаштардын өкүлү Маратбек Ниясалиев.

Жети-Өгүздө ызы-чуулу митингди уюштургандар кутулуп, аны аткаргандар тутулду, эми Таластын жигиттерин да андай жолго түртпөгүлө

Таластан келген активисттердин айтымында Мавлян мырзанын уюштуруп жаткан курултайы эч кандай курултайдын шарттарын аткарган жок. Курултай өткөрүш үчүн жер-жерлерден атайын өкүлдөр шайланышы керек эле. Андай да болгон эмес. “Жети-Өгүздө жаз айларында болуп өткөн ызы-чуулу митингдерди уюштургандар кутулуп, аларга курал болгон жигиттер түрмөгө отуруп калды. Уюштургандар башка болгону менен азабын тарткандар карапайым адамдар болууда. Эми ошондой эле көрүнүш Таласта болушун каалабайбыз. Биз Таласта курултай өтпөйт деп ишенебиз” дейт Маратбек Ниясалиев. Анын айтымында ал буга чейин Мавлян Аскарбеков менен телефон аркылуу сүйлөшүп, “Эгерде ызы-чуу жаралса, ага өзүңөр жооп бересиңерби?” десе, “эми андай болбойт да” деген гана жоопту алган. Жарандык активисттер Мавлян Аскарбековдун артында депутат Равшан Жээнбеков турат деп эсептешет. Алар АКШ тараптан финансылык колдоо көрүп жатышат деп айтышат. Маалымат жыйынына катышкан өкүлдөрдүн билдирүүсү боюнча Таластын эли Равшан Жээнбековду сыйлабай калышкан. Анын сөзүн уккулары да келбейт. Андыктан ал өзүнүн кызыкчылыктарын Мавлян Аскарбеков аркылуу жасагысы келип жатат дешет.

Губернатор болгусу келген Мавлян Аскарбеков

Маратбек Ниясалиев “Жаңы муундун” лидери Мавлян Аскарбековдун амбициясы өтө ашынып кеткендигин белгилеп өттү. “2010-жылы Мавлян мага кайрылып, “элди чогулт, митинг кылалы, мен губернатор болом” деп айткан. Ошондо мен ага “башка деле бош орундар бар, ошого иштебейсиңби?” десем, “Жок, мен негизги кыймылдаткыч кызматтарда иштешим керек” деп билдирген. Амбиция бардыгыбызда бар, бирок бардык нерсенин ченеми болгону жакшы” дейт ал. Мына ушундан эле Мавлян мырзанын чыныгы жүзүн байкоого болот. Эч кандай мамлекеттик кызматтарда иштеп, тажрыйба топтобостон эле губернатор боло калгысы келген жаштардан кандай жакшылыкты күтүүгө болот? Баскан-турган жеринде ызы-чуу салып жүргөн Аскарбековдун чыныгы максаты эч кандай элдин кызыкчылыгы эмес, жөн гана жеке кызыкчылыгы болуп жаткандыгын эми кантип жашырат элек?

Мавлян Аскарбековдун Таласта жасаган чогулушуна болгону 30 гана адам катышкан, курултайына канча адам катышаар экен?

Таластан келген дагы бир өкүл Анарбек Рыскулбековдун айтымында Мавлян Аскарбеков буга чейин Таласка барып чогулуш жасаган. Ал чогулушуна болгону 30 гана адам катышкандыгын айтат. Мунун өзү анын Талас аймагында салмагы таптакыр жок экендигин көргөзөт. Андыктан эмитеден эле укмуштай рекламалап жаткан курултайына ашып кетсе, 50 адам катышуусу мүмкүн экендигин айтышууда. “Элдин эмес, кандайдыр бир топтун гана кызыкчылыгын көздөгөн курултай өтсө дагы, биз аны өттү деп эсептебейбиз” дешет алар. “Мавлян мырзанын ою эле азыркы бийликтегилерди кетирүү, анан алардын ордуна келүү. Келгенден кийин кандай кылып өлкөнү өнүктүрүп кете тургандыгы тууралуу эч кандай планы жок. Анан ушундай адамдарды кантип колдоого алат элек? Эгерде Таласта кандайдыр бир ишкана ачам деп келген болсо, кош колдоп колдоого алат элек” дейт Маратбек Ниясалиев.

Айбат гезити №97



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru