Айбат » Жылына 280 млн. сом «ашаган» Улуттук илимдер академиясы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Жылына 280 млн. сом «ашаган» Улуттук илимдер академиясы

Абдыганы ЭркебаевБелгилүү коомдук ишмерлер, илимпоздор айлык алып отургандан бөлөк кыйратып иш жасабаган Улуттук илимдер академиясын реформалоо демилгесин колдошууда. Ал эми академиянын жетекчиси Абдыганы Эркебаев мындай демилгеге каршы чыгып, маселенин бардыгы каражаттын тартыштыгынан улам жаралганын билдирди.

А.Эркебаевдин айтымында, Улуттук илимдер академиясына жылына бюджеттен 280 млн. сом бөлүнөт. Бул каражат айлык акыдан ашпаганын Эркебаев баса белгилейт. Туура, каражаттын тартыштыгы чоң көйгөй. Бирок кырдаалдан чыгуунун бөлөк жолу бар эмеспи. Мисалы, сырттан инвестиция тартуу, ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу аркылуу ишти илгерилетсе болот. Ошол эле академия жайгашкан имараттын ичиндеги бөлмөлөр ижарага берилет. Ижарадан түшкөн каражат канча жана ал кайсы багыттарга жумшалат? Абдыганы Эркебаевич актангандын ордуна, ушул суроого жооп берсе куп жарашмак.

Экинчиден, Абдыганы мырза сырттан инвестиция тартуу үчүн кандай аракеттерди көрдү болду экен? Канча долбоор жазганын так айта алабы? Бул дагы маанилүү суроолор.

Абдыганы ага Улуттук илимдер академиясынын ишин алдыга жылдырып, илим жаатында жаңыланууларды жасагандын ордуна Кыргызстанды байыркы заманга сүйрөп, уруу-уруу, жээк-жаатка бөлүнмөйдүн башында өзү турду. Анын өлкөдөгү тейит уурусун жетектөөгө макул болгону эле көп нерседен кабар берет. Балким анын тейиттердин башын кантип бириктирүү, уруунун ишин жандандыруу жаатында ойлонуп жатып академияны реформалоого убактысы жетпей жаткандыр. Андай болсо А.Эркебаев эки жээкте чуркап убара болбой, биротоло тейиттердин төрагалыгын аркаласа, бир майнап чыгарат беле дегенибиз…

Айбат гезити №97



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru