Айбат » Кочкор районунда жакынкы күндөрү жаштар борбору ачылат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кочкор районунда жакынкы күндөрү жаштар борбору ачылат

Кочкор жаштарыНарын облусунун Кочкор районунда  24-сентябрь күнү «Жаштар өнүгүү жолу менен Алга…» аталыштагы жаштардын алгачкы форуму болуп өттү.

Жаштар форумуна Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов жетектеген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Эмгек миграция жана жаштар министрлигинин Нарын облусундагы башкармалыгынын башкы адиси Төрөбек Арунов жана жаштар иштери боюнча эксперт Бакыт Эгембердиев, Жаштар өнүгүү институту тарабынан Гулайым Абдыкеева менен Нарын жаштар ордосу жана Жумгал жаштар борборлорунун өкүлдөрү катышышты.

Жаштар форумуна жалпысынан 200гө чукул район жаштары, мектеп окуучулары, ошондой эле айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештердин депутаттары менен мекеме ишканаларынын жетекчилери келип күбө болушту.

Кочкор жаштарыФорумда район жаштарынын көйгөйлөрү жана алдыда аткарыла турган иш пландары, каражат тармактары кеңири талкууга алынды. Ошондой эле Нарын жаштар ордосунан келген өкүлдөр тарабынан жана Жумгал жаштар борборунан жаштар өздөрүнүн жаштар борборлору тууралуу кеңири видео-слайд көрсөтүштү.

Райондук деңгээлде өткөрүлгөн форумдун жыйынтыгы менен бир катар сунуш, пикирлер келтирилип атайын резолюция кабыл алынып, райондук мамалекеттик администрациясына жүктөлдү.

Эске салсак, бул жаштар форумун өткөрүү Германия эларалык кызматташтык коому «GIZ»дин «Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоорунун көмөгү менен ишке ашырылган.

Кочкор жаштарыФорумда белгиленгендей, Кочкор районунда буга чейин жаштар борбору же болбосо жаштар менен тыгыз кызматташкан уюм болгон эмес. Ошондой эле алгачкы ирет өткөрүлгөн жаштар форуму мындан ары жыл сайын өткөрүлүп туруу жагы сунушталды.

Андан тышкары Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы бөлүп берген имараттын ичин толуктап аны жакын арада жаштар борбору кылып ишке киргизип, район жаштарына шарт түзүп берүү жагы каралды.

Кочкор жаштары кеңешинин төрагасы Мирбек Мамбетовдун демилгеси алдында учурда райондо жаштар иштери боюнча көптөгөн демилгелер ишке ашканы турат.

Мирбек АСАНАЛИЕВ

Айбат гезити №97




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru