Айбат » Эң байыркы кыргыздар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Эң байыркы кыргыздар

КыргыздарКылым жолду багындырып, эски эл, тарыхы бай келген кыргыз элин тарых беттерин алтын тамга менен жазып койгонубузду эч ким, эч качан бизден талаша албасы анык. Бирок, биздин жаш муунубуз, тарых беттерине алтын менен жаздыруу үчүн  кан төгүү, жоготуу жана кандай адамдарыбыз алып, ошончо жолду басып келгенин билбегени жанды тирүүлөй жерге көмөт.  Эй жаш муун,  тарыхыбызга көз чаптырып, сенин тегин ким, сен кайдан келгенсиң, жана жүрөгүң ким деп согуш керек экендигин  билип ал!!!  Бул сандан-санга жазылып туруучу “Тарых беттери” деген рубрикабыз болмокчу.   Алгач силерге  Кыргызстандын тарыхы жөнүндө маалымат берип андан кийин  кыргызды кыргыз кылып келген баатырларыбыздын тарых таржымалдары жөнүндө кеп кылмакчыбыз.

КЫРГЫЗДАР ЖӨНҮНДӨГҮ ЖАЗМА МААЛЫМАТТАР

Кыргыз улутунун наамы ата мекенибизде мындан эки миң жыл мурда өкүм сүргөн Чыгыш Хан империясынын доорунда (жаңы эранын 220-225-жылы) жашаган Симачйен деген адам (жаңы эрадан илгерки 145-186-жылы) тарабынан жазылган “Тарыхнама” деген китепте туңгуч ирет тилге алынган. Анткени, кыргыздар так ушул доордо эле ханзуларга маалым болгон. Симачйен өзүнүн бул китебинин уннулар шежиреси деген тармагында кыргыздарды “Гекүн” деп жазган. Бул заманда кыргыздар уннулардын түндүк тараптарындагы Хүнйү, Чүйшйе, Динлин, Шинлий деген тайпаларга жакын жерлерде жашаган. Бирок, бул китепте уннулар “кийинче түндүктөгү хүнйү, чүйшйе, динлиң, гекүн, шинлий сыяктуу элдерди өзүнө каратты”  деген сөздөн башка кыргыздардын коомдук турмушу, алардын жашаган жерлери, гекүн (кыргыз) деген этник наамдын мааниси жана башка абалдары жөнүндө эч кандай маалымат жок. Чыгыш Хан империясында жашаган Бангу деген адам (жаңы эранын 32-92-жылы) жазган “Хан жылнамасы” деген китепте да жогорку сөздү кайталагандан башка кыргыздар жөнүндө эч кандай жаңы маалымат калтырбаган. Бирок, так ошол китептеги “уннулар шежиреси” деген бөлүмүндө кыргыздар “жянкүн” деген наам менен тилге алынып, алар “чыгыш тарапта уннулардын Теңир Куту (падышасы) турган жерден 7 миң жол, түштүктө Чеш (азыркы Жимисар жана Турпан) деген жерден 5 миң жол келе турган жерде жашайт”  деп жазылган. Жыйнап айтканда бул китепте да байыркы кыргыздардын жашаган орундары жана башка абалдары жөнүндө анык бир маалымат жок. Бирок, кийинки окумуштуулар жогорку кыскача маалыматтарга негизденип туруп, алар эң алгачкы доорлордо азыркы Сиберийадагы Эне Сай дарыясынын башкы агымындагы райондордо жашаган деген түшүнүккө келишти.

Кийинче кыргыздардын наамы байыркы ханзуча жазма маалыматтарда жана “жийегу”, “чийигү”, “хегес”, “шагас”, “жылыс”, “булути” деп жазылып келген. Окумуштуулар “булути” деген сөз ойрот, моңгулдардын кыргыздарга берген “буйрут” деген сөздөн келип чыккандыгын жана анын “кыр адамдары” деген мааниде экендигин жоромолдойт. Башкача аталмалар болсо “кыргыз” деген сөздүн ар бир доордогу ханзу тили менен жазылышы деп көрсөтөт.

Ал эми, “кыргыз” деген сөздүн келип чыгышы жана маанисине келсек, Жуңгонун Миң империясы доорунда жашаган Сун Йан деген адам (жаңы эранын 1381-1310-жылы) тарабынан жазылган “Юан тарыхы” деген китептен башка жазма материалдарда бул жөнүндө эч кандай маалымат жок. Бул китепте ошол доордогу кыргыздардын ичинде таралган уламыштарга негизденип отуруп, “кыргыз” деген сөз “кырк-ууз”, же болбосо “кырк-огуз” деген сөздөн келип чыккан деген жоромол алгач сүрүлгөн. Мындайча айтканда, бул китепте бир замандарда ханзу райондорунан түндүк тараптарга барып калган кырк ханзу кызы ушул жерлерде жашаган ууз (огуз) деген уруулар менен никеленгендиги, кийинче, булардан тараган урпактар “кырк-ууз”, “кырк-огуз” деп аталгандыгы “кыргыз” деген сөз так ушул “кырк-ууз”, “кырк-огуз” деген сөздөн өзгөрүлүп келгендиги  жазылган.

“Кыргыз” деген сөздүн мааниси жана кыргыздардын байыркы журттары жөнүндө түркчө, арабча жана парсыча бир кыйла материалдар бар. Айрыкча түркүй улуттарынын атактуу окумуштуусу Махмут Кашкари

Махмут Кашкари тарабынан жазылган “Диван лугатит түрк” деген атактуу чыгармада кыргыздар (кырк кыздар) жөнүндөгү бир канча жерде маалымат берилген. Бул чыгарманын бир жеринде: “Кыргыз” деген бир түрк тайпасынын наамы”  деп жазылган, бул чыгарманын кириш сөз бөлүмүндө кыргыздардын жашаган мекендерин жана алар менен коңшулаш жашаган тайпалар жөнүндө маалыматтар бар, бул маалыматтарда кыргыздын татарлар менен айылдаш жашагандыгы, алардын журту Чинге (Жуңгого) жакын экендиги баяндалган. “Кыргыз” деген наамдын “Диван лугатит түрктө” “кыргыз” деп жазылгандыгы, байыркы түрк тайпаларынын “Е” тамгасын “К” менен окуусуна байланыштуу болсо керек.

Махмут Кашкарыдан соң көптөгөн илимпоздор байыркы кыргыздардын тарыхы жана “кыргыз” деген этник наамдын келип чыгышы, мааниси жөнүндө кээ бир изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

Татар окумуштуусу Ади Атласов жана башка илимпоздор “кыргыз” деген наам жана кыргыздардын келип чыгышы сыяктуу маселелерди байыркы огуздар жана анын каганы Огуз ханга байланыштуу кылып көрсөтөт. Булардын ичинде Ади Атласов: “Байыркы түрктөрдүн такай падышалык куруп, Азия мейкиндигинин бардык жерлерин бир кыйла кол астына алган мезгили болсо так Мукаммет пайгамбар жылнамасынан 3400 жыл мурда (жаңы эрадан 4600 жыл илгери) өткөн Огуз хан дооруна туура келет”  деп жазган.

Түркиянын окумуштуусу Нажип Асим: “Түрктөр чоң өзөндөрдү “өгүз” деп атаган. Ошондуктан байыркы түрк тарыхында “огуз” деген аталманын так “өгүз” деген сөздөн келип чыгып “огуз” “гуз” деп аталып калгандыгы жана түрктөр батыш элдерине так ушул наам менен атак чыгаргандыгы мүмкүндүккө өтө жакын”деп жазган.

Атактуу татар окумуштуусу Мухаммет Мурат Рамзи: “Кыргыздар тегинде Огуз Хан урпактары болгон түрк тайпаларынын ичиндеги чоң бир тайпа, же болбосо алар Огуз Ханга жакын жүргөн адамдардан же анын аскер башчыларынан таралган болсо керек. Кыргыздардын наамы болуп келген “гыз” деген сөз “огуз” сөзүнүн бузулуп айтылышы болсо керек… Түрк тилинин сөздүк маанисинде эрме чөл же болбосо жайлоолорду “кыр” деп айтат. Демек, кыргыз деген сөз “кырда жашаган огуздар (кыр-огуздар, кыр-гыздар) деген сөз болсо керек” деп жазган.

Аты-жөнү анык болбогон бир адам тарабынан жаңы эранын 712-жылы жазылган “Ките бени түркия” деген китепте: … “огуздардын бардык тайпалары” “тогуз огуз” деген наам менен эске алынат, анын ичинде кыргыздар да баяндалат”деп жазылган. Демек, жогорку маалыматтарга караганда “кыргыз” деген наам байыркы түрк тилиндеги (бул доордо байыркы түрк тайпаларынын тили менен кыргыз тилинин ортосунда чоң айырма болбогон) “кыр” (тоо, жайлоолор) деген сөз менен “өгүз” (суу, өзөндөр) деген сөздүн бирикмесинен келген же болбосо жогорку маанидеги “кыр” деген сөз менен “огуз” (огуз тайпасы жана анын алгачкы бир жетекчисинин наамы) деген сөздөн өзгөрүп келген болсо керек. Бул сөздөрдүн мааниси – кыр-өзөндөрдө жашаган адамдар, же болбосо кырда жашаган огуздар деген сөз болсо керек. Демек, бүгүнкү “кыргыз” наам так ошол “кыр өгүз”, же болбосо “кыр огуз” деген сөздөрдүн кыскартылып айтылышы болсо керек.

Ал эми түрк тилиндеги улуттардын тарыхын бир кыйла терең изилдеген Мухаммет Абулгазы Батырхан өзүнүн “Түрк шежиреси” деген даңазалуу чыгармасында огуздар жана анын бир тармагы деп аталган кыргыз сыяктуу улуттардын тарыхы жөнүндө көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүп, огуз жана кыргыздардын ичинде таралып келген байыркы уламыштарды жазып калтырган. Анын жазгандарына караганда: “Огуз хандын алты уулу болгон. Чоң уулунун аты Күнхан, экинчиси Айхан, үчүнчүсү Жылдызхан, төртүнчүсү Көкхан, бешинчиси Тоохан, алтынчысы Деңизхан. Бул алты уулдун ар биринин чоң аялдарынан төрөлгөн төрттөн баласы болгон экен. Алардын кичүү аялдарынан да башка балдары бар эле. Күнхандын төрт уулунун ичинде, чоңунун аты Калый, экинчиси Баят, үчүнчүсү Алга Аюулуу, төртүнчүсү Кара Аюулуу; Айхандын төрт уулунун ичинде, чоң уулунун аты Языр, экинчиси Ябир, үчүнчүсү Додарга, төртүнчүсү Дөкөр; Жылдызхандын төрт уулу болуп, чоң уулунун аты Ошар, экинчиси Карнак, үчүнчүсү Бекдели, төртүнчүсү Каркын; Көкхандын төрт уулунун ичинде биринчиси Байындар, экинчиси Бечене, үчүнчүсү Жабылдар, төртүнчүсү Жебени; Тоохандын төрт уулунун алгачкысы Салур, экинчиси Аймир, үчүнчүсү Алайунтлу, төртүнчүсү Үркөр; Деңизхандын төрт уулунун биринчиси Эктер, экинчиси Экдоз, үчүнчүсү Ава, төртүнчүсү Канак. Огуз хандын бул алты уулунун кичүү аялдарынан төрөлгөн төрттөн баласы болгон. Бирок бул балдардын кайсы атадан таралгандыгын билбейбиз. Булардын аты Кене, Көнө, Турбатуу, Керейлүү, Султандуу, Окдуу, Көкдуу, Суужулуу, Арасандуу, Журтчу, Жамчы, Турумчу, Коому, Сорко дегендер. Бул убакытта Коому дегенди Саркы деген наам менен да чакырчу, булардан башка Курчук, Сурачык, Карачык, Казгурт, Кыргыз, Тикенлала, Мердешүй, Сайыр дегендер болгон”20. Мухаммет Абулгазы Батырхан өз чыгармасынын бул жеринде Кыргызды Огузхандын кайсы бир уулунун кичүү аялынан төрөлгөн небереси деп жазган. Ал бул чыгарманын жана бир жеринде: “Огузхандын Кыргыз деген бир небереси бар эле. Кыргыздар так ошонун уругунан келип чыккан. Бирок, бул заманда кыргыз тукумунан болгон адамдар өтө аз болгон, ошондуктан магул (моңгул) татар жана башка уруулар айбандарды багуу үчүн от-чөп жана суу кубалашып, кыргыз жерине барып отурукташып жалпылай кыргыз деген наам менен аталып калышкан. Бирок, алар өздөрүнүн кайсы урууга таандык экенин билишет” деп жазган. Демек, Мухаммет Абулгази Батырхандын бул маалыматтарында байыркы “кыргыз” деген аталманын агын суу деген түркчө (жана кыргызча) “огуз” деген түп сөзүнөн келип чыккан “огуз”, “гуз” сөзү менен тыкыз байланыштуу экендигин, ошондой эле кыргыздардын эң байыркы замандардан баштап эле түрк тилиндеги уруу-тайпаларга таандык экендигин далилдейт.

Ислам динин негизги мазмун кылып жазылган тарыхый материалдарда болсо кыргыздар адамзаттын түпкү атасы деп жоромолдогон Адам алейсаламдын небереси деп жазылат. 19-кылымда жашаган уйгур тарыхчысы Молла Муса ибн Молла Айса кожо Сайрами деген адам фарсиялык Кожо Рашидиддин тарабынан жазылган “Жамийуктавариг” жана 16-кылымда жашаган дуглат уруусунун тарыхчысы Мухаммет Мурза Хайдаркер Агани тарабынан жазылган “Тарихи Рашиди” деген китептерге негизделип жазган “Тарыхы Хамиди” деген китебинде: “Адам ата менен Ава энеден Нох пайгамбар төрөлгөн. Нох пайгамбардан Хам, Сам, Яфас деген үч бала төрөлгөн. Яфас деген бала өтө акылдуу, зейрек билимдүү бала болгон. Яфастан он бир бала төрөлгөн. Анын бири Чин (ханзу) болуп, Яфастын уулу Чин да атасына окшош акылдуу, зейрек, ишмердүү бала эле… Яфастын жана бир уулунун аты Түрк болуп, ал Яфас оглан деп аталган. Жана бул Кийомрыс (Кийомрыс – Фарсиянын азыркы доорубуздан 3500 жыл мурда өткөн эң байыркы уламыштарда баяндалган падышасы) менен бир заманда жашаган деген маалыматтар бар. Бардык түрк тайпалары, могул (муңгул), татар, кыргыз, кыпчак, уйгур, манжу, найман, чиркес, дачин, дагыстан, торгоот, ногой, парлас, жорос, жалайыр, дилим, журжут, яжуж-мажуж сыяктуу бир канча миң уруу жана бир канча миң тайпалардын түпкү атасы Яфастын уулу Түрккө барып жетет” деп жазган.

Малла Мүса Сайраминин бул маалыматтары негизинен христиан дининин улуу китеби болгон “Инжил”, мусулмандардын улуу китеби болгон “Куран” жана башка ислам тарыхчыларынын мифологиялык көз караштарынан келип чыккан болсо да, бирок анын бул маалыматтарынан байыркы кыргыздардын кан жана муун жагынан байыркы түрк тилиндеги тайпалар менен кээ бир байланыштарда болгондугун көрүүгө болот. Ал эми, бүгүнкү күндө антропология жана археологиялык казма табылгалар, тарых илиминин ийгиликтүү табыштары адамзаттын кандай пайда болгондугу, анын кандайча өнүгүп, бүгүнкү доорго жетип келгендиги жөнүндө жогоркудай мифологиялык көз караштардын сырын ачып, чындыкты бир кыйла көрсөтүп отурат.

“Кыргыз” деген наам жөнүндө орус жана башка элдердин окумуштуулары да кээ бир маалыматтарды берип аны чечүүгө тырышкан.

Орус окумуштуусу Радлов кыргыз деген сөз кыргыз элинин кырк (40) жана жүз (тарап) деген уңгу сөзүнөн келген. Мунун мааниси тарап-тарапта жашаган кырк уруу деген болот деп жазган. Жана бир орус окумуштуусу Березин “Кыргыз деген сөз кырк (40) деген уңгу сөз жана анын “ыз” деген көптүк кошулмасынан түзүлгөн” – деп жазган, мунун мааниси кырк уруулар деген болсо керек деп жоромолдойт.

Ал эми, татар окумуштуусу Тенешишев болсо “кыргыз” деген сөз “кырк” жана “кыз” деген уңгу сөздөрдүн кошулмасынан келип чыккан деп жазган.

Тил изилдөөчү Дунвинйи өзүнүн “Кыргыз деген аталманын мааниси” деген макаласында жогорку “кырк – жүз”, “кырк – из”, “кырк – кыз” деген аныктамаларга макул болбой, анын тескерисинче, “кыргыз” деген сөз кыргыз тилиндеги “кырк-аз” деген сөздөн келип чыккан, “аз” деген сөз болсо байыркы кыргызча “баатыр”, “ак көңүл”, “сулуу” деген сөз болот. “Ал эми кырк -аз” деген сөз болсо “кайраткер, ак көңүл”, “жакшы кылыктуу”, “акылы кылды кырк жарган” деген мааниде. Кийинче түрк тилдеринин ассимиляция заңы боюнча “аз” деген сөз “из” деген сөзгө, “кырк – аз” деген сөз “кырк – изге” өзгөрүп калган” деп жазат.

Жалпылай айтканда, “кыргыз” деген сөздүн мааниси жана анын келип чыккандыгы жөнүндө азырча жогоркудай жазма материалдар бар, бирок бул жазма материалдардын кайсы бири чындыкка жакын экендиги жөнүндө так бүгүнкү күндүн өзүндө да токтолгон аныктама жок.

Рахатбек РЫСАЛИЕВ

Айбат гезити №97



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru