Айбат » А.Акаев, К.Бакиевдин тагдырына суктанган Орозалы Карасартовго жооп

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » А.Акаев, К.Бакиевдин тагдырына суктанган Орозалы Карасартовго жооп

Орозалы КарасартовБиз сыйлап жүргөн калемдеш агабыз Орозалы Карасартов «Майдан.kg» гезитиндеги «Кошоматчылык кыргыздын түбүнө жетет» макаласын сол жамбашы менен турган күнү жазганбы, айтор, «дөөрүп» салыптыр. Анын койгон дооматтарына кыскача жооп узатып коелу деп чечтик.

«Раззаковду кубаладык, ал Россияда сый жашап, эми сөөгүн аздектеп алып келип көмдүк. Акаевди акыркы «сволуч» деп кубаладык, ал Россияда окумуштуу катары бааланып, ак кызматын кылып жатат. Бакиевди «кан ичкич» деп кубаладык. Аны белорустар орден менен сыйлап жатат. Кеп биздин башчыларыбызда эмес, биздин өзүбүздө окшойт?..» дейт Орозалы мырза. Исхак Раззаковду айта албайбыз, ал эми Аскар Акаев, өзгөчө, Курманбек Бакиевдин тагдыры адам баласынын башына түшкөндөн кудай өзү сактасын дейли. «Бирөөнүн жеринде султан болгуча өз элинде ултан бол» макалында айтылгандай, Кыргызстанды сүлүк курттай соруп, элдин байлыгын уурдап, үй-бүлөсүнүн, бала-чакасынын жетегинен чыга албай, өз элине ок аткандыгынын кесепетинен эми өз мекенине келе албай сыртта бозгунда жүрүшөт. Адам баласы үчүн мындан өткөн кордук болбосо керек. А.Акаевдин Москвада илимий иштер менен алектенип жүргөнүн билебиз, бирок, ошол эмгегин өз элине, өлкөсүнө өтөсө болбойт беле? Ал эми өзүн «өгүз», «боксер» атаган Курманбек Бакиевге белорус президентинин орден бергени – «балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт» накылын гана эске салат. Себеби, экөө тең авторитардык режимдин жактоочулары, анын үстүнө, Бакиевдин туң уулу Марат Бакиев менен кийинкиси Максим Бакиевдин Минскиде бизнес кызыкчылыктары бар. Анан А.Лукашенко мындай инвесторлорду кучак жая тосуп, орден менен сыйлабаганда не кылмак? Мына ушундай тагдыры тайкы, небере-чөбөрө, кыбыра, тыбыраларына чейин доо кеткен качкын, канкор президенттердин тагдырына суктанып, ал үчүн, элди күнөөлөгөн Орозалы Карасартовго жол болсун! Бул биринчи жообубуз деп туруңуз.

Экинчи дооматына абай салалы. Анда төмөндөгүдөй маани камтылыптыр: «Апрель окуясынан кийин турмуш жакшырдыбы? Коррупция жоголдубу? Криминалдар жоголдубу?». Апрель окуясынан кийин коррупцияга, кримдүйнөгө каршы аеосуз күрөш жарыяланганы маалым. Айыл өкмөт башчыларынан, сот, укук коргоо органдарынан тартып министр, депутаттарга чейин кылмыш иши козголуп, алды түрмөгө отуруп чыгышты. Бул башталышы гана, «жегендерин кусчулар» али алдыда. Ал эми кримтөбөлдөрүнөн алды Дубайга чейин качып, алды түрмөдө отурганын Орозалы агабыз көрбөй калганы өтө өкүнүчтүү. Эгер адилеттүү болсо эмне үчүн энергетика жаатында жүзөгө ашып жаткан ири долбоорлор, Кыргызстанды энергетикалык көзкарандысыздыкка жеткирүү аракеттери көрүлүп жатканын ачык айтпайт беле? Эми муну ал кишинин абийирине коелу.

«Тирүү адамды апрель окуясында өлдү деп көмгөнү жалганбы? Мародерлуктан өлгөндөр кыргыз элинин «баатыры» болуп, квартираларды, миллион сом алышты, туурабы? Акыйкат бийлик келдиби? Жок!» дептир үчүнчү дооматында О.Карасартов. Президенттикке талапкерлигин койгон саясатчылардын бири дагы: «Апрель окуясында «бомждор» окко учкан» дегендей пикирин билдире коем деп тилинен чалынып тура албай калганын билебиз. Эгер ошол күнү мамлекеттин жаркын келечеги, элдин биримдигин ойлоп, кандуу Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы чыгып шейит кеткендерди мародер атаса, анда Орозалы Карасартов карылыкка эмитеден алдырып баратканбы деген ойдо калдык. Акыл-эси жайында адам минтип «дөөдүрөп», ар нерсенин башын чаргытпайт эле. Орозалы агабызга мындай «аналитика» жазгандан көрө ооруканага жатып, саламаттыгын бекемдеп алса деген сунуш айтат элек. Ойлонуп көрөр…

Айбат гезити №97



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru