Айбат » Кашыктап чогулткан кадыр-баркын чакалап чачкан Бек Борбиев

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кашыктап чогулткан кадыр-баркын чакалап чачкан Бек Борбиев

Бек БорбиевКыргыз эли “Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста” деп бекеринен айтып келбегени дагы бир жолу айкындалды. 20 жылдан ашуун жылдардан бери карай сахнадан түшпөй, күйөрмандарын улам бир жаңы ырлары менен тамшандырып, суктандырып келаткан ырчы Бек Борбиев кашыктап чогулткан кадыр-баркын, чакалап төгүп таштагандай болду. Буга анын кечээ жакында эле Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин туулган күнүнө байланыштуу өткөн тойуна барып катышып, обондорун оболотуп келгени себеп болду. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси сыяктуу жогорку наамдары бар ырчынын мындай акылга сыйбас кадамы жадакалса анын күйөрмандарын да таң калтырып отурат. Же Бек мырза үчүн 2010-жылдын 7-апрелинде Ала-Тоо аянтына чындык издеп чыркырап барышып, Бакиевдин бийлигинин огуна кабылган жигиттердин өлүмү бир тыйынбы деген суроону бергендер арбын. Айрым укук коргоочулар болсо Борбиевдин жогоруда атап кеткен наамдарын алып салуу керек экендигин айтышып маданият министрлигинин алдына акция өткөргөнгө чейин барышты. Коомчулуктун мындай терс реакциясына ырчы өзү да социалдык түйүн аркылуу үн салып, “Мен өзүмдүн концертимди кайсыл жерде коюшту өзүм билем, ал менин жеке чечимим” деп жазып чыкты. Ырас, ырчы концертин кайсыл жерге, кандай кылып коерун, кайсыл жерде ырдаарын өзү билет. Бирок, ошол “өзүм билем” деген чечим дагы жалпы мамлекеттин, элдин намысын тебелеп-тепсебегендей болушу керек эле. Бек Борбиев Бакиевдердин алдына барып, ырдашы менен 7-апрель революциясынын баатырларынын, анда шейит кеткендердин арбагын сыйлабастыгын, жакындарын жоготкондордун көз жашын уруп да ойнобостугун көрсөттү. Аны түрмөгө барып концерт коем десе эч ким кой демек эмес. Тоонун башына чыгып алып ырдайм десе да эч ким унчукпайт болчу. Бирок, жүзгө чукул баланын өмүрүн жайлаган, миңге чукулун жарадар кылып, миллиондогон элибиздин жүрөгүн жаралаган КурСалиевичтин алдында ырдап турганын кантип жакшы деп баалайт элек да, кантип унчукпай коет элек? Же элибиздин айкөлдүгүнөн пайдаланып, өз элине ок чыгарган канкорлордун алдына барып, алар Кыргызстанга эч кандай залака тийгизбегендей түр көрсөтүп, юбилейинде куттуктоо сөздөрүн айтып ырдай бериш да элин сүйгөн ырчынын жасай турган жоругубу? Же акчанын кулу болуп бүттүкпү? Эгерде Бек мырза өзүнүн мындай калпыс кадамы үчүн жалпы кыргыз элинен кечирим сурабаса, анда ал өзү айткандай “элдин кол чапканынан артык сыйлык жок” деген сыйлыктан да ажырап калышы кеп эмес. Бакытты да, элдин урмат-сыйын да көтөрө билиш керек. Текеберленип, колдо турган бакытты көтөрө албай, “сыйлыгыңарды, наамыңарды алсаңар алгыла” деп, Бек мырза кимге таарынгысы келет? Таарынса, өзүнө гана таарынганы туура болот.

Айбат гезити №97




Башка окшош макалалар:

4 комментарий

  1. Ozubuz bile berip Kyrgyzstandy tugotmoi boldukko e

  2. Ар бир кыргыз жигит патриот болуш керек..Акча азыр баарынан ойдо турчу болду го бек байке…

    • Б. Б.:

      пикириңизге рахмат. сиздин ой боюнча, Бек мырза туура кылдыбы?

      • Ээх Бек байке. Ушу Бакиевдерге неге бардыныз дейм да..
        Токтогул коз камандарга ырдабай койгону учун Токтогул болуп 150 жыл отсо да маарекесин откоруп отурабыз.
        Арзыматты ким эстейт. Эстесек да аны кошоматчы, саткын деп эстейбиз. Сиздин бул кылганыныз Арзыматтай эле болуп калыптыр.. Эл алдында кечирим сурап койгонунуз туура болоор. Айкол элим кечирет…

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru