Айбат » «Республика» партиясынын ичиндеги ыдыроонун себеби белгилүү болду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Республика» партиясынын ичиндеги ыдыроонун себеби белгилүү болду

Respublika«Республика» фракциясы ичинен ыдырап олтуруп акырында партия болуудан калат» деп кээ бирлер даана белгилеген окшобойбу. Бул тууралуу «Де-факто» гезити 14-июндагы санында маалымдайт.

Гезитте белгиленгендей, фракция ичиндеги өзгөрүүлөр ошого алып бараткандай. Партиянын ичиндеги ыдыроонун себеби белгилүү болду. Иштин баары финансыдан башталыптыр. Ө.Бабанов «партияны мен түптөгөм, керек болсо кандай болорун негизинен өзүм чечем» деген экен, Төрөбаев, Исаев, Сулайманов сыяктуу башка лидерлери ага каршы чыгышып, «сен партияны 20% гана каржылагансың, ордуңду билсең» деп айтышып, ошондон ажырым, келишпестик башталган экен.

«Ал келишпестиктер бүгүн да уланып, Исаев, Төрөбаевдин артынан эми фракция лидери Алтынбек Сулайманов ээрден шыпырылганы калыптыр. Ишенимдүү булактар ага каршы кол топтоп, фракциянын жакынкы жыйынында аны кетирүү маселеси караларын айтышты. Жаңы фракция лидери болуп Бабанов Максат Сабировдун талапкелигин сунуштаптыр», – дейт гезит.

Булак : De-факто



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru