Айбат » «Темир генералдын» депутаты Төрөбеков жасалма диплому үчүн соттолобу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » «Темир генералдын» депутаты Төрөбеков жасалма диплому үчүн соттолобу?

Нурлан ТөрөбековПарламенттеги «Ар-намыс» фракциясынын лидери Феликс Куловдун командасындагы адамдардын былыгы четинен чууруп чыгууда. Өткөн жумада маданият тармагын жөндөй албаганы үчүн Камила Талиева министрликтен шыпырылса, эми Нурлан Төрөбеков соттолуу алдында турат.

Башкы прокуратуранын басма-сөз кызматынын 24-сентябрда тараткан маалыматына ылайык, башкы прокурор Аида Салянова Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси («Алдамчылык») жана 350-беренесинин («Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамп, мөөрлөрдү, бланкаларды жасоо, даярдоо, сатуу же пайдалануу») негизинде Нурлан Төрөбековго кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөлдөөчү органдын ырасташынча, Н.Төрөбеков 2013-жылы президенттин аппаратына Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин анын атына берилген жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсүн тапшырган. Ага ылайык жана башка документтердин негизинде Н.Төрөбековго «мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» чини берилген экен. «Аны менен катар, Н.Төрөбековдун наамына берилген жогоруда аталган диплом башка адамдарга берилген эмес жана каттоо китебинде диплом катталган эмес. Ушул эле каттоо номуру менен, бирок берилген башка дата жана башка сериядагы диплом КУУнун Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун Кыргыз-Европалык факультетинин бүтүрүүчүсүнө берилген. Мындай жол менен ЖК депутаты Н.Төрөбеков жасалма дипломду пайдаланып, тиешелүү укуктарды алып жүргөн» деп баса белгилейт Башкы прокуратуранын басма-сөз кызматы.

Чин алыш үчүн жасалма диплом сатып алып, Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган Нурлан мырзанын кыңыр иши 40 жылга жетпей ашкереленди. Эми аны жоопкерчиликке тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек. Эл өкүлдөрү адатынча кесиптешин коргоп калышабы же башына салганды көр деп башкы көзөмөлдөөчү органдын ченгелине салып беришеби?  Ай, ишениш кыйын го…

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №97



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru