Айбат » Эки жээкке ойногон Тербишалиев эки тоонун чөбүн көксөгөн эчки болуп атабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Эки жээкке ойногон Тербишалиев эки тоонун чөбүн көксөгөн эчки болуп атабы?

Данияр ТербишалиевЖапжаш туруп саясатта “өпөң-чычаң” ойногонду өздөштүрүп алгандардын катары көбөйө баштады. Булардын катарында Жогорку Кеңештин жаш депутаттарынын бири Данияр Тербишалиев дагы бар. Мына ушул эрен бүгүн парламент отурумунда Талас облусунда 26-сентябрь күнү курултай өткөрөбүз деп атышкан “Жаңы муун” кыймылынын өкүлдөрүн колдоп сүйлөдү. Ырас, анын кандай пикир айтышы өзүнүн эрки деңизчи. Бирок, өздөрү мамлекет үчүн эч кандай алгылыктуу иш жасабай, жалаң гана популизм менен алпурушуп, курулай сын айтып, кандай гана маселе болбосун, аны саясый куралга айлантып алып аткан өздөрүн жаш саясатчы эсептегендерди колдоого алганы Данияр мырзанын чыныгы жүзүн ашкерелип койгон жокпу деген суроону жаратты. 2010-жылдагы апрель революциясы багын ачып, күтүүсүздөн эле Жогорку Кеңештин депутаты болуп чыга келген Тербишалиев акыркы учурларда эки жээкке ойной баштаганы билине баштаган. Буга мисалдар толтура. Анын “Жаңы муунчуларды” колдоп сүйлөп калганы да бекеринен эмес. Себеби Данияр мырзанын жанынан айланчыктып кетпеген адамдарынын арасынан экөөсү акыркы учурларда Мавлян менен Данияр мырзанын ортосундагы көпүрөдөй болуп, ары-бери чуркап турушканын билебиз. Дагы бир жагдайды эске алып коюу керек. Парламентте “КСДП” партиясын колунан келишинче шыбап жүргөн депутат Равшан Жээнбеков менен да тымызын байланышы бар экендиги байкалып келген. Маселен, Данияр мырзанын атасы ушул жылдын баш чендеринде каза болгондо, ЖК депутаттарынын арасынан биринчилерден болуп Равшан Жээнбеков жетип барган. Анан дагы Мавлян Аскарбековдун барганын көргөндөр болгон. Албетте, эч кандай деле кынтык издегибиз келбейт. Бирок, мындай карым-катнаш алардын ортосунда башынан эле тымызын байланыш бар экендигин көрсөтөөрү калетсиз. Кечээ жакында эле ал Равшан Жээнбеков менен Малайзияга барып келген. Мына ушундан кийин эле анын позициясы тескери бурулуп, кадимкидей өзгөрүп чыга келди. Кыязы Равшан мырза “узун жолду кыскартып” Данияр мырзанын башын жакшы эле айлантып койсо керек. Болбосо, УОКтун лидери жеке кызыкчылыгын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргызстандын ар-намысын деле сатып жиберүүгө даяр экенин коңшулаш Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринин президенттерине Кайрылуу жасап далилдегенин көргөндөн кийин деле эси болсо Данияр мырза артына кайтмак. Мындан сырткары ал “Республика” партиясынын жол башчысы Өмүрбек Бабанов менен да тымызын катташып, эмки шайлоонун камын көрүп жүргөнүн билебиз. Анын мындай бир эле учурда эки-үч жээкке ойноп атканы позициясы бекем саясатчыдан кабар бере алабы? “Бийлик кулабай туруп турса, бул жактамын, кокус бирдеме болуп кетсе, анда оппозиция жактамын” деген принципти карманган жаш саясатчыдан кандай жакшылык күтсө болот? Эмитеден эки жүздүү болуп аткан мындай саясатчылар Кыргызстандын келечеги үчүн кандай жакшылык кылышы мүмкүн?

Айбат гезити №97




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru