Айбат » Эмиль Турдумбеков, “Кыргызстандын Мекенчил Жаштар Кыймылынын” төрагасы: “АКШдан каржыланган уюмдар Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип атат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Эмиль Турдумбеков, “Кыргызстандын Мекенчил Жаштар Кыймылынын” төрагасы: “АКШдан каржыланган уюмдар Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип атат”

АКШ23-сентябрьда борбор шаарыбыздагы маалымат агенттиктеринин биринде “Кыргызстандын Мекенчил Жаштар Кыймылынын” өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүштү. Эске сала кетсек аталган кыймыл буга чейин дагы Кыргызстандын аймагында иштеген чет өлкөлүк дипломаттар жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери тарабынан жасалып аткан иштиктүү эмес иштерин айыптап бир нече жолу ар түрдүү акцияларды өткөрүп келишкен. “Массалык маалымат каражаттарында чагылдырып жаткан АКШнын жана алар каржылаган эл аралык уюмдардын биздин мамлекетибиздеги тынчтыкка жана ынтымакка атайын доо кетирүү аракеттери жөнүндөгү маалыматтар бизди кайдыгер калтырган жок. Мына ушундан улам атайын маалымат жыйынын берүүнү туура таптык” дейт кыймылдын төрагасы Эмиль Турдумбеков. Бул кыймылдын өкүлдөрүн өзгөчө үстүбүздөгү жылдын 31-августь Эгемендик күнүндө Ала-Тоо аянтында өткөрүлшөн Кыргызстандын Бажы союзуна кошулуусуна каршы митингге “Фридом Хаус” америкалык уюмунун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Аскат Дукенбаевдин катышкандыгы нааразы кылган. Мындай көрүнүштү кыймылдын өкүлдөрү АКШнын Кыргызстандын ички иштерине орой кийлигишүүсү деп эсептешет. ““Фридом Хаус” америкалык уюмунун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Аскат Дукенбаев Кыргызстандын мыйзамдарын катуу сактап, бейтараптуу абалды ээлеши керек. Биз Кыргызстандын мекенчил жаштар кыймылы “Фридом Хаус” америкалык уюмунун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Аскат Дукенбаевге карата Кыргызстандын мыйзамдары менен каралган чаралар көрүлсүн деген талап коюлган кайрылууну Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, КР ТИМине, Башкы прокуратурага жана Мамлекеттик коопсуздук комитетине да жолдодук” дейт Эмиль Турдумбеков. Ошондой эле алар Аскат Дукенбаевди ээлеген кызматынан бошотуу талабы менен АКШ элчилигинин жетекчилигине, эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШнын агенттигинин өкүлчүлүгүнө жана КР Тышкы иштер министрлигине талап коюп, суранышаарын билдиришти. Эмиль Турдумбековдун айтымында Аскат Дукенбаев буга чейин Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында да башаламандыктарды уюштурууга катышкандыгы тууралуу маалыматтар интернет булактарында бар экендигин айтты. Андан кийин ал Казакстандын укук коргоо органдарынан качып Кыргызстанга келип, республикабыздагы абалды туруксуздаштырууга аракетин көрүп келет дешет алар. Андыктан Аскат Дукенбаев башында турган уюм жыл аягына чейин дагы-да ар түрдүү каршылык акцияларын жасашы мүмкүн. Ага тез арада чара көрүү керек дешет. “Кыргызстан Бажы союзуна киреби, же жокпу муну башка өлкөлөрдүн уюмдарынын кийлигишүүсүз эле өзүбүз чечишибиз керек. Башка өлкөлөрдүн уюмдары ага кийлигишкенге укугу жок. Биз башынан эле Россия менен тыгыз кыцзматташтыкта жашап келген республикабыз. Андыктан биздин кыймыл Бажы союзуна кирүүнү колдойт. Биз Бейөкмөт уюмдарды таптакыр жаап салуу кере кдебейбиз. Болгону алардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүп туруу керек. Болбосо алардын көпчүлүгүндө Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип кеткен учурлары болууда” дейт Кыргызстандын Мекенчил жаштар кыймылынын өкүлдөрү.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №97



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru