Айбат » Украинанын кыйроосуна зор салымы бар Джон Маккейн менен Равшан Жээнбеков жолугуп эмнени сүйлөшөт?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Украинанын кыйроосуна зор салымы бар Джон Маккейн менен Равшан Жээнбеков жолугуп эмнени сүйлөшөт?

Джон МаккейнӨз алдынча көз карандысыз мамлекет болгондон бери карай Кыргызстан башынан бир топ сыноолорду өткөрдү. Мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаев айткандай “чайпалдык, бирок төгүлбөдүк”. Эки жолу революция болуп, эки жолу президент өз өлкөсүн таштай качты. Экинчиси өз элине ок чыгарып, 100гө чукул баланын өмүрүн кыйып, миңге чукулун өмүр бою майып кылды. Андан кийин 2010-жылы июнь айында өлкөбүздүн түштүк аймагында бир тууган кыргыз-өзбек элдеринин ортосуна от жаккан сепаратисттердин айынан коогалаң болуп өттү. Эки элдин ынтымагына доо кетиришти. Муну жасагандардын негизги максаты деле Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө доо кетирүү аракетин көрүшкөнү маалым болду. Мына ушундай сыноолордон кийин ыйык Мекенибизди, Кыргызстаныбызды мындан ары толкутуп-калкытпай сактап, мамлекеттүүлүктү бекемдөө багытында гана аракет жасоо ар бир кыргыз жаранынын милдети эле. Тилекке каршы азыр деле “ичтен чыккан ийрми жыландар” бар экендиги байкалып келет. Бийликке жетип, болгондо да ага шайлоо жолу менен эмес, басып алуу, тартып алуу жолу менен жетип алып, мурда көнүп калгандарындай мамлекеттин казынасына беш колун матырып жашагылары келип жаткандар көп болбосо да, жок эмес. Буга ачык мисал катары Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Равшан Жээнбековдун жасап аткан кадамдарын айтсак болот. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаевдин 31-августь күнү сүйлөгөн сөзүнө асылып, коңшулаш Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринин президенттерине кайрылуу жасаган. Мунусун коомчулук “саткынчылык, чыккынчылык” катары баалаган. “Өзү демократия деп сүйлөп атып, авторитардык диктатуралык бийликти орнотуп алган президенттерге кайрылуу жасап атканына жол болсун” дегендер болгон. Эми болсо Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахмановдор АКШ мамлекеттик департаментинин сенатору Джон Маккейнге кат жазып, анын кабыл алуусунда болушун өтүнүп жатышканы маалым болду. Муну Равшан Жээнбеков өзү дагы ырастады. Ал “Биз демократиялык багытта иш алып барган саясатчылар жана мамлекеттер менен мамиледе болгубуз келет. Ал эми бийлик болсо авторитардык режимдегилер менен мамиле кылууга ынтызар болуп атат” дейт Равшан Жээнбеков. Мына ушул жерден анын авторитардык режимди орнотуп алышкан Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринин президенттерине жагынып кайрылуу жазгандарын кайда катабыз? Өзүн башындагы төөнү көрбөй, өзгөлөргө сын айта бергенге болобу? Экинчиден, Джон Маккейн Украинадагы кырдаалдын курчушуна себепкер болгондордун бири экендиги маалым. Американын кийлигишүүсү менен учурда Украина 3-4кө бөлүнүп кетти. Украинанын мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалы бошоду. Украинаны мына ушундай абалга алып келген адам менен байланыш түзгүлөрү келген биздин эки эрендин аракетин кандай баалоого болот? Туура, биздин бийликте да ар кандай кемчиликтер болуп атат. Аны жашырууга болбойт. Бирок, эң негизгиси бизде мурдагыдай үй-бүлөлүк, диктатуралык бийлик жок. Биз жаңыдан гана парламенттик-демократиялык жолго аттандык. Бул жолго жаңыдан гана түшүп атканыбыздан улам мыйзам ченемдүү катачылыктар кетип атат. Мына ушуларды оңдоо үчүн өздөрүн чыныгы оппозиция эсептеген эрендер альтернативалуу сунуштары менен бийликке кайрылып, чогуу кызматташса болбойт беле? Мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуш үчүн же сөзсүз түрдө эле бийликтин башында болуш керекпи? Мына ушуну терең ойлонолу. Болбосо, бир карын майды бир кумалак чириткендей, бүтүн турган, тынчтыкта жашап аткан өлкөбүзгө будуң-чаң салгысы келип, көрүнгөн сырткы күчтөрдөн жардам сурап жүргөн саясатчыларыбыз өз максаттарын жүзөгө ашырып алышы мүмкүн.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №97



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru