Айбат » “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси Бек Борбиевге каршы митинг өткөрдү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси Бек Борбиевге каршы митинг өткөрдү

Бек БорбиевЫрчы Бек Борбиевдин Белоруссияда баш калкалап жүргөн Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин юбилейине барып ырдап келгенине карата нааразычылык күндөн-күнгө күчөп баратат.

Бул жолу 23-сентябрда “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын имаратынын алдына келип Бек Борбиевдин концертине каршы акция өткөрүштү. Колдоруна “Бек Борбиев эркек бол”, “Бек Борбиев элден кечирим сурасын” деген жарнактарды көтөргөн митингчилер ырчынын концертин токтотушун талап кылышты.

Эске сала кетсек ырчы өзү буга чейин социалдык түйүн аркылуу “Мен кайсыл жерге барып ырдайм, өзүмдүн жеке чечимим” деген пикирин билдирген. Митингге чыккандар да “Туура ал кайсыл жерге барып ырдай турганын өзү билет, бирок бул жолу ал элди да ойлоп койсо болмок. Курманбек Бакиевдин бийлигинин огунан канчалаган балдар каза тапты, жарадар болушту. Алар да өзүнүн эле мекендештери болгон. Алардын жакын туугандарынын көз жаштары али кургай элек. Мына ушуну ырчы эске алышы керек болчу” дешет.

Митингчилер мындай талапты коюп, филармониянын алдында турган убакта Бек Борбиевден эч кандай дайын билинген жок. Митингчилерге жолугуп, алардын оюн угуп, суроолоруна да жооп бере албады. Мына ушундан эле ырчынын Белоруссияга барып КурСалиевичтин алдында ырдап келгени чындык экендиги байкалды.

Айрым журналисттер ырчынын чөнтөк телефонуна байланышка чыгууга аракет кылышты. Бирок, анын телефону өчүк экендиги билинди. Балким өз суроолоруна жеткиликтүү жооп ала албаган митингчилер митинг өткөрө берүүсү күтүлөт. Андыктан ырбап бараткан чырды токтотуу бир гана ырчынын өз колунда.

Эгерде акчанын күчүнө, же башка кызыкчылыкка алдырып, Бек мырза Белоруссияга барып качкын президенттин алдында ырдап келген болсо, жалпы кыргыз элинен, апрель баатырларынан кечирим сурап коюусу абзел.

Болбосо, анын наамы гана эмес, Кыргызстанда ырдоо мүмкүнчүлүгү таптакыр жок болуп калышы да кеп эмес. Себеби, Бакиевдин огунан улам өмүр бою майып болуп калгандардын, каза болгон балдардын жакындарынын каргышы деле ырчыны узакка чуркатпасы аштан бышык.

Эскерте кетсек, “Айкөл Ала-Тоо” коому буга чейин Борбиевге кайрылуу жазышып, анын мындай аракетин сойкулукка салыштырган.

Айбат гезити №97




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Руслан:

    Каза болгон азаматтардын жакындарына жакшы эле сокку болуптур. Бакиев колуна тийбесе анан ушундан жинин чыгарат да.

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru