Айбат » Бишкек шаардык МАИнин жол кайгуул кызматынын жетекчисинин экс-орун басары, полковник Темиркан Керимбаев: “Иштин көзүн билген инсан гана ынанымдуу иштейт…”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бишкек шаардык МАИнин жол кайгуул кызматынын жетекчисинин экс-орун басары, полковник Темиркан Керимбаев: “Иштин көзүн билген инсан гана ынанымдуу иштейт…”

Темиркан КеримбаевЖолдор, жолдор… Учу-кыйырсыз ак жолдор. Бардык кесиптин өзүнчө машакаты болот. Бир сырдуу, көп кырдуу сөздөн мурда ишти алдыңкы катарга койгон бул адистин ишмердүүлүгү жогорку баага татыйт. Көөкөр таштай көтөрүмү оор инсан керемет күздүн  салкын илебинде сыр бөлүштү.

- Темиркан Тоялиевич, сөздү балтыр тилген балалыктан баштасакпы деп турам. Мындай соболдор сизге тааныш болсо да, балачак-өмүрдүн башатынан тааныган жөндүү да…

– “Адам өз балалыгын өмүрү өткүчөктү сактап жүрөт”,-деп бир акылмандын накылы сөзү кандай калетсиз чындык! 1959-жылдын май айларында Ысык-Атанын Алмалуу айылында ыңаалап жарык дүйнөгө келгем. Алтын бешикке бөлөгөн мээримин марттык менен төккөн, түн уйкусун  төрткө бөлүп, үстүңдөн үзүлүп түшүп, көзүңдүн карегиндей чарк айланган-бул сенин энең эмеспи. Ал эми тун уулдуу болгонуна кубанычында чек жок атамдын каректеринен бакыт тамчысынын тамышы айтып бүткүс дастан эле. Балачак эсте калаарлык нары кызык, нары маңыздуу өттү. Балалык учуруң киргил сууга аралаша элек аска тоонун мөлтүр булагындай тунук да, таза да болот тура. Чоң аталарыбыз кичинекей булак туп-тунук болуп түбү көрүнүп турат деп калышаар эле. Менин баёо балалыгымды дал ошол булакка салыштырар элем. Себеби, жашоонун оош-кыйыш көйгөйлөрү менен түк ишиң жок, эч кимге баш ийбеген “өжөр” мезгил экен. Эчак өтүп кеткен бал татым балачагым, уйду кезүүдөн күткүчөктү футбол ойногон өспүрүм кезим  мага даана элестелип, көп учурда мен ага күтүүсүздөн “саякатка” аттана калып жүрөм. Ошол балалыгымдын бал даамы алигиче оозумдан кетпегенин азыркыга чейин жонтерим менен сезип келем.

- Эненин сүтүн эч качан актай албайт экенбиз…

– Ооба, эненин сүтүн актоо такыр мүмкүн эмес. Менин бир ишке ашпаган кыялым сый көрсөтүү маалда апамдан ажырап калганым болду. Бейиши болгур апамдын жандуу элеси эсиме кылт эте түшө калганда, “ажарлуу аял-адамдын периштеси, акылдуу аял-эркектин шериктеши”-деген элдик накыл сөзүн чукуп тапкандай таамай айтылганына ынанам. Ар ким өз энесин мактайт го, бирок менин энем дал ушундай аялзатынан болгон. Энекем балдарын багып өстүрүү жагынан өтө мыкты жана чебер эле. Өзгөчө сапаты-үйдөгү бар-жокту, кем-карчты эч кимибизге байкатпай, көп ооруса да, өзүнүн аракети менен бирди-экиге жеткирип, тегиз кылып турчу таңкалтырчу касиети бар эле.

- Окуучулук күндөрүңүз да унутулгус болгондур…

– Ала-Тоо айылынын…мектебинде окугам. Маданий иш чараларда активдүү катышып, уюуштуруучулук жактан эч кимди алдыга чыгарбас элем. Классикалык чыгармаларды чогултуу менин хоббим эле. Мектептин китепканасында көп каттап, дүйнөлүк, орус жана кыргыз жазуучулардын чыгармаларын кызыгуу менен окучумун. У. Шекспирдин, Шолоховдун, А. П. Чеховдун, Л. Толстойдун, Ч. Айтматовдун, М. Гапаровдун, Ө. Даникеевдин чыгармалары мага таалим-тарбия берген. Китептен башым көтөрүлбөй окуучулук күндөр да кызыктуу өткөн. Ушундан уламбы келечекте журналист болууну көздөгөм.

- Ал кезде аскердик кызмат өтөө өзүнчө шаңга бөлөнчү дешет го…

– Окууну бүтөөрүм менен Университеттн журналистика бөлүмүнө тапшырып тилекке каршы окууга өтпөй, кайра айылга барып, колхоздо иштеп калдым. Көп узабай 2 жылдык аскердик кызмат өтөөгө Германиянын Алтенбург шаарында 57-806 бөлүмүнө чакырылдым. Азыркы жаштарыбыз үчүн союз доорунда аскердик кызмат өтөө аңызга айланып калбадыбы. Чет өлкөдө кызмат өтөгөндөр башкаларга салыштырмалуу барктуу эле. Киндик кан тамган жерге келенде кучак жая тосуп алышчу. Бир капталында Фрунзе болсо, бир капталында Алтенбург, ал эми ортосунда 1977-1979 жыл деп жазылган анан учактын сүрөтү бар чемодан менен келгем. Аскерде сүрөткө түшкөн альбомду да өз фантазияңа жараша кооздоп алгансың, деги койчу азыркыларга жомок бойдон калганы бышык.

Темиркан Керимбаев- “Сүйүүнүн бир сааты бүтүндөй турмуш” дегендей, өмүрлүк жарыңыз менен алгач таанышкан күн дале да эстедир…

– Балдарымдын апасына кокустан жолугуп, нике кайып экен баш кошуп калдык. Жаңыдан таанышкан кезде шаарыбыздын бир ооруканасында медайым болуп иштечү. Мен катардагы жумушчу. Бүтүндөй дитимди буруп, байкап да, сынап да көрсөм, мүнөзү илбериңки, назик, оорбасырыктуу, токтоо сезилди. Сүйлөгөнү өтө сылык, сөздөрү да өз ордунда, берген жооптору так жана өтө чечкиндүү. Кыскасы, ал карындаш бир көргөндө эле купулума толуп мага жагып калды. Ошондуктан мейли дедим да, аны менен өмүр курууну биротоло чечип, бул пикиримди ата-энеме, туугандарыма жарыя кылдым. Досторум менен чогуу айылына барып, ала-качып кеттим. Элибизде “Туулган жердин суусу мүрөк, кызы-чүрөк” деген кеп бар. Себеби, …чындап эле үйдүн-куту, өңдүү-түстүү, акыл-эстүү, баары колунан келген, алаканы жайык, жаман-жакшыны ылгай алган, барга-жокко чыдамдуу, адамдарды сыйлай билген, боорукер адам болуп чыкты. Эң башкысы, ал-балдардын сүйүктүү энеси, небере-жээндердин баа жеткис, чоң эне, таенеси. Менин бактыма бабалар айткандай, акжоолук делбир, аккөрпө жайык аялзат болуп чыкты. Ал экөөбүз кол кармашып, өз тагдырыбызды бирикиргенден бери көзгө илинбей, 33 жыл болуптур.

- Мамлекеттик жетекчи кандай үлгүдө болуусу шарт?

– Кайсы гана деңгээлдеги мамлекеттик жетекчи болбосун, анын күчү өзүнүн эмгек жамааты, коомчулук, жумурай-журт менен ажырагыс байланышта болуп, алар менен бирге жашап, ой-мүдөөлөрү, пикирлери, суроолору, суунуш-талаптарына назар салып, ар дайым алардын күрөө тамырынын согушун сезип туруусунда демекчимин. Мактангандай болбоюн, муну кудайга шүгүр мендей билгендер, чанда чыгаар деп да ойлоп кетем. Анткени, коларага жарап калган кезимден баштап, мына, ушул күнгө чейин, мен өз элим, өз жерим менен эриш аркак ажырагыс жашап жана 36 жылдан бери эмгектенип келем.

- МАИ кызматында тажрыйбалуу адис катары айта кетсеңиз жол эрежеси тууралуу ар бир атуул биле бербейт…

– Муну ар бир үй-бүлөнүн өзүнөн, ар бир бала-бакчадан баштаган туура. Бул максатта жол эрежеси боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсө, республиканын Билим жана илим министрлиги, университеттер кызыгуу менен иштешсе дурус болмок. “Кырсык каш-кабактын ортосунда” дейт, ошондо кандуу жолдо кырсыктардан алыс болоор элек.

-  Бир кездерде көчөлөрдө машина көзөмөлүн кыздар жүргүзө баштаган. – Байдыкемдин: “Токсон тогуз өнөрдүн ээси бол деп, тоолук ата үйрөткөн сени, мени” ырындагыдай коңур үнүңүзгө караганда ырдайт чыгарсыз…

– Албетте, (Күлүп) Жусуп Баласагын айткандай: “Талантты карызга бербейт эч ким колго, Талант бул жараткандан алган олжо”. Той-топурларда ырдагандан качпайм. Негедир махабаттын жарчысы болгон улуу талант Асанкалый Керимбаевдин ырларына жакынмын. Кайсы ыры болбосун жүрөктүн тээ түпкүрүнө чейин сүңгүп кирип, түбөлүк жай таап алат го чиркин. Ашкана жыты жагымсыз болгону менен даамы кандай сонун экенин байкайттырсыз. Мен тамшанып жасаган тамак кесме. Себеби, бала чагымдан бери апама кол-кабыш кылып тамак жасаганды үйрөнүп алгам. Тамак жасоо да өзүнчө бир искусство деп билем.

- Катардагы инспектордон тарта, бүгүнкү күндө МАИнин жолду көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басарына жетип отурасыз. Кесип сизди тандадыбы же сиз кесиптиби…

– Коомдо жашап туруп, коомдон алыс боло албайсың. Арт жакта калган жашоо тилкем, эмгек жолум дал ошол коомдун алкагында агылып жүрүп отурду. Албетте кесип мени тандаган десем жаңылышпасмын. Иштин көзүн билген инсан гана таза жана ынанымдуу иштей алат. “Мен кылдым!” деп, көпчүлүк көзүнчө төш койгулаганың эмес, көмүскөдө бекинип жасаган ишиң чоң эрдик. Раматылык кыргыздын кыраан уулу, корифейлердин бири, акыркы могикан актер Советбек Жумадыловду канчалык көккө учурушуп көкөлөтүшпөсүн, ал баарыбир жөнөкөйлүүлүгүнөн жазбай жер менен жуурулушуп турчу экен. Менде да дал ушул улуулукту даңазалаган жөнөкөйлүүлүк канымда кайнап жатат. Бийлик колдун кири өңдүү, бүгүн бар да, эртең жок. Ал эми адамдык сапат өзүң менен чогуу сөөгүң менен сөпөт болоору анык.

Самара Саламатова

Айбат гезити №97



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru