Айбат » Мактайт десе эле… К.Талиева кетпегенде маданияттын чындап «жаназасы окулмак»!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Мактайт десе эле… К.Талиева кетпегенде маданияттын чындап «жаназасы окулмак»!

Камила ТалиеваОппозициялык маанайдагы басылмалардын биринде «Талиева көчмөндөр оюнун жакшы өткөндүгү үчүн кызматтан алындыбы?» деген баштемада макала жарык көрдү. Б.Акылбеков аттуу макаланын автору Камила Талиева маданият, маалымат жана туризм министрлигин жакшы жетектеп атканына карабастан ээрден шыпырылганын «түтөп, боздоп» жазыптыр. Ал эми реалдуу турмуш мунун баары түккө турбаган кеп экенин, Камила Абдразаковна маданият тармагын тартып кете албаганынын айынан кызматтан четтетилгенин ырастайт.

«Чындыгын айтканда Көчмөндөр оюнун өткөрүүгө К.Талиева анча-мынча эркектерден да ашык салым кошо алды. Баарынан да Көчмөндөр оюну башталарга жакын К.Талиева бутунан операция болуп, президентке караштуу атайын ооруканада дарыланып, үч күн калганда бутунун зыркырап ооругандыгына карабай, «Мен ден-соолугум оор болсо да бул Көчмөндөр оюнун өткөрүшүм керек» деп дарыгерлердин тыюу салгандыгына карабай чыгышы эмне деген эрдик» деген Б.Акылбеков Камила айымды өтө эле көкөлөтө мактап жибергенин байкабай калгандай.

Биринчиден, Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну аз жерден үзгүлтүккө учурап кала жаздады. Себеби, Камила Талиева өз милдетин так аткарбагандыгынын кесепетинен ат майданын оңдоп-түзөө өз мөөнөтүндө бүтпөй калуу коркунучу жаралган. Президенттин аппараты өзү кийлигишпегенде дүйнө коомчулугунун алдында бетибиз кызарып отуруп калышыбыз ажеп эмес эле. Муну аттуу-баштуу инсандар, көзкарандысыз эксперттер да бекемдешет. Андыктан, «Талиеванын Көчмөндөн оюнун жогорку деңгээлде өткөргөнү үчүн сыйлагандын ордуна «айдап» жиберишти» деп «арзыматтык» кылуу бери дегенде «акмакчылыкка» жатат…

Экинчиден, Камила Абдразаковнанын маданият чөйрөсүнөн тааныштыгы жоктугун анын залкар манасчы Саякбай Каралаевди залкар композиторго айлантканы сыяктуу жосунсуз жоруктары далилдейт. Ал жаңыдан министрликке дайындалганда маданият ишмерлери өкмөт үйүнүн алдына «өкүрүп» түшүп, Талиеванын келиши менен «маданият тармагынын жаназасы окулуп калгандыгын» ашкерелегенин бүткүл эл көргөн. Ошого карабастан Камила айым алты ай бетин табактай кылып ордунан жылбай отурду.

Үчүнчүдөн, аны парламенттеги «Ар-намыс» фракциясы жумуштан кетирүү тууралуу өкмөт башчысына сунуш киргизишти. Муну «ар-намысчылар» түгөл колдошту. Ушунун өзү «ар-намысчылар» акыры өздөрү Талиеванын иштин көзүн таба албагандыгына ынанганын билдирет. Ошон үчүн, Камила айым өзүн мактап-жактаган макалаларды заказ менен жаздырткандын ордуна, билим деңгээлин кеңейтип, чорт кыял, ажаан мүнөзүн оңоп, өзүнүн колунан келе турган ишти жасашы керек. Ага көп мүмкүнчүлүк берилди, бирок, мүмкүнчүлүктү кармай албаганы үчүн өзү гана күнөөлүү экенин түшүнчү мезгил эчак бышып жетилген…

Айбат гезити №97



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru