Айбат » Көмүскө жасалып келаткан бизнес легалдуулукка өтсө өлкө бюджетине олуттуу киреше түшө баштайт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Көмүскө жасалып келаткан бизнес легалдуулукка өтсө өлкө бюджетине олуттуу киреше түшө баштайт

Көмүскөдөгү бизнесБүгүнкү күндүн талашка түшүп жаткан маселелеринин бири – бул Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү, кирбөө маселеси болуп турат. Көмүскө бизнес менен шугулданып, өз чөнтөгүн көбүрөөк кампайтууну адатка айлантып алгандар үчүн Бажы союзуна кошулуу өтө чоң жоготууларды алып келиши күтүлүүдө. Ага байланыштуу “Биз Бажы биримдигине кирсек, бардык нерсенин баасы асманга чыгат, элибиз кыйналат” деген өңдүү пикирлерди жаратып, каршылык көрсөтүү аракетин көрүп жаткандар бар. Ырас, эгерде өлкөбүз бажы биримдигине кирип калса, биринчи кезекте бажы көзөмөлдөрү, бардык бажы процедуралары тартипке салынып, көзөмөл күчөйт. Мындай көзөмөл соода-сатыктын көмүскөдөгү секторун байкалаарлык деңгээлде кыскартат. Бүгүнкү күндө кыргыз бизнесинин болжол менен үчтөн бир бөлүгү көмүскө жүргүзүлөөрүн эске алганда албетте бажы биримдигине кирүү кыйынчылык жаратпай койбойт. Бирок, бизнестин көмүскөдө жүргүзүлүшү белгилүү бир адамдардын гана чөнтөгү үчүн пайда алып келгени болбосо, өлкө казынасы үчүн албетте жыргатаарлык эч нерсе жасалбайт. Андыктан бардык бизнести легалдаштыруу аркылуу гана өлкө экономикасын көтөрүгө боло тургандыгы талашсыз.Ушул багытта КМШ мамлекеттер Институтунун экономика бөлүмүнүн башчысы Аза Мигронян маалымат сайттарынын бирине олуттуу ойлорун ортого салган экен. “Легалдуу эмес экономика секторунан легалдуу талаага алып келүүнүн эки жолу бар. Анын биринчиси – эволюциялык жол. Легалдуу эмес сектордун өнүгүү темпи жана мүнөзү өтө жогору болсо, анда өтө көп эмес убакыттан кийин бардык легалдуу куралдарды колдонуу зарылчылыгы пайда болот. Мындай кырдаалда бизнес өзүнөн өзү легалдашат. Мындай жол бир гана өндүрүштүк багыттагы бизнеске тиешелүү. Эгерде соода-ортомчулук кылуу кызматы тууралуу сөз боло турган болсо, анда эволюциялык жол тууралуу айтып кереги жок. Эволюциялык модель технологиялык муктаждыкка байланыштуу болот. Ал эми азыркы тапта Кыргызстанда болуп аткан соода-ортомчулук кызматына мындай муктаждыктын кереги жок. Андыктан эволюциялык жол өтө узакка созулуп кетиши мүмкүн. Легалдаштыруунун экинчи жолу – кардиналдуу, революциялык жол. Мында мамлекет укуктук башкаруу менен бизнесмендерди өз каалоосу менен легалдаштырууга муктаж кылат. Бул жол конфликттерди жаратат, бирок улуттук экономиканын кызыкчылыгы үчүн эффективдүү” дейт ал. Ырас, бул эки жолдун кайсынысын тандап аларыбыз өзүбүздөн, анан элдин атынан шайланып отурган жогорку кызматтардагы жетекчилердин көз каранды. Экономиканын легалдуу эмес екторун колдоп жаткандар көмүскө экономика элди жумуш менен камсыз кылууда, социалдык стабилдүүлүктү камсыздоодо дегендей айтып келишет. Бирок, андан өлкөбүздүн экономикасы көтөрүлүп кеткенин көрө алган жокпуз. Ар түрдүү берилген баалар боюнча көмүскө экономика экономибыздын болжол менен 50дөн 80 пайызга чейинин ээлейт. Эгерде анын 10 гана пайызы легалдашып кала турган болсо, анда өлкөбүздө кандай жаңылыктар, же жылыштар болушу мүмкүн?  Биринчи кезекте мамлекеттик бюджет кошумча каражаттарды ала баштайт. Ал акчалар кайрадан эле кайсы бир программаларды, же экономиканын легалдуу секторун өнүктүрүү багытындагы иштерге жумшалат. Аны менен катар жумушчу орундарынын саны көбөйөт. Аза Мигроняндын айтымында эгерде көмүскөдө жасалып аткан бизнестердин 10 пайызы эле легалдашса, анда бюджеттин кирешеси 3-5 пайызка чейин, дүң киреше 1,5-3 пайызка, финансы рыногунда инвестициялык жана кредиттик автивдүүлүк 5 пайызка чейин өсөт. Бул бир гана мисал. Болгондо да айтылып келгендей 50-80 пайызка чейинки көмүскө экономиканын 10 пайызы гана легалдашса жогорудагыдай өзгөрүүлөр болот. Ал эми бардык көмүскө бизнес толугу менен легалдашса, анда жогоруда көрсөтүлгөн цифралар дагы 5-6 эсеге көбөйө тургандыгы шексиз. Демек, Бажы союзуна кирип, убактылуу кыйынчылыктарына чыдап кое алсак, анын жемишин сөзсүз көрө тургандыгыбыз белгилүү болуп турат.

Айбат гезити №97




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru