Айбат » Мурат Соорбеков, Талас облусунун Көк-Сай айылынын тургуну, жаш активист: “Мавлян Аскарбековдор маселе чечүүнүн конкреттүү жолдорун айтышпай, жөн гана саясатташтырып атышат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Мурат Соорбеков, Талас облусунун Көк-Сай айылынын тургуну, жаш активист: “Мавлян Аскарбековдор маселе чечүүнүн конкреттүү жолдорун айтышпай, жөн гана саясатташтырып атышат”

Мурат Соорбеков- Мурат мырза, азыркы тапта «Жаңы муун» деп аталган кыймылдын лидери Мавлян Аскарбеков Талас аймагына барып курултай өткөрүүгө кам көрүп жүрөт. Сиз булардын жасап аткан аракеттерине кандай баа бересиз?

– Биз демократиялык принципти кармаган өлкө болгондон кийин ким кайсыл жерге барып курултай, же митинг өткөрөм десе да мыйзамдуу болуп эсептелет. Болгону алардын аракеттери мыйзамдын алкагынан сырткары чыкпашы керек. Мавлян Аскарбеков башында тургандар көтөрүп аткан маселелер бул бүгүнкү күнү эле чыга калган маселе эмес. Себеби мен ошол Көк-Сай айылынын тургуну катары ал маселелер менен башынан таанышмын. Аларды чечүү үчүн биз дагы буга чейин 1-2 жолу көтөрүп чыгып, жогорку кызматтагыларга жеткирүүгө аракет кылганбыз. Азыркы тапта деле Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын, жергиликтүү кеңештин депутаттарын биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге киргизип, маселени комплекстүү чечүү аракетин көрүп атабыз. Ал эми булардын ошол эле маселелерди көтөрүп, курултай өткөрөбүз деп аткандары туура эмес. Элди ызы-чуу кылып, маселелерди жар салып чыгуу жол менен эмес, аны унчукпай эле чечүүнүн жолдорун карасак туура болмок

- Кандай маселелер экенин эске сала кетесизби?

– Негизги маселе Көк-Сай айылындагы жер тилкелерин Казакстанга өтүп кеткени болгон. Негизи ал жерлер кыргыздардын жери экен. Анан совет доорунда аны казактарга арпа айдап турууга ижарага беришиптир. Ошентип картага ал жерлер Казакстандын жери катары түшүп калган. Бирок, ал жерлер картада Казакстандын жери болуп түшкөнү менен биздин айылдаштар эле малын жайып жүрүшчү. Анан 2010-жылкы революциядан кийин казак бийлиги ал жерди тосуп салган. Кийин биздин малдарды айдап өтүү үчүн бир аз жерди ачып да беришкен. Бул биринчи маселе. Экинчи маселе кече жакында эле Таласта Казакстанга кете турган суу каналын тосуп чыккандар болгон. Анын негизинде казактар эки жума суусуз калды. Анан кыргыз бийлигинен Токон Мамытов баш болгон жетекчилер келип атып, сууну ачышкан болчу. Мына ушундан кийин казак бийлиги принципке туруп, эми өзүнчө башка канал куруп атышыптыр. Эгерде ал канал курулуп бүтүп калса, анда тескерисинче биз казактарга суудан көз каранды болуп калабыз. Бул мыйзамсыз, ойлонулбаган кадамдарга барганыбыздын кесепети болуп калууда. Дагы бир маселе Воска деген тоо да казактарга өтүп кеткен. Андан кийин Бактыбек деген тоону да казактар биздики дей баштаганда айылдыктар нааразы болуп чыга баштаган. Албетте, бул маселелерди көтөрүш керек. Аны чечүүнүн жолдорун издеш керек. Бирок, ушундай маселелерди айрым саясый кызыкчылыктарды көздөгөндөр өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланып кетүү аракеттерин жасагандары туура эмес. Алар аны чечүүнүн конкреттүү жолдорун айтышпай, жөн гана саясатташтырып атышат. Буга бийликти күнөөлүү деп чыккандар бар. Биз бийликти деле күнөөлүү деп эсептебейбиз. Балким азыркы бийликтин арасында бул тоолордун казактарга өтүп кетишине салым кошкондор бар чыгар. Андыктан жөн эле элди ызы-чуу кыла бербей, бийликке конкреттүү талаптарды коюп, ошол жерлердин өтүп кетишине кимдердин салымы бар экендигин, фамилияларын атоосун талап кылып сурашса болмок.

- Негизи эле бул курултайдын өтүшүн Таластын эли кандай кабыл алышууда?

– Азыр Таласта колу бош адамдар жок. Бардыгы жумуш менен алек. Төө буурчакты жыйноо учуру кызуу жүрүп атат. Албетте, алардын курултай өткөрөм дегенине эч ким деле каршы болбосо керек. Бирок, менимче эл аз келет. Себеби жогоруда айтканымдай колу бош адамдар жок.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №97




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru