Айбат » Америка төңкөрүш жасаганды кыйын билет, бирок андан ары эмне кылышты түшүнө бербейт, – америкалык эксперт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » Америка төңкөрүш жасаганды кыйын билет, бирок андан ары эмне кылышты түшүнө бербейт, – америкалык эксперт

Дэниэл МакадамсАмерика төңкөрүш жасаганды кыйын билет, бирок андан ары эмне кылышты түшүнө бербейт, – деп билдирди Дэниэл Макадамс, “Тынчтык жана гүлдөө үчүн” Рон Полдун Институтунун директору. Мындай пикирин ал 21-сентябрда Украина президенти Петр Порошенконун АКШга болгон сапары боюнча “Жума жаңылыктары” берүүсүнүн сюжетинде билдирди.

“Украина жакында түшүнөт, Америка мамлекеттик төңкөрүштөрдү кыйын уюштурат, өкмөттөрдү кулатат, бирок андан ары эмне кылышты билбейт. Ливияны, Иракты карагыла. Америкалыктар талкалап, жок кыла алат, бирок натыйжада ошол өлкөлөрдө жашаган адамдар үчүн бул абдан жаман натыйжага алып келет. Көпчүлүгү өкмөттүн кулашын кызуу колдогон украиналыктар АКШ менен болгон шериктештик эмнеге алып келгенин ушул кышта эле көрө алышат”, – деди Д.Макадамс.

Айбат гезити №97




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru