Айбат » «Кумтөр» ишин токтотсо, пенсияга да акча таба албай калабызбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » «Кумтөр» ишин токтотсо, пенсияга да акча таба албай калабызбы?

ПенсияӨлкөбүздө пенсия жана жөлөк пулдардын көлөмү ансыз деле өтө төмөнкү көрсөткүчтө. Орточо көлөмдө пенсия (3000 сом) алган карыларыбыз алган акчасына күнүнө жок дегенде бир маал ысык тамак ичүү ырахатына да ээ боло алышпайт. Андыктан мамлекет тарабынан төлөнүп аткан пенсияга пенсионерлер жашап эмес, эптеп-септеп күн кечирип келишет. Жыл сайын өкмөт пенсиянын көлөмүн бир азыраак пайызга көбөйтүп аткандай болот. Бирок, тилекке каршы аны жыл сайын эмес, ай сайын кымбаттап бараткан азык-түлүктөрдүн баасы «ап» этип коюуда. Андыктан «Биз пенсия менен айлык акылардын көлөмүн көбөйтүп атабыз» деп мактануу болбогон кеп болуп калат. Бирок, кырдаалды тез арада жакшыртып жиберүүгө мамлекеттин деле чама-чаркы жетишпей турат. Соцфонддун негизги каражаттары өлкөбүздө ишмердүүлүгүн жүргүзүп аткан ишканалардан, жеке ишкерлерден которулган каражаттардын эсебинен түзүлөт. Кече жакында эле өлкө президенти тарабынан кол коюлган «Соцфонддун бюджетин 2014-жылга жана 2015-2016-жылдарга карата божомолдоо» тууралуу закону аркылуу Социалдык фонддун үстүбүздөгү жылга карата бюджети бекитилген. Ага ылайык соцфонддун кирешеси 37324,1 миллион сом болсо, чыгашасы 37338,7 миллион сом болот экен. Демек, анын бюджетинин дефицити 14,6 миллион сом болууда. Андыктан бул суммадагы акча каражатын республикалык бюджеттен алууга туура келет. Ал эми республикалык бюджетибиздин абалы дагы өлкөбүздө иштеп аткан ишканалардын салык жана башка милдеттүү төлөмдөрүнөн келген каражаттардан көз каранды. Бул багыттан алганда «Кумтөр» ишканасынын орду өтө чоң. Маселен бул ишкана өткөн жылы Кыргызстандын бюджетине салык, Социалдык фондго которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөрү менен биригип 108 миллион доллардан ашуун каражат которгон. Аны сомго айлантканда 5 миллиард 350 миллион сомду түзөт. Мындан сырткары бул компания жергиликтүү компаниялар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарга жана товарларга, аффинаж үчүн төлөмдөрдү жасап келет. Түрдүү демөөрчүлүк иштерди жасайт. «Кумтөргө» товар жеткирип ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чакан ишканалар да дал ушул ишкананын арты менен жашап атканын да эске алуу керек. Эгерде ага товар жеткирген ар бир ишканада 5-6дан гана адам иштейт деп эсептесек, жалпы жонунан «Кумтөрдүн» өзүндө иштеген 3000ден ашуун жумушчулардан сырткары дагы 10 миңдин тегерегинде жарандарыбыз оокат кыларын айтып коюушубуз керек. Бүгүнкүдөй өлкөбүздүн экономикалык оор кырдаалында, пенсионерлерлин пенсиясы жадакалса кең-кесири тамактануусуна жетпей турган чакта өлкө экономикасы үчүн олуттуу салым кошуп аткан ишкананы токтотуп алуу кандай гана акылсыздык болорун элестете бериңиз. Эгерде бул ишкана ишин токтотсо, анда пенсионерлер өп-чап турмушун өткөрүп аткан пенсиясын да ала албай калары аштан бышык. Мына ушуну «Кумтөргө» каршы түрдүү аракеттерин жасап аткан депутаттар терең ойлонуп коюшса.

Айбат гезити №97




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru