Айбат » Зайнидин Курманов: “Кыргызстанда оппозиция жок болгондуктан бизде Евромайдан болушу мүмкүн эмес”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Зайнидин Курманов: “Кыргызстанда оппозиция жок болгондуктан бизде Евромайдан болушу мүмкүн эмес”

Зайнидин КурмановБүгүн борбор шаарыбыздагы маалымат агенттиктеринин биринде “Украина сценарийи Кыргызстанда болушу мүмкүнбү?” деген темада тегерек стол болуп өттү. Анда КРСУ профессору, эксперт Зайнидин Курманов “Украина сценарийи Кыргызстанда болушу да мүмкүн, болбошу да мүмкүн” деп билдирди.

Анын айтымында бул суроого эки тараптуу жооп берүүгө болот. Бардыгы бийлик мамлекетти кандай башкараарынан жана учурдагы саясый процесстерге кандай мамиле жасаарынан көз каранды. “Башкаруу бизде анча жакшы эмес, муну моюнга алуу керек. Бардыгы реформалар кандай болорунан көз каранды. Бажы союзуна кирүүнү кандайча жеңип чыгабыз жана ага байланыштуу баалардын жана тарифтердин өсүшүн кандайча көзөмөлдөй аларыбыздан көз каранды. Украина майданына каршы турууга украина майданынын өзү мисал болуп бере алат жана өзүбүздүн башыбыздан өткөн тажрыйба. Бийликти гана алмаштырып коюу жетишсиз экендигин, системаны алмаштыруу керек экендигин түшүндүк. Бизде президенттер алмашты, бирок бийлик элдин муктаждыктарына керең боюнча калып келди. Бардыгы жакынкы убактарда бийлик кандайча элдин суктаждыктарына көңүл буруп, өзүнүн жарандарына кам көрөрүнөн көз каранды. Евромайдандын бизде кайталанышынын мүмкүн эмес экендигине дагы бир себеп – бизде оппозициянын жоктугу. Акыркы революциядан кийин бардык оппозиция бийликке өтүп кетти. Азыркы тапта оппозицияда кимдер калса, аларда жетишээрлик харизма жок, же тажрыйбалары жетишпейт” деп белгиледи Зайнидин Курманов.

Ал мындан сырткары Кыргызстандагы коомчулук салттуу боюнча калып, ал эми мамлекет алсыз болуп жатканын кошумчалады. “Мына ушунун бардыгы белгилүү бир деңгээлде көкүрөк өйүп турат. Өкмөт биздин Бажы союзуна кирүүбүздөнү артыкчылыктар жана кемчиликтер кандай боло тургандыгын түшүнүктүү кылып айта албады. Акыркы – төңкөрүштөр жана ар түрдүү революциялар эл жана улуттар бар жердеги коомчулукта мүмкүн эмес, ал эми кайсыл жерде жоон топ бар болсо мүмкүн. Кыргызстанда инсандарды тарбиялап чыгаруу жаатынан олуттуу аракет кылышкан эмес” деп белгиледи ал.

Айбат гезити №98




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru